Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

"Сотту күтүп, саргайып, соолуп жаткандар да абактарда көп"


Сотторго нааразылык.
Сотторго нааразылык.

Бүгүн “Фабула”, “Де-факто”, “Супер инфо”, “Жаңы ордо”, “Вечерний Бишкек”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери жарык көрдү.

“Жаңы ордо” гезити “Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстан ГКНБсынын агентиби?” деген суроо менен жаңы санын ачты. “Бирдиктүү Тажикстан” оппозициялык элдик кыймылынын кабарчысы Шабнами Собиринин ырасташынча, Тажик коопсуздук кызматынын чалгынчысы Зоир Мирзоев “Кыргызстандын Баткен областынын Ички иштер бөлүмүнүн БПЭК (экономикалык кылмыштарга жана жана коррпуцияга каршы күрөшүү) тобунун Баткен районундагы оперуполномоченныйы Разаков Жеңишти вербовать этип (кызматташууга мажбурлап) алгандыгы менен артыкчылык көрсөткөн. Ал бул кезде Согдий областынын Исфара районунда жашы жете элек жеңил ойлуу тажик кыздары менен эс алып жүргөн болчу. Ж. Разаков акчалай төлөмдөр үчүн тажик тарапка жашыруун чалгын маалыматтарын 2000 – 2010-жылдары такай берип турган”.

Макала авторунун маалымдашынча, “2011-жылы Ж. Разаков Кыргызстан Ички иштер министрлигинин чиновниктерине тажик чалгынчыларынан алган 50 миң долларды берип, Баткен областтык ички иштер бөлүмүн жетектеп калат. 2016-жылы Тажикстан ГКНБсынын “агенти” Президент А. Атамбаевдин жакын чөйрөсүндөгү адамга 200 миң доллар пара берип, Кыргызстандын вице-премьери болуп калат”,- деп жазат Шабнами Собири.

“Жеңиш Разаков тажик чалгынчысыбы?” суроосуна бүгүнкү “Фабула” гезити да кайрылган. “Мына бүгүн кошуналар биздин агентибиз деген вице-премьер-министрди ачык эле атап жатат” деп маалымдайт “Фабула” гезити.

Ушул эле басылма Кыргыз улуттук илимдер академиясындагы жагдайга байланыштуу “Академияда абал жакшы эмес, институт жетекчилери Абдыганы Эркебаевге нааразы” деген аталышта биртоп илимпоздордун пикирине орун берди. Окумуштуу Кадырбек Сакиев айрым институттар туура эмес бириктирилгенин айтса, профессор Мустафа Кидибаев институттарды бириктириштен мурда артыкбаш лабораторияларды жоюп, реформаны төмөнтөн башташ керек болчу деген пикирде.

“Де-факто” гезитинде Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Кызматтан кеткенден кийин бизнес менен алектенишим мүмкүн” деп маек берсе, Аман Иманалиев “Улуттук коопсуздук... кайсы жерде кандай маселе?” деген макаласында чек ара, диндин радикалдашып баратышына көңул бурган. Ушул эле гезиттеги маегинде парламент депутаты Максат Сабиров бажы биримдигине шашып кирип, учурда тамак-аш кымбаттап, баарынан өкүнүчтүүсү, коррупция коом турмушуна бекем тамырлап жатканына токтолгон. Эл өкүлү жемкорлуктун бала төрөлгөндөн эр жеткенге чейин коштоп аларын, жалаң акча бермей менен эрезеге жеткен улан билим аларын, андан кийин иши жок көчөдө каларын, жаштарга камкордук көрүлбөй мамлекеттин баам сыртында калганын, сырттан иш издеп кеткендердин арасынан жылына 300гө жакын табыты келерин айтып, мамлекет ушул маселелерди чечүүгө милдеттүү экенин билдирген.

“Де-факто” гезити да бүгүнкү басылмалардагы өтүмдүү тема -Улуттук илимдер академиясындагы реформаларга токтолуп, Биология топурак таануу институтунун жамаатынын “Илимий институтту жоготуп коюу оңой, кайра калыбына келтирүү кыйын” деген кайрылуусун басты.

“Жаңы ордо” гезитиндеги мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовдун маеги “Өмүрбек Чиркешович, Жогорку Кеңешке ушул курам менен барсаңыз сизди жалгыз кууруп жейт” – дегенбиз. Айткандай эле жалгыз кууруп жеп жатышат” деп аталат. Ушул эле гезитте Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков “Өпкөмдүн үзүлөөрүн, эл алдында жоопко тартылаарымды белгилеп кетишти” деп маек берген. Басылмада кызматтан кызматка секирик жасаган, жакында Жалал-Абад облусунун жетекчиси болуп дайындалган Кыянбек Сатыбалдиев тууралуу пикирлер топтому да жарыяланды.

“Супер инфо” гезити айтылуу обончу, актер Нуркан Турсунбаевдин “Ай баратат” деген ырды Таттыбүбүгө туулган күнүнө белек кылгам” эскерүүсүн, президенттикке ат салышчулардын рейтинги тууралуу маалыматты жарыялады.

Улуттук илимдер академиясындагы реформаларга “Вечерний Бишкек” гезити да кайрылып, “Крылов чоң ата таңданчудай” деген аталышта өзгөртүүлөр боюнча окумуштуулардын пикирлерин басты.

“Эркин тоо” гезитинде ЭлТР телеканалынын башкы директору Айбек Мусаевдин “Бизде аз айлыкка чыдаган жалаң патриоттор иштешет”, тарыхчы археолог Кубат Табалдиевдин “Археологиялык табылгалар тарыхты тактоого көмөк берет” деген маеги, Кабылбек Байтемировдун “Төгөрөгү төп келген шайлоо болбойт турбайбы” деген макаласы жарыяланды.

Референдумга чукул калганда чыккан “Кыргыз туусу” гезитиндеги Болотбек Таштаналиевдин “Конституцияга өзгөртүүлөр – бир кадам артка, он кадам алдыга” деген макаласында реформа эң туура, учурунда жасалып жатканы тууралуу кеп болот. Ушул эле гезитте Кыргызстан акыйкатчысы Кубат Оторбаев бир жыл ичинде жасалган жумуштарга токтолуп: “Дагы бир жүрөк ооруткан иш – соттордун акыйкатсыз чечимдери. Сотту күтүп, саргайып, соолуп жаткандар да абактарда көп. Сот ишинин ыксыз создуктурулушу, соттун өз убагында башталбаганы, судьялардын кайра-кайра алмашуусу, бир эле убакта судьянын бир нече ишти бир саатка белгилеп алып, тараптарды саргайта күттүргөнү, 1-, 2-инстанциялар адилет чечим чыгарса, 3-инстанция мыйзамсыз, негизсиз, теңирден тескери чечимдерди чыгарганы – ушулар элди ыйлатып, бечара кылып, муңга бөлөп, кыжырды кайнатып, бийликке муштум кезетип жаткан кези”,- деп жазат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG