Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

Раев: Ыйманы таза адам дүйнөнү сактай алат


Султан Раев.
Султан Раев.

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раев жакында жарык көргөн “Топон” аттуу китеби, анын башка чыгармаларынан айырмасы жана окшоштугу, келечекте чыга турган эмгектери, жаңы коюла турган спектаклдери тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Султан агай, "Топон" китебиңиз буга чейин "Ала-Тоо" журналында басылып чыккан. Бирок кеңири окурмандарга жете элек эле. Чыгарма эмне жөнүндө? Кайсы маселе козголгон?

Султан Раев: “Топон” аталышындагы китептин ичине “Топон” романы жана “Кашаба” повести кирди. Роман 2015-жылы “Ала-Тоо” журналына толук басылып чыккан.

Ал эми “Кашаба” китеп болуп биринчи жолу басылып чыгып жатат. Роман негизи азыркы дүйнөдөгү эң орчундуу нерсе - адамдын жан дүйнөсү, ыйман маселеси туурасында. Муну икая-роман десе да болот, икая формасында жазылган.

Анын негизги фабуласы 1999-жылдагы топон суу жөнүндө айтылат. Фантастикалык, өтмө мааниси бар. Топондон тирүү калган бир үй-бүлөнүн мисалы. Нук пайгамбардын таржымалына окшошуп кетет. Бүгүнкү цивилизацияны, бүгүнкү жетишкендикти, бүгүнкү инновацияны көргөн адамдар жалгыз аралда калып калат. Алар ошол жерде мындан адам болобу же болбойбу деген суроого байланыштуу болуп калды.

Мен адамзаттын болочок тагдыры кандай болот деген суроону коюп жатам. Бул глобалдык маселе. Бул жерде өтмө маани, метафора, каймана маани бар. Романда айта турган негизги лейтмотив - азыркы табигый катаклизм, топон суу, кыйроо эмес, адамдын жан дүйнөсү жана анын ыйманыңдагы топон. Адам ыйманы менен гана өзүн жана дүйнөнү сактап калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Айрым сынчылар “Топонду” “Жанжаза” романы менен да окшоштуруп, ошонун уландысы катары жазылгандай кабыл алганын айтып жүрүшөт? Экөөнүн кандай айырмасы, окшоштугу бар?

Адабият эч качан окурманды ээрчибеш керек, кайра азыркы татаал дүйнөдө татаал карама-каршылыктарга карабастан аларды ээрчитиш керек.

Султан Раев: Жазуу манерасы, көркөм-эсетикалык жагынан экөөнүн үндөштүгү, жакындыгы бардыр. Бирок экөө бири-бирине жакындашпайт. “Жанжаза” деле адамдын жан дүйнөсү жөнүндө жазылган да. Бул жерде дагы адамдын көкүрөгү жөнүндө, бирок экөө эки башка кырдаалда, эки башка мейкиндикте өнүгөт. Формалык, мазмундук жагынан салыштырууга болбойт.

"Окурмандарга кабыл алууга өтө татаал болушу мүмкүн" дегендей айтышат. Адабият эч качан окурманды ээрчибеш керек, кайра азыркы татаал дүйнөдө татаал карама-каршылыктарга карабастан аларды ээрчитиш керек. Адабияттын миссиясы кайсы кылым, кайсы доор болбосун адамдын көкүрөгүн тазартууга, рухун агартууга багытталган. Азыр китеп миң эле нуска менен чыкты.

“Азаттык”: “Кашаба” повести деле ушундай мазмунда жазылган чыгармабы?

Султан Раев: “Кашабада” бир карышкыр жөнүндө, карышкырдын тагдыры жөнүндө. Кыргыздар карышкырды көкөлөтүп, өзгөчө ат берген. Аюуну өтөгөн дейт го, карышкырды кашаба деген. Карышкырдын сырттандыгын баалаган кыргыздар. Элибизде бул тотемдик жаныбар, ага өзгөчө сый болгон. Карышкыр менен кошо эле адамдын психологиясы, карышкыр-адам же адам-карышкыр жөнүндө жазылган философиялык повесть десем болот.

“Азаттык”: Сиздин кийинки чыга турган китебиңиз, чыгармаңыз эмне тууралуу болот?

Орустарда шаардык проза деп коёт, кыргыз улуттук адабиятында ошол нерсе жок. Шаардын өзүнүн нукура турмушу бар, шаар өзү руханий мегаполис.

Султан Раев: Чынын айтканда менин чыга элек чыгармаларым абдан көп. Көлөмдүү аңгемелер жыйнагым турат. Өзүңүз билгендей, мен драматургмун. Бирок бир дагы драма китебим каражаттын айынан чыкпай турат.

Жакында эле “Шаар” деген повестти бүттүм. Орустарда "шаардык проза" деп коёт, кыргыз улуттук адабиятында ошол нерсе жок. Шаардын өзүнүн нукура турмушу бар, шаар өзү руханий мегаполис.

Бизде шаардык дүйнөтааным калыптана элек. 20-30 жыл шаарда жашап жатабыз деп ойлойбуз, бирок шаардын тагдыры, анын дүйнөсү таптакыр башка. Ошондуктан шаар темасын, андагы жашоону, Конституцияны, психологиялык өзгөчөлүктөрдү камтыдым.

Мындан сырткары бизде чоң, өзгөчө таланттарыбыз бар. Драмалык актрисалар бар. Ошолорго арнап пьеса жазып жатам. Мисалы мен Гүлайым Каниметова, Жамиля Сыдыкбаева менен иштешүүнү каалайм. Ушулардын жан дүйнөсүнө, образына жакын пьеса жазып жатам.

Р.S: Өткөн жылы “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында конкурска катышкан 200дөн ашуун ири прозанын (повесть, роман) арасында баш байгени жеңип, Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы адабий сыйлыкка татыган.

Китеп англис, орус тилинде да чыгарылат. Китептин баш сөзүн философия илимдеринин кандидаты, белгилүү сынчы Калык Ибраимов жазды.

Раев: Элита оюн айтпаса, коом быкшып кетет
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:53 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG