Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Бийлик кумары: Ырлар


Калык Ибраимов
Калык Ибраимов

Таанымал кыргыз адабиятчысы, сынчысы Калык Ибраимов жаңы ырлар шиңгилин сунуштайт.

Азыр алдыда бийлик түрүн тандоо (референдум), президенттик шайлоо деген өнөктүктөр турат. Анын шаӊында калкыбыз “коронавирус” пандемиясы дегенди деле унутуп, шатыра-шатман той-топуруна жана жыйындарына кайра киришип алгандай.

Ушундай кырдаалда босогодон кирип келген жаӊы жылга карата элибизге каалоо-тилек иретинде ушул темадагы ырларымды сунуш кылам.

* * * * * * *

Бийлик кумары

Бийлигиӊ – баш кошушкан аялыӊдай,

Аны сен эч ким менен бөлүшпөйсүӊ.

Дөөлөттүн туу чокусу опурталдуу,

Ага сен оӊой менен жетишпейсиӊ.

*** *** *** *** ***

Көрө албай туу чокуга жеткениӊди,

Тагыӊды талашкандар көп болушат.

жалгызсыӊ, жаза тайсаӊ кадамыӊдан,

Сени алар баса калып жеп коюшат.

*** *** *** *** ***

Такты бир, дөөлөтүӊ бир, өзүӊ да бир.

Аларды ажыратып бөлө албайсыӊ.

Кечээги жоро-жолдош, дос-жарлардан -

Алыстап, көпкө дейре көнө албайсыӊ.

*** *** *** *** ***

А бирок арга канча, бийлик деген –

Жытыгып жыты сиӊет жакыныӊдай...

Сен андан кете албайсыӊ, ал да кетпейт,

Кызганчаак, кылыгы күч катыныӊдай...

* * * * * * *

Ак шоокум

Кудайга да, шайтанга да ишенбес,

Эс оодарган эчен кыйын күн болду.

Бизди куурал бу турмушка туш кылган,

Жаратканбы, азезилби, – ким болду?..

*** *** *** *** ***

Бирок, кандай каатчылык болсо да,

Мен ишенем бул жашоодо бир гана –

Өз өлкөмө, өз калкыма, Мекенге,

Андан башка болбойт мага – Нирвана.

*** *** *** *** ***

Эли-журтум адилдик деп азап жеп,

Канча шорду өз башынан кечирди.

Ошолорду көргөн сайын негедир –

Көрөм мен да автопортретимди...

* * * * * * *

Маскарад-шайлоо

Калайык калкыбызда какшык менен

“жепутат” атка конгон бир топ “берен”

Шайлоого аттанышты канча жолу –

капчыкта акча кенен, акча белен.

*** *** *** *** ***

Адам-зат акчалууга кул экенин,

акчасыз аракетиӊ кур экенин.

Шайлоодо электорат-элден мурда,

эӊ обол чечүүчү күч - пул экенин:

*** *** *** *** ***

эӊ сонун билгени үчүн, масхалатка –

жамынып жаштар деген “жаш канатка”

карт бөрү “жепутаттар” ат салышып,

жөнөшөт “Шайлоо” аттуу маскарадка.

*** *** *** *** ***

Аныгы айдан ачык – бул жарышта

киши эмес, чындыгында, пул - жарышта.

Калайык мындай жалган шайлоолорго,

ишембейт, көнүп калган кур калышка.

*** *** *** *** ***

Айланбай ашка жетпес ачка жанга,

байланбай кара курсак ашказанга -

Кыргыз эл бар болсо экен түбөлүктө,

кор болбой маскарапоз маскачанга.

Пандемия

Ааламга кан айлантып, жан салган материя -

жаралганы бактерия, микроб, вирустардан.

Оожалып жашоо-турмуш огожо гумустардан,

туу чоку Олимпинде адамзат туруп калган.

*** *** *** *** *** *** ***

Бүр алып бир клетка-амёбадан урук-заты,

буралып өөрчүй берген өлөрман клеткасы.

Канында кайнагандан жайнаган микрозат,

ошондон татаалдаган табигый генетикасы.

*** *** *** *** *** *** ***

Ал жашайт ыбырсыган микро-ааламында,

сыр эмес азыр ага “генетикалык коду” дагы.

А бирок “Ковид”деген вирустун апаатында,

Үйдөн чыкпай бүрүштү го үлүлдөй кутудагы.

*** *** *** *** *** *** ***

Демек, адам кудуреттүү демиург-кудай эмес.

Ал макулук кулпенде - табигат жасап койгон.

Кокус “Ковид” же да бир дабаасыз микробдон,

кутула албай жер жазданат жасат бойдон.

*** *** *** *** *** *** ***

Жаралгандан канына кошо бүткөн адатыбы,

Адамзаты негедир арыла албайт уруштардан.

Жан дүйнөсүн аруулап, тазартпаса айланасын -

Жаратылыш өч алат, тумоо жайып вирустардан.

* * * * * * *

“Ковид” кошогу

Күлдү адамзат эч капарсыз күтүнбөй

турган кезде Жердин жүзүн бүтүндөй

“Ковид” деген тумоо каптап, канчалар –

тумчугушту не болгонун түшүнбөй.

*** *** *** *** *** ***

Адамзаттан жадаганда Жараткан –

жазыгына туш кылдыбы бу күндү?

Айтор апаат жоо чапкандай кыйратты,

аяган жок алсызды да, “кыйынды”.

*** *** *** *** *** ***

Карайлашып канчалаган калайык,

тагдырлары “Ковид” менен байланды.

Таажы вирус тажаал менен алышуу –

Адамзаттык алааматка айланды.

*** *** *** *** *** ***

Ким биле алат, оо боорлош туугандар!

Эртеӊ тагдыр кандай болуп каланат?

Азырынча ар бирибиз шон үчүн –

бирибизге бирибизбиз аманат...

* * * * * * *

Тирүүлүккө тилек

Оомал-төкмөл, өзгөрүлөт бу дүйнө.

Анда, сөзсүз, жоготуулар көп болот.

Ошентсе да абийириӊден айрылба,

Ансыз сенин адамдыгыӊ жок болот.

*** *** *** *** ***

Опоосу жок, оодарылат дүнүйө,

Сөз жок, анда унутуулар көп болот.

Бирок ыйык парызыӊды унутсаӊ –

Ата-энеӊ да, Мекениӊ да жок болот.

*** *** *** *** ***

Берээриӊин баарын бергин, аяба.

Сараӊ болуп, көӊүлдөрдү калтырба.

Бирок дагы, бирок дагы эч качан –

Намысыӊды, намысыӊды алдырба!

*** *** *** *** ***

Бийиктерге жетпедим деп кейибе,

Жашоо - арман, акырында кетесиӊ.

бийиктердин эӊ бийиги, ошондо–

өз өмүрүӊ экендигин сезесиӊ...

Калык Ибраимов,

адабиятчы, сынчы, философия илимдеринин кандидаты.

XS
SM
MD
LG