Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Чек арадан өткөндөр азайды


Казакстандан бери өткөндөрдү күтүп турган адамдар. 8-февраль, 2020-жыл.
Казакстандан бери өткөндөрдү күтүп турган адамдар. 8-февраль, 2020-жыл.

Кордайда өзгөчө кырдаал жарыяланды, чыр-чатак учурунда каза тапкандардын саны онго жетти.

Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек ара бекеттерине барган “Азаттыктын” кабарчыларынын айтымында, 9-февралда Казакстандан Кыргызстанга өткөн адамдардын саны ишембиге караганда азайганы байкалууда.

Ал эми Чек ара кызматы Кыргызстандан Казакстанга кайткандардын саны көбөйгөнүн жарыялады.

Ысык-Ата районунун бир нече айылына акыркы бир күндө Казакстандан 4000дей адам келип, туугандарына жайгашкан.

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараевдин айтымында, Кыргызстандын аймагына өткөндөр Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң, Ивановка, Арал айылдарындагы жакындары, туугандарынын үйүндө баш калкалап жатат.

“Казакстандан өткөндөрдү бул жактагы туугандары, тааныштары тосуп, алып кетип жатат. Учурда милиция кызматкерлери келгендердин санын тактоода. Биз жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, - деди Чоткараев.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Чүй облусунун аймагында жайгашкан шелтердик борборлор ачылганын, бирок ага эч ким кайрылбаганын айтты.

Чек арадагы абалга Кызыл Жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү көз салып турат. Аталган уюмдун өкүлү Азамат Баялинов муктаждык жаралса, жарандарды кабыл алуу борборлорун ачууга даяр экенин кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Токмок шаарына 17 казакстандык кайрылган. Акыркы маалымат боюнча, алардын алтоону казакстандык дарыгерлер өз өлкөсүнө алып кетти.

Кордайдан келгендердин айрымдары артка кайтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00

Кордайдан качкандар чек арадан өттү

Буга чейин кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булактар "Азаттык" радиосуна акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өткөнүн кабарлашкан.

Маалыматты атайын органдар тастыктай элек.

Мындан бир күн мурда “Азаттыктын” кабарчысы кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинде 200гө жакын адам топтолуп турганын, ар бир он мүнөттө бирден киши кыргыз тарапка өтүп жатканын билдирген.

Топтолгондордун көпчүлүгү Казакстандан туугандарын күтүп жаткан дунган тектүүлөр болгон. Алар Казакстандан бери өткөндөр үчүн ысык тамак уюштурушкан.

Казакстандан бери өткөндөр үчүн ысык тамак уюштурулду. 8-февраль, 2020-жыл
Казакстандан бери өткөндөр үчүн ысык тамак уюштурулду. 8-февраль, 2020-жыл

Күбөлөр "Азаттыктын" кабарчысына Казакстандын аймагында бир топ адамдар топтолуп турганын айтышкан.

Чек ара кызматы болсо топтолгондор адегенде коронавируска текшерилип, тепловизордон өткөндөн кийин гана өлкөгө киргизилип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендердин көбү аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

Казакстандан Кыргызстанды көздөй агылган адамдардын саны көбөйгөнү айтылганы менен Чек ара кызматы алардын саны тууралуу маалымат бере элек.

Аталган мекеменин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева буга чейин айрым өткөрмө бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын белгилеген.

«Токмок, "Кең-Булуң", "Акжол", "Ак-Тилек" өткөрмө бекеттеринде күчөтүлгөн режимге өтүштү. Бул өлкө менен чектешкен калган бекеттер кадимки режимде иштеп жатат». ​

"Кең-Булуң" өткөрмө бекетинде топтолгон эл. Сүрөттү басып, Фотобаянды толук көрсөңүз болот.

Кордай районундагы башаламандыктан соң Кыргызстандын Токмок шаардык ооруканасына 18 адам кайрылганы маалым болду.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кайрылгандардын 17си казакстандык, бирөө кыргызстандык экенин кабарлады.

Учурда 10 адам ооруканага жаткырылды. Алардын сегизи Токмок шаардык ооруканасында болсо, экөө Бишкекке жөнөтүлдү. Абалдары орто деп бааланууда. Калгандары алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң кое берилген.

Кордайдагы чыр, чек арадагы кезек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

Сегиз адамдын өмүрүн алган чыр

Казакстандын Кордай районундагы бир нече айылдагы чыккан башаламандыктан соң райондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мындай чечимге Жамбул облусунун акими Аскар Мырзахметов кол койгон.

“Жамбыл облусунун Кордай районунун аймагында 2020-жылдын 8-февралы саат 21.00дөн тарта техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыялансын”, - деп айтылат акимдин чечиминде.

Ишембиге караган түнү Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогону жараат алган.

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургымбаевдин айтымында, эки полиция кызматкери октон жараат алган. 30дан ашуун турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Кырдаалды курчутууга шек саналып 47 адам кармалып, алардан эки аңчылык мылтыгы алынган.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече айылда орун алган тургундар ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген.

Казак президенти каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, учурда аймактагы абал полиция жана Улуттук Гвардиянын көзөмөлүндө экенин билдирген.

Токаевдин буйругу боюнча жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.

"Кордай районунда бейбаштык өңүттөгү жапырт мушташ болду. Аны чагымчылар өз пайдасына пайдаланууну көздөгөн. Полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат" деп жазды казак президенти "Твиттердеги" баракчасына.

7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сортөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Казакстандын бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ жайгашкан.

Чатак орун алган айылга барган “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары Масанчи айылында бир нече имарат өрттөнүп кеткенин кабарлашты.

Алардын арасында ашкана, дүкөн жана автоунаалар бар. Маалыматка ылайык, 8-февралга караган түнү полиция аталган аймакка эч кимди киргизген эмес.

Масанчидеги кырдаал

Казакстандын укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек.

"Азаттыктын" казак кызматынын жазганына караганда, Кордайдагы массалык мушташка байланыштуу полиция учурда териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG