Ошол эле маалда журналисттердин жоопкерчилигин эскерткендер да бар. “Азаттык” ушуга байланыштуу суракка алынган журналисттердин айрымдарына адвокаттык кызмат көрсөтүп жаткан “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, укук коргоочу Чолпон Жакупованы кепке тартты.
“Азаттык”: 16-январда он чакты журналисттин үйүндө жана жумушунда тинтүү жүргүзүлүп, көбү кармалып, суракка алынды. Сиздердин мекеменин кызматкерлери алардын айрымдарына жактоочулук кылып жатканы белгилүү. Азырынча бул процесстин деталдары же жагдайлары тууралуу маалыматтар барбы?
Жакупова: Бизге бул боюнча кабар саат 10дордо келген. “Темиров LIVE” редакциясынан байланышып, журналисттерди кармоо жүрүп жатканын айтышкан жана көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Менин адвокатым жеткен маалда 9 же 8 журналисттин адвокаттары барган экен. Аны эсептеп көрдүк. Каражаттарды ашыкча коромжу кылуунун зарылдыгы жок болчу. Эгерде аларда адвокат болсо, демек бизге муктаж эмес. Бизде деле башка кесиптештерибизге ишенбей коюуга негиз жок. Биз кимде адвокат жок болсо, ошого жардам берерибизди айттык.
Натыйжада “Темиров LIVE” редакциясынын бир кызматкерине жактоочу бердик. Ал ордер киргизип, учурда сурак жүрүп жатат. Биздин кардар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган айып – “массалык баш аламандыктарга чакырык жасоо” боюнча өтүп жатат экен. Күбө катары. Кошумча башка нерселерди айта албайм. Жактоочу сурактан чыккан маалда кененирээк маалымат алабыз.
“Азаттык”: Сиз “Темиров LIVE” командасынын журналистине тагылган беренени айтып кеттиңиз. Ошол боюнча айып коюуга негиз бар бекен? Сурак учурунда кандайдыр бир эреже бузуулар катталган жокпу?
Жакупова: Адвокат – бул татаал кесиптин ээси. Биз документтер боюнча жана ар бир конкреттүү иш боюнча иштейбиз. Эгер кеп болгон берене тууралуу айтсак, ал боюнча журналистке кылмыш ишин козгоого негиз барбы-жокпу, айта албайм. Ал сурактын жана материалдарды изилдөөнүн жүрүшүндө көрүнөт. Азырынча биз эң баштапкы деңгээлдебиз. Сурактын жүрүшүндө кандайдыр бир процессуалдык нормаларды бузулган-бузулбаганын да айта албайм.
“Азаттык”: Мунун алдында башка бир медиа – 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде да тинтүү жүрдү. Сиз ал жерде процессуалдык эреже бузуулар болгонун айтып чыккансыз. Ошол боюнча айта аласызбы?
Жакупова: 24.kg маалымдоо каражатынын иши боюнча айта алам. Анда Конституциянын, Кылмыш-жаза кодексинин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин нормаларын одоно түрдө бузуулар катталган. Башкача айтканда, бир нече мыйзамдар бузулган.
Менин адвокаттарым 24.kg маалымат агенттигинин ээси жана башкы редактору телефон чалган соң дароо жетип барган. Алар “тергөөчүлөр келишти, тинтүү жүрүп жатат” дешти. Биз дароо адвокат бердик.
Биздин адвокат саат 10:30-11:00дөр чамасында барган. Кеңсе ичинен жабылган экен. Ал эшик алдында турган укук коргоо кызматкерлерине өзүн расмий түрдө тааныштырып, ордерди, адвокаттык күбөлүгүн, баарын көрсөткөн. Оперативдик кызматкер имаратка кирип, топтун башчысы менен сүйлөшүп, 10 мүнөттөн соң келип, бирок адвокатты киргизбей койгон. Бул деген Конституциянын нормаларын жана “Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамды, Кылмыш-жаза кодексин жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин одоно бузуу болуп саналат. Эмне үчүн? Анткени Конституцияга ылайык, ар бир адам өзүн-өзү коргоого укуктуу. Эгерде адвокат киргизилбесе адам бул укугунан ажырайт.
Журналисттер бул боюнча ызы-чуу чыгарып, бул акылга сыйбаган нерсе боюнча түз эфирде маалымат бере баштаган маалда гана тергөө тобунун жетекчиси чыкты. Ал таң калган түр көрсөтүп, имаратка адвокат киргизилбей жатканын төгүндөп кирди. Бирок ал маалда тинтүү аяктап калган болчу жана буюмдар алына баштаган.
Мында бир гана журналисттердин эмес, адвокаттардын да укугу бузулуп жатат. Биз саясат менен алектенип жаткан жокпуз, кардар бар, биз анын укугун коргошубуз шарт. Болду. Бизди болсо ошол укугубуздан ажыратышты. Бизде, азыркы администрациянын “Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу” деген бир кеби бар эмеспи. Мен так ушундай учур да Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет болду деп эсептейм. Биз дагы бир ирет артка кеттик. Ордери бар адвокатты киргизбей коюу бул биринчи жолу болуп жатат.
Бул биринчиден. Экинчиден, 24.kg агенттигинин бардык кызматкерлери күбө катары өтүп жатса, анда кайсы негизде алардын буюмдары алынып кетип жатат? Алар шектүү же айыпталуучу эмес. Болгону күбө. Буюм-тайымдарды алып кетүү үчүн кандайдыр бир негиз болушу керек да.
Мен биринчи этапта күбө макамы берилерин жакшы билем. Журналисттер да билет. Сиз күбө болуп кирип эле, кийин шектүү же айыпталуучу болуп калганга даяр болушуңуз керек. Анда сизде коргонуу укугу бар, кааласаңыз көрсөтмөдөн да баш тартсаңыз болот. А бирок күбөлөрдө андай укук жок. Ошону үчүн алгач ушундай макам беришет. Бирок андай шартта буюм-тайымдар алынбашы керек. Айтор, ушуга окшогон мүчүлүштүктөр өтө көп.
“Азаттык”: Кыргызстанда соңку маалда медиаларга, журналисттерге байланыштуу иш козголуп, блогерлер кармалган учурлар көп болуп жатат. Сиздин оюңузча, журналисттер да кандайдыр бир стандарттарды же мыйзамдарды бузуп, же эске албай калып жатышабы?
Жакупова: Журналист деле башкалар сыяктуу эле адам. Прокурорлор, соттор же башкалар деле ишинде кандайдыр бир каталарды кетириши ыктымал. Ошол эле маалда журналисттер да корголгон эмес. Журналистиканын сапаты да төмөндөп кеткенин көрүп жатабыз. Мында биздин милдет ката кетирген журналистке туура эмес берене тагылбашын камсыз кылуу. Негиз болсо гана кылмыш иши козголушун көзөмөлдөө.
Бирок биз көп мезгилде кылмыш иштери эч кандай негизсиз, кылмыштын курамы жок туруп же ыктымал кылмыштын негизинде эле козголуп, журналисттерге айып тагылып жатканына күбө болуп жатабыз. Ошол эле “куралдуу башаламандыкка” же, “конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө” даярдануу деген бул ар бир экинчи учурда катталууда. Бирок мындай болбойт. Кылмыштын курамы барбы? Факт болуш керек, даярдык болуш керек. Куралдуу басып алууга даярдык көргөнүн ырастаган фактылар болуш керек. Сакталган куралдар табылыш керек. Адатта мындай нерселердин бири да жок, жөн эле “жалган-лингвисттер” тараптан жасалган эптемей экспертизанын негизинде гана айып тагылганын көрүп жатабыз. Адам кармалат, ага андан соң кайсы бир күмөндүү жагдайлардын негизинде айып тагылган учурлар көп.
Мен учурдан пайдаланып, журналисттерге эле эмес, администрациянын өкүлдөрүнө да кайрылып кетем. Чечим кабыл алып жаткан адамдар саясат же саясий технологиялар боюнча эксперттердин кызматтарын пайдаланып жатышабы-жокпу, билбейм. Анткени акылдуу кишилер өзүнө көйгөй жаратпайт, аны чечет. А булар болсо ар бир ирет жаңы көйгөй жаратууда. Жөн эле жерден желекти алмаштырат, мыйзамдарды эки-үч окуудан шашылыш өткөрөт жана натыйжада коомдун кыжырына тийип, жок эле жерден оппонент ашырууда. Таңкы саат 6дан баштап жасалган мобу, соңку ызы-чуунун деле эмне кереги бар эле? Жөн жаткан элди жөн эле койгула... Эмне үчүн уламдан улам жаңы маселе пайда кылып жатасыңар? Кырдаал ансыз да татаал болуп жаткан маалда эмне үчүн мындай болуп жатканын такыр аңдай албай койдум.