Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Жаштар жана жигердүүлүк


"Жаштар - зомбулукка каршы" жыйынында. Бишкек. 2020-жылдын 10-марты.
"Жаштар - зомбулукка каршы" жыйынында. Бишкек. 2020-жылдын 10-марты.

Кыргызстандагы жаштардын күрдөөлдүү турмушу алардын жарандык турумун билдирүүсүнө тоскоолдук жаратышы керекпи?  Жалаң гана саясат менен чектелүү туурабы? Адил Какенов өзүнүн блогунда дал ушул көйгөйгө карата жеке пикирин билдирет.


Коомубузда "күзгү" адамдардын болгондугу, алардын биздин чөйрөдө жашап жаткандыгы, албетте, жалпы эл үчүн жакшы нерсе. Себеби андай адамдар жалпы коомчулук үчүн күзгүнүн милдетин аткарат, кишилер ошол адамга карап түздөнүшөт.


Ушул күндөрдө "Күзгү" адамдар абдан көп, бирок жаштардын "көбүнчөсүнүн" көздөрүн туман басып, бирөө жакшы сүйлөп койсо, ал адамга ишенип, сөздүн чын- төгүнүн билбей эле, ооп, ээрчип кете бермейди адатка айландырып алышты.

Айрым жаштар " ээрчиме" , анан калса "оома" болуп баратышат. Балким мындай нерселердин болуп жаткандыгы жан-дүйнөлөрдүн жакырданып бара жатканынын да белгиси болушу мүмкүн. Аталарыбыз Чыңгыз Айтматовду, анын чыгармаларындагы оң каармандарды, кыргыздын "генийлерин" ээрчишчү эмес беле...


Азыр болсо, ээрчисек Жек Ма, Илон Маскты ээрчип калдык... Алардын канча байлыгы бар, үй-бүлө мүчөлөрү, айдаган унааларынан бери жазбай билебиз. А бирок ошол эле учурда атын сураса, атын айта албаган, мекенин билбеген, тилин унуткандар да аз эмес да.

Кечээ Чыңгыз Айтматов: "Адам, Маданият, Табият – ушул үч интеграциялык топ бузулса, адамдын башына кыяматтын келгени – ошол", – деп айтып кеткени эстен чыктыбы?.. Бул үч улуу баалуулукту жоготкон адамды акыл-эсинен ажыраган сөлөкөт деп да айтпады беле. Орой айтканда, "манкурт".


Алыска барбайын, өз өлкөбүздөгү абалга көз чаптыралы. Айрым жаштар биздин мамлекеттин ичиндеги адабиятчыларды эмес, саясатчыларды ээрчип калышты.

Жеке бир партиянын же бир саясатчынын куралына айланып, ал адамды алга сүрөп, өзүлөрү төмөнгө кетип жаткандары менен деле иши жок. Сүйлөгөнү – саясат. Бирок чындап саясат чөйрөсүн түшүнүшөбү, мыйзамдарды билишеби, – бул башка маселе. "Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болуп жатат бул жагы.

Кээ бир саясатчылар упай топтоп, а фанаттары убакытын бекер текке кетиришүүдө. Анан дагы эки жаат болуп алышып, бул саясатчы мыкты, сен колдогон саясатчы андай эмес ж.б дегендерин көргөндө, же күлө албай, же ыйлай албай каласың.


Эмне пайда таап жатышат? Жеке жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деп илгеркилер туура айтышкан экен.

Ал эми азыркы тапта жыгач уста темир ширетет. Мектептерде химик мугалим кыргыз тили сабагынан сабак берет. Бешиктен бели чыга электер, балдар, окуучулар, студенттер жалаң саясатты сүйлөп чектелбестен, өз милдетин - окууну биринчи орунга коюусу зарыл деп ойлойм...

Ар ким өз ордун билип, өз тармагын алга сүрөсө, кандай гана сонун болор эле. Тилекке каршы, кээде өз кемчилигибизди көңүлгө албастан, ар кимдин ишине кийлигише берип, азыркы абалга келип отурабыз.

Адил Какенов.
Адил Какенов.


Биз, студенттер, курулай саясатты сүйлөбөй, илим-билимди, жаңы технологиялык бийиктиктерди өздөштүрүүнү көбүрөөк сүйлөйлү. Колдон келген, тиш өткөн, өзүбүздүн тармакты адис катары өнүктүрүүгө даяр бололу. Бир саясатчынын курмандыгына айланбай, ордубузду үйрөнөлү...

Албетте, жаран катары турмуштун бардык өңүттөрүн, анын ичинде саясий турмушту да өз алдыбызча ылгап үйрөнүшүбүз, жалпы коомдук таламдарды өз алдыбызча аныктап билишибиз дагы кажет деңизчи...

Адил Какенов,
студент, блогер.

Ред.:
Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG