Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Украина: Полтавада орус армиясынын соккусунан 40тан көп кишинин өмүрү кыйылды


Орус армиясынын соккусунун кесепети. Жаңылыкка тиешеси жок, Запорожьеде тартылган сүрөт.
Орус армиясынын соккусунун кесепети. Жаңылыкка тиешеси жок, Запорожьеде тартылган сүрөт.

3-сентябрда орус армиясынын Украинанын Полтава шаарына жасаган аба соккусунан 40тан ашуун киши набыт болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Алдын ала маалыматка караганда, калаага эки баллистикалык ракета менен сокку урулган. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

"Куткаруу иштерине бардык тийиштүү кызматтар тартылды. Соккулар жасалган алгачкы мүнөттөн баштап тургундарга жардам берип, адам өмүрүн сактап калууга көмөктөшүп жаткан ар бир жаранга ыраазымын", - деди украин президенти.

Маалыматка караганда, соккулар эртең менен саат 9дарда жасалган.

Жыйынтыгында Байланыш институтунун имараттарынын бири жарым-жартылай талкаланган. Ошондой эле соккунун бири ооруканага тийген.

"Полтава үчүн абдан кайгылуу күн", - деп жазган Полтава облусунун башчысы Филипп Пронин калаа тургундары кан тапшырып жатканын билдирди.

Чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Орусиялык аскердик Телеграм-каналдары Полтавага "Искандер-М" ракеталары менен чабуул жасалганын жазышты. Алардын ырастагандай, украин армиясы үчүн "байланыш адистерин даярдаган борбор" бутага алынган. Орус бийлиги көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан жарандык жайларды аткылаганын четке кагып келет.

Украинанын Коргоо министрлиги билдиргендей, соккулар биринин артынан бири "тургундар бомбадан коргонуу жайларга эвакуацияланып жатканда" жасалган.

XS
SM
MD
LG