Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Апта: Вирус коркунучу, Кой-Таш иши


Өпкөнү сезгенткен жаңы вирус дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө катталды.
Өпкөнү сезгенткен жаңы вирус дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө катталды.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (24-февраль - 1-март)

Өкмөт шайма-шайбы?

Кыргызстан бул аптада коронавирус коркунучунан улам бир катар сактык чараларын кабыл алды. Илдеттин алдын алуу боюнча республикалык штаб 28-февралда жыйын өткөрдү. Анда ооругандар эң көп катталган жана вирус тез тарап жаткан беш өлкөдөн, тактап айтканда Кытай, Иран, Италия, Жапония жана Түштүк Кореядан жарандардын келишине 1-марттан тарта убактылуу тыюу салынды. Ошондой эле кыргызстандыктар илдетке кабылгандар көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтө алышпайт.

Кыргыз өкмөтү 1-марттан тарта чек арадан ID-карт менен убактылуу өткөрбөй турганын маалымдады. Анда «Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды», - деп айтылат.

Ошондой эле штаб кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолак болууга жана жеке гигиенаны сактоого үндөдү.

Мунун алдында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкекте басма сөз жыйынында мечиттерде жума намазга келген адамдардын санын азайтууга чакырган. Ал буга байланыштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтиятка кайрылганы белгилүү болду.

«Биз намазга тыюу салууну эмес, ага катышкан адамдардын санын азайта турууну суранып жатабыз. Мен намазды үйдөн окуса деле болот деп ойлойм», - деди министр.

Космосбек Чолпонбаев жарандарга той-топур, аш-маараке өткөрбөй турууну да сунуштады. Анын билдиришинче, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу 900дөн ашуун адам текшерилип, анализдери таза чыккан. Ал коомчулукту такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө, дүрбөлөң түшпөөгө чакырды. Жагдай боюнча өзү керт башы менен жооп бере турганын белгиледи:

Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

«Биз текшерүүдөн чыккан ар бир Кыргызстандын жараны болобу, Кытайдын жараны болобу, баарынын колуна »бул кишилер 14 күндүк карантинде болду, медициналык текшерүүдөн өттү» деген тиешелүү кагаздарды берип жатабыз. Мындай жагдайда аныкталган маалыматтарды таратсак жакшы болот эле. Биз ага дайым даярбыз. Ошон үчүн штаб иштеп жатат. Элди дүрбөлөңгө салуу туура эмес. Биз Саламаттык сактоо министрлиги баштаган бардык мамлекеттик органдар колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Мен саламаттык сактоо министри катары коронавирусту киргизбегенге, алдын алууга жеке керт башым менен жооп берем. Ошондуктан биздин дарыгерлер текшерүү жайларында 24 саат бою уктабай, үй-бүлөсүн таштап коюп отурушат».

Жогорку Кеңеште 26-февралда өкмөт коронавируска байланыштуу маалымат берген. Анда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова чукул чаралар көрүлүп жатат деп ынандырганга аракет кылган:

«Чек ара өткөрмө бекетинде 22 санитардык карантиндик пункт ачылган. Обсервация үчүн 964 орун даярдалды. Учурда стационардык шартта 158 адам медициналык байкоодо турат. 28-январдан бери Кытайдан 1083 адам келди, анын 415и кытай жараны».


Экономика министри Санжар Муканбетов кыргыз өкмөтү соода-сатыктын башка жолдорун караштыра баштаганын билдирген. Анын айтымында, ишкерликти коргоо максатында атайын программа даярдалып жатат.

«Индияны, Пакистанды, Индонезияны, Түштүк Кореяны, Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Бириккен Араб Эмираттарын альтернатива катары караштырып жатабыз. Мартта Түркия менен чоң жармаңке өткөнү турат. Импорттун ордун толтурууну ошол жакка жылдыруу боюнча элчиликтерге тапшырма бердик. Негизинен синтетикалык кездеме Кытайдан эле чыгат экен. Өкмөт программа даярдап жатат», - деди Муканбетов.

Короновирус коркунучунан улам Кыргызстанда өтө турган эл аралык спорттук мелдештер кийинкиге калды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги бул иш-чаралардын так датасы кийинчерек аныкталарын маалымдады.

Ал арада Жапониянын Иокогама портунда февраль айынын башынан тарта бир канча күн бою карантинде турган «Diamond Princess» саякат кемесинде кыргызстандык жаран коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов бейтап ушул тушта Жапониядагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын жана абалы жакшы экенин кошумчалады.

Дүйнө вирус коркунучуна кептелди

Коронавирус Кытайдан башка дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө катталды. Бардыгы болуп оору 80 миңден ашуун кишиге жугуп, үч миңдей адам ажал тапты. Айрыкча Түштүк Корея, Италия жана Иранда жагдай опурталдуу болуп турат.

Соңку маалыматтарга ылайык, Сеул оорулардын саны боюнча Бээжинден кийинки экинчи орунга чыкты. Бул өлкөдө вирус 1700дөн ашык адамга жукту жана ондон ашык киши ажал тапты. Бейтаптардын көбү Сеулдун түштүк-чыгышында 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Тэгу шаарынын жашоочулары.

Вирус негизинен «Шинь-чонжи» диний сектасынын жолдоочуларынан улам жайылып кеткен. Ушул тушта бийлик аталган диний сектанын мүчөлөрүнүн баарын, тактап айтканда 210 миңдей адамды текшерип атат. Тэгу шаарынын жетекчилиги «Шинь-чонжинин» лидерлери жолдоочуларынын аты-жөнү, дареги тууралуу маалыматтарды толук бербей жаткандыктан аларга айып тагылышы ыктымал экенин эскертти.

Аталган сектанын мурдагы жолдоочусу Ан Со Йоң азыр бул шаарда ооруганын жашырууга аракет кылгандарды табууга коомчулук жапырт жардам берип жатканын айтты:

«Саламаттык сактоо органдары 31-оорулууну издеп жатканы тууралуу маалымат келгенде, мен ата-энеме ал адам «Шинь-Чонжи» сектасынын мүчөсүнө окшош экенин айттым. Анан мен айткандай эле болуп чыкты. Баскан-турганын жашырып жүрүү - аталган сектанын маданияты. Мен ушундан улам ал «Шинь-Чонжи» сектасынын мүчөсү экенин билдим».

Вашингтон менен Сеул коронавирус коркунучунан улам март айына белгиленген биргелешкен аскердик машыгууну кийинкиге калтырды. Түштүк Кореяда америкалык 28,5 миң аскер жайгашкан. АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска каршы күрөшкө жооптуу кылып вице-президент Майк Пенсти дайындады. Буга чейин Вашингтон вируска каршы чараларды күчөтүү максатында Конгресстен 2,5 миллиард доллар сураган.

Италия Европадагы коронавирустун очогуна айланды. Бул өлкөдө 55 миңдей адам жашаган ондой шаарга карантин жарыяланды. Жалпы өлкө боюнча мектептер, коомдук жайлар убактылуу жабылып жатат жана эл көп катышуучу иш-чараларды уюштуруп-өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Италиянын түндүгүндө вируска кабылгандар эң көп катталган Ломбардия аймагынын губернатору Аттилио Фонтана карантин шарттарын сактай турганын айтты. Мунун алдында анын кеңсесиндеги бир кызматкер вирус жугузуп алганы белгилүү болгон. Аттилио Фонтана өзүнүн анализдери таза чыкканын айтып, тургундарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды:

«Мен албетте, өзүм үчүн жана кызматкерлерим үчүн кубанычтамын. Бирок бүгүнтөн баштап кайсы бир жагдайлар өзгөрөт. Мен өзүм санитардык мекемелердин сунуштарын аткарып, эки жума бою карантин шартында жашаганга аракет кылам. Эми мени жакынкы күндөрү беткапчан көрсөңөр чочулабагыла. Бул биринчи кезекте менин жанымдагы адамдардын, мени менен жашаган жана иштеген адамдардын коопсуздугун сактоо аракетим. Мен жалпыбыздын аракетибиз менен бир канча күн ичинде вирустун жайылышын басаңдатып, андан кийин токтото аларыбызга, бара-бара кадимки жашообузга кайтып келерибизге ишенем».

Умрага убактылуу тыюу салынды

Жакынкы Чыгышта коронавирус Иранда тез жайылып жатат. Анда оору жуккандардын саны 400гө чамалады жана 30дан ашык киши ажал тапты. IRNA маалымат агенттиги өлгөндөрдүн арасында Ирандын Ватикандагы мурдагы элчиси Хади Хосроушахи да бар экенин жазып чыкты. Ал анын алдында Тегерандагы ооруканалардын бирине жеткирилгени маалым болгон.

Вируска кабылгандардын арасында аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар, саламаттык сактоо министринин орун басары Ираж Харирши жана төрт депутат бар.

Тегеранда коронавирустан улам жума намазга чогулууга тыюу салынды. Ошондой эле иран бийлиги эпидемияга каршы чара көрүү аракетинде оору жуккан же ошондой шек жараткан адамдарга эки жакка саякаттоого тыюу салып, шииттердин ыйык жайларына зыяраттарды чектеди. Өкмөт эпидемия жайылган аймактарда мектептер дагы үч күн, университеттерди бир жума жабык болорун жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Иранда вирус жуктургандардын саны мындан алда канча көп болушу ыктымал экенин эскертти. Уюмдун баамында, Тегеран азырынча абалы өтө оорлор тууралуу гана маалымдап, каттап жатат.

Коронавирус коркунучунан улам Сауд Арабиясы 27-февралдан баштап бул өлкөгө кичи ажылык - умрага келе турган зыяратчыларды убактылуу киргизбей турганын кабарлады. Ошондой эле вирус катталган мамлекеттерден туристтердин келишине тыюу салды.

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башчысы Тедрос Гебреисус вируска каршы күрөш чечүүчү маалга келип жеткенин эскертти. Ал илдеттин алдын алууга начар даярдыктын, шалаакылыктын кесепети оор болорун айтты. Бардык өлкөлөрдү туура, керектүү чечимдерди кабыл алууга чакырды.


Кой-Таш окуялары тергелип бүттү

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы отурумду бир күн кийинкиге - 3-мартка жылдырды. Аталган сот буга байланыштуу түшүндүрмө бере элек, бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева муну камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын 2-марттагы нааразылык акциялары жана андан бийликтин чочулоосу менен байланыштырды.

Жолдубаева ошондой эле «Фейсбуктагы» баракчасына Атамбаев бул сотко катыша турганын жазды. Анда «мурдагы президент сотко катышып, мыйзамсыздыкка жана укук бузууга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болууну чечти» деп айтылат.

Апта башында Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп болуп, сотко өткөрүп берди. Башкы көзөмөлдөөчү органдын өкүлү Жоомарт Максатбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып тагылганын билдирди:

«25-февралда Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитти. Анын көчүрмөлөрү айып коюлуп жаткан 14 адамга жиберилди. Ушул эле күнү ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү».

Айып ошондо Алмазбек Атамбаевден сырткары анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовго, экс-депутат Равшан Жээнбековго, парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага, ошондой эле партиянын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Канат Сагымбаевге, Мээрбек Мискенбаевге, Фархат Баабиевге, Канат Осмоналиевге, Карыпбек уулу Рыспекке, Марат Шамановго, Капарбек уулу Ноорузга жана Асангелди Какебаевге тагылды.

Кундуз Жолдубаеванын айтымында, тергөөнүн корутундусу 490 барактан ашат.

«Биз иш менен толук таанышып бүттүк. 84 томдон турат экен. Айрым бөлүктөрүн купуя сыр кылып коюшуптур. Биз муну сот отурумдарын жабык өткөрүү аракети деп ойлоп жатабыз. Бирок биз соттун ачык өтүшүн талап кылабыз. Коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Алар бизге коюп жаткан ар бир айыпка конкреттүү жообубуз бар», - деди Жолдубаева.

Тергөөдө жалпысынан 40ка жакын факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрдү.

Буга чейин Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келген.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган. Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы боюнча Алмазбек Атамбаевдин иши да каралып жатат.

Идлиб согуш очогуна айланабы?

Сириянын Идлиб аймагындагы соңку жагдайга байланыштуу Түркия жана Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин 28-февралда телефон аркылуу сүйлөштү.

Түрк президентинин кеңсеси «Эрдоган Идлиб провинциясындагы соңку аба соккусунун Анкара 33 аскерин жоготкондон кийин Башар Асаддын күчтөрүнө жана аскер жайларына жооп катары чабуул жасоого акысы бар экенин эскертти» деп билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки лидер телефондон сүйлөшкөнүн ырастады жана демилге Режеп Тайып Эрдогандыкы экенин белгиледи.

«Кеңири сүйлөшүү болду жана ал Идлиб тууралуу буга чейинки макулдашууну аткаруу маселелерине арналды. Биздин аскер жетекчилердин ортосунда макулдашуу бар. Эгер ал макулдашуу толук сакталганда, анын ичинде түрк аскерлери кайсы жерде жайгашканы так айтылганда мындай трагедиянын алдын алууга болот эле».

Соңку маалыматтарга караганда, Орусиянын Кара деңиздеги флоту канаттуу ракета менен жабдылган эки аскердик кемесин Жер ортолук деңизи аркылуу Сириянын жээгине жөнөтмөй болду.

2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда ок атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.

Ал арада НАТОго мүчө мамлекеттер Идлибдеги соңку окуяга байланыштуу Түркияга тилектештик билдиришти. Бул тууралуу аталган уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 28-февралда билдирди.

«Биз Орусияны жана Сирия режимин чабуулдарды жана тынымсыз абадан урулган соккуларды токтотууга, АКШнын тынчтык орнотуу аракеттерин колдоого чакырабыз. Биз ошондой эле Орусия менен Сирияны эл аралык укуктарды толук сактоого үндөйбүз. Биз аймакта гуманитардык каатчылыктын күчөгөнүн, жүз миңдеген адамдын үй-жайын таштай качууга аргасыз болгонун көрүп жатабыз».

Башар Асаддын армиясы былтыр жыл аягында Идлибге сокку урууну жанданткан. Бул Ефрат дарыясынын чыгышын көздөй кеткен, сириялык оппозиция көзөмөлдөгөн акыркы аймак болчу.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриета Форе БУУнун Адам укуктары боюнча агенттигинин маалыматына таянып, Идлиб менен Алепподо 300дөй жайкын тургун каза болгонун, 900 миңдей адам, анын ичинде 1,5 миллиондой бала турак жайын таштап чыгып кеткенин кабарлады. Провинцияда болжол менен 3 миллиондой эл жашайт.

Жер которгондордун айрымдары Сириянын Түркия менен чек арасына тушташ Азаз шаарчасындагы лагерлерде баш калкалап жатат.

Сириядагы 2011-жылы башталган согуш 400 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон адам бозгунга айланды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG