Жогорку Кеңештин тармактык комитети элдик курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, аны четке какты. Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз карандуулукка байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыкты, сын-доомат айтылды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитети 17-майда президент Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен "Элдик курултай тууралуу" мыйзам долбоорун чукул карады.
Документти мамлекет башчынын жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан.
Курултай мыйзамы уникалдуубу?
Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев долбоорго байланыштуу баяндама жасап, депутаттарды бул долбоор уникалдуу экенине, курултай эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болоруна ишендирүүгө аракет кылды.
"Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам башка мамлекеттерде жок. Эч бир мамлекетте кабыл алына элек өзгөчө мыйзам. 20 жылдан ашуун убактан бери курултай тууралуу мыйзам долбоорлору бир нече жолу Жогорку Кеңешке сунушталган. Кыргыз элинин тарыхында байыртан келе жаткан эл менен бийликтин ортосундагы мамилени түзүп турган көпүрө. Анткени эл менен бийликтин ортосунда ар кандай мамиле чыгып калганда дайыма эл чогулуп, курултай өткөрүп, ошол жерде маселесин чечип алышкан".
Ушул "көпүрө" деген сөздөн улам кайым айтыш чыкты.
Депутат Элмурза Сатыбалдиев Абыкеевдин бул сөздү чечмелеп беришин өтүнгөндө, президенттин кеңешчисинен “сиз көпүрө деп образдуу айтылган сөздү суунун эки жээгине салынган көпүрө деп ойлоп алдыңыз окшойт. Андай эмес” деген жооп укту. Сатыбалдиев муну кескин сынга алды, талаш-тартыштан улам Абыкеев кечирим сурады.
Элмурза Сатыбалдиев ириде аймактарда жергиликтүү курултайларды уюштурууга каршы экенин билдирди.
"Конституциянын 7-беренесинде элдик курултай тууралуу гана жазылган. Ал жерде жергиликтүү курултай, шаардык курултай, оштук курултай, облустук курултай деген түшүнүк жок. Республикалык деңгээлде бир эле курултай түзүп койсо болбойт беле? Эмнеге айылга чейин түшүп кеттиңер? Анда мектептерге дагы, университеттерге чейин курултай ачкыла. Конституцияда андай нерсе жок. Айылга чейин түшүп, айылдын бюджетинен акча алыш керек, тигинин бюджетинен акча алыш керек деп ушунча суроону козгоп жатасыңар. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын".
Долбоордо элдик курултайдын курамына ар бир айылдан бирден, калкы 30 миңден ашкан шаарлардан экиден, Ош шаарынан 10 делегат, жаңы конуштардан бештен, Бишкектен 20 делегат жана борбордун жаңы конуштарынан 20дан делегат кирет деп жазылган.
“Кыргыз эл биримдигинен” 40, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан 30, чыгармачыл союздардан 8, Профсоюз уюмунан 10, илимий жана билим берүү тармагынан 10дон, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 киши кошулары белгиленген.
Жашы 21ге толгон жарандар делегат боло алары, үч жылдык мөөнөткө шайланары көрсөтүлгөн. Долбоордо мамлекеттик кызматкерлер менен жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттары делегат болуп шайланышына тыюу салынган.
"Делегат баарына кийлигишет"
Долбоорду депутат Жанар Акаев дагы колдогон жок. Ал муну айрым делегаттардын айрыкча жергиликтүү бийликтин ишине кийлигишүүсүнө, жолтоо болуусуна жол ачылары менен негиздеди.
"Элдин атынан Жогорку Кеңеш жана президент гана сүйлөйт. Эл аларга "менин атымдан сүйлө" деп укук берет. Он миңдеген, жүз миңдеген добуш алган адам элдин атынан уялбай сүйлөйт, ага моралдык дагы, мыйзамдык дагы укугу бар. Шайлоого катышпай, бир добуш албай туруп "өлкөнү башкаруу саясатына киришем" деген бул логикага дагы сыйбайт. Баш мыйзамда жазылып калгандан кийин, макул курултай өтсүн, делегаттар келсин, президенттин кайрылуусун уксун дагы жакшынакай болуп тарап кетсин. Болду. Шайлоого катышып, бир добуш албагандан кийин башка укукту буларга ким берди? Менин толтура тааныштарым бар, сүйлөсө ааламдан сүйлөйт, шайлоого катышса 17 добуш алат. Ошолорду эмне алып келип аксакал элеңиз деп төргө отургузалыбы? Бул мыйзам долбоор кабыл алынса, анда Жогорку Кеңеш тарап кетиши керек. Ош жана Бишкек шаарынан жаңы конуштарды кошупсуңар, биз ал жакта жашагандарды сыйлайбыз, бирок алар ошол эле шаардын тургундары да. Жаңы конуш деген бизде өзүнчө район, округ жок да.
Анан "элдик курултайдын делегаттары үч жылдык мөөнөткө шайланат" деп жазылыптыр. Урматтуу депутаттар, реалдуулук мындай: курултайга мүчө болгондор акимдерди, мэрлерди иштетпейт. "Ушуну жумушка аласың, ушундай кыласың, болбосо сенин маселеңди курултайда көтөрөм" деп иштетпейт, жүдөтөт. Биз билебиз да. Албетте баары эмес, бирок ошондойлор толтура болот. Акимдер, айыл өкмөттөр аларды кой союп, кучак жайып тосуп ала тургандай абал түзүлөт. Делегаттар үч жылга шайланбаш керек, бир жолу гана шайланып, курултайга катышып анан тарап кетиши керек. Анан сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке элдик курултайдан өкүлүн шайлайт дейт. Алар сотторду дагы тандайт экен. Бир эле жолу шайланышы керек, ал адам кайра шайланбашы керек. Келип, президенттин кайрылуусун угуп, филармонияда отуруп алып кол чаап, ошол жерде сүрөткө түшүп, анан кетип калсын. Эми президент интернет аркылуу деле кайрылуу жасап койсо элге жетет".
Сунушталып жаткан долбоордо курултайдын ыйгарым укугу, иштөө тартиби жана делегаттарды шайлоонун жол-жобосу жазылган. Ошондой эле бул институт мамлекеттин ички жана тышкы саясатына байланыштуу бийликке сунуш берери, президенттин кайрылуусун, спикердин, премьер-министрдин баяндамаларын угары, өлкө башчыга Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан алуу боюнча сунуш бере алары жана мыйзам долбоорун демилге кылуу укугуна да ээ болору белгиленген.
Комитеттин жыйынында бул долбоор айрым бир мыйзамдарга каршы келери айтылды. Курултайды каржылоо, делегаттардын жаш курагы, гендердик квотага байланыштуу сунуштар, сын айтылды. Андан сырткары алгачкы курултайды президенттин администрациясы уюштуруп, өткөрөт деген жобо долбоордун орусчасында так эмес жазылып калганы белгилүү болду.
Курултай коммунисттердин съезди сыяктуу
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев дооматтарга жооп берүүгө аракет кылды.
"Делегаттар айылдагы көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгат, аны курултайда карайт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, аткаруу бийлигине элдин өкүлү катары тапшырмаларды берет. Бул жерде эч кандай карама-каршылык жок. Экинчиден, каржылоо мамлекет эсебинен, бюджеттен болот. Кандай гана жыйын болбосун аны бирөө демилге көтөрүп, чогултуп, уюштуруш керек. Орусча варианты которулганда туура эмес болуп калыптыр. Президенттин жарлыгы менен биринчи элдик курултайды өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комиссиясы түзүлөт, ал иштер президенттин администрациясына жүктөлөт деп турат. Орусчасында карама-каршы болуп калыптыр".
Тармактык комитеттин төрагасы, депутат Медербек Алиев Баш мыйзамдын долбоору талкууланып жатканда курултайга байланыштуу берене талаш-талкуу менен коштолгонуна токтолду. Башка бийлик бутактарына тоскоолдук жараткан органга айланбашы керектигин билдирди.
"Конституциялык кеңешмедеги курултайга байланыштуу талаш-талкуу эсиме түштү. Эсиңиздерде болсо керек, жадагалса бирөө тура калып муштуму менен уруп жиберейин деген. Дүйнөлүк классикалык форматта бийликтин үч бутагы бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы коомдун кайсы бир бөлүгү курултайды колдойт. Буга убагында парламент татыктуу деңгээлде эл өкүлчүлүгү боло албаганынан ушул абалга жеткенибизди моюнга алышыбыз керек. Мен Конституциялык кеңешмеде курултай институту Баш мыйзамга кирсин деп добуш бергем, бирок кеңеш берүүчү, жыйын куруучу орган катары деген шарт менен макул болгом. Анткени ошол маалда курултайдын ыйгарым укуктары абдан чоң эле. Эгер курултай министрлерди дайындаса, президенттен, Жогорку Кеңештин депутаттарынан талап кылса кандай болуп калат деген суроолор бар эле. Мен жалпы жонунан долбоордун концепциясын колдойм, бирок курултай башка бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын албашы керек деген пикирдемин".
Жогорку Кеңеште мыйзамдун авторлору, демилгечилери депутаттар айткан айрым сунуштар жүйөлүү экенин билдиришти. “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев делегаттардын "курултай өкүлдөрү элдин өкүлү эмес" деген сын негизсиз экенин айтты.
"Кыргызстандагы 456 айыл өкмөттөн, шаардан, чет өлкөлөрдө жүргөн бир миллион элдин өкүлдөрү, жана башкалардан кошулуп шайланган 700дөй адам кайсы бир деңгээлде элдин өкүлдөрү. Конституцияда кандай жазылса, ошол бойдон кетсин дегенге биз дагы макулбуз. Курултай маселесин көтөргөндөр арасында бизден өткөн радикалдар бар. Бийликтин үч бутагын эл көзөмөлдөш керек дегенди биринчи маселе кылып алып чыккандар толтура. Биз ошолордун арасынан бардык жагын таразалап, баары макул болгон вариантты алып келип жатабыз. Курултай деген коммунисттердин съезди сыяктуу эле, 60 күн бою отурбайт. Айылдык курултай аркылуу эле кээ бир маселелер ачыкка чыгып, элдин деми ошол жактан угулуп турмак".
"Курултайга чоң укук берилбеши керек"
Талаш-талкуудан улам тармактык комитет "Элдик курултай тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон жок. Эми курултай тууралуу башка мыйзам долбоор жазылып, жарым жылдан кийин гана парламенттин кароосуна киргизилет. Долбоордун четке кагылышы тууралуу Садыр Жапаров менен анын администрациясы азырынча үн ката элек.
Талдоочу Марс Сариев курултай кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөгөн органга айланып калбашы керектигин эскертти.
"Эгер азыркы мыйзам долбоор кабыл алынса кош бийлик түзүлүп калмак. Анткени кландар ошол механизмге таянып өз оюндарын башташы мүмкүн. Мындан улам система тушалып калышы ыктымал. Кээ бир кландар курултайга таянып өз кызыкчылыгын көздөп бийликке кийлигише бериши мүмкүн. Бул долбоор кайра иштелип чыгышы керек. Курултайга чоң ыйгарым укук берилбеши керек, ал негизинен адеп-ахлактык жактан караган гана институт болушу керек".
Элдик курултай институту былтыр 5-майда иштей баштаган Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.
Элдик курултай институту 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга дагы жазылган. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.