Коомчулукта бул сынактын калыс өтүшүнө ишенбей, «болочок кадр алдын ала эле тандалып калган» дегендер да четтен табылат. Ал арада Карыпбеков өзү да кайра кызматта калышы мүмкүн экенин кыйытты.
«Фейсбукчулар» сунуш кылган талапкерлер
Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) жетекчилигине сынак расмий жарыяланган бир нече күндөн бери социалдык тармактардын колдонуучулары бул орунга татыктууларды эсептеп бүтпөй коюшту.
Айрымдар узун тизме түзүп, өзүнчө шайлоо уюштуруп жиберсе, кээ бир басылмалар болжолдуу талапкерлердин аты-жөнүн жарыялоого үлгүрүштү. Бирок азырынча расмий түрдө эч кимден арыз келип түшө элек.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев талапкердин негизги критерийлерине токтолду:
- Эң биринчи кезекте талапкердин кесипкөйлүгүнө карайбыз. Телекөрсөтүүнүн, телекорпорациянын иштерин бардык жагынан түшүнгөн кадр болушу керек. Анткени алар бизге КТРКны өнүктүрүү, иштетүү боюнча программасын айтып, жактайт да. Албетте, жогорку билимдүү, мамлекеттик тилди билгендер керек, чет тилди билгендерге өзгөчө артыкчылык берилет. Мындан сырткары эч бир диний уюмда, эч бир саясий партияда болбогон, саясаттан тышкары жүргөн адам керек. Мына ушундай адамдар документтерин алып келип, тапшыра берсе болот. Арыздар 18-февралга чейин кабыл алынат. Жетекчини Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.
Коомчулукта көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин арасында деле ушул чен-өлчөмдөргө туура келгендер аз эмес. Алардын арасында ушул эле каналды жана башка медианы мурда башкаргандар, азыр жетекчилик кызматта жүргөндөр да бар.
Маселен, «Калыс медиа» сайты «КТРКнын жетекчиси болушу мүмкүн» дегендердин арасында журналисттер Султан Каназаровду, Шайырбек Абдрахмановду, Толгонай Стамалиеваны, Эрнис Кыязовду, Алтынбек Жумаевди, Нурлан Шакиевди, Дмитрий Ложниковду, Кылычбек Султанды жана Нарын Айыпты атады.
Буга чейин «кадрлар бөлүмү» деп тамаша катары айтылып жүргөн «Фейсбуктун» колдонуучулары бул тизмеге Кыяз Молдокасымовду, Кубат Оторбаевди, Ибраим Нуракун уулун, Бейшенбек Бекешовду, Султан Абдырахмановду, Мыктыбек Арстанбекти, Айнура Темирбекованы, Алмаз Касымалиевди, Адил Турдукуловду, Гүлнура Торалиеваны, Жанарбек Акаевди, Назира Аалы кызын жана башкаларды кошушту. Бирок бул журналисттердин бири да кызматка баруу ниети тууралуу ооз ачышкан жок.
Тек гана «Супер инфо» гезитинин ээси Кылычбек Султан аталган кызмат сунушталса да барбай турганын билдирсе, президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева басылмалардын бириндеги маегинде КТРКнын башчылыгына барар-барбасын ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Деген менен коомчулукта бул кызмат саясий кызмат экенин айтып, болочок директордун орду алдын ала эле чечилип калганын айткандар да кездешет.
Журналист Тынчтыкбек Алтымышев Байкоочу кеңеш бийлик чечкен кадрды гана бекитип берет деп эсептейт.
- Менимче, Коомдук биринчи каналдын жетекчилигине анын функциясын билген, көтөргөн жүгүн түшүнгөн, каналды саясатташтырбай, улуттук, коомдук медиалардын флагманы кыла турган киши керек, - деди ал. – Албетте, тажрыйбасы мол, менежер, калыс, кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыгына ойнобой турган кадр болушу зарыл. Тилекке каршы, азыркы бийлик андай адамды бул кызматка алып келе койбойт го. Анткени буга чейин деле коомчулук өкүлдөрү ушундай талаптарды коюп келе жатабыз, бирок жетекчи шайлоого келгенде бийликтеги айрым топтор өз кызыкчылыгы менен чечип келчү. Бийликтегилер өздөрүнүн айтканын так аткара турган, журналистиканын эрежелерине эмес, аткаминерлердин көзүн караган, "камчы" болуп бере турган адамдарды шайлап жатышат. Ошондуктан алдыдагы шайлоо деле калыс өтпөйт. Мага жеткен маалыматтар боюнча төрт ай мурда эле бийлик өзүнө керектүү адамдарды тактап койгон. Анын ичинде ошол эле Карыпбековдун өзүн да бир вариант катары кармап турат. Балким ал өзү да калып калышы ыктымал.
Ооба, КТРКнын азыркы директору Илим Карыпбеков өзү да экинчи мөөнөткө калууга мыйзам тыюу салбасын айтып, ойлонуп көрө турганын жашырган жок. Бирок анын буга чейинки маектеринде «бир эле мөөнөт директор болуп иштейм» деп айтканын таап чыгып, сын таккандар болду.
Карыпбековдун төрт жылы
Арийне, Карыпбековдун ишине жана анын тушундагы Коомдук биринчи каналдын маалымат саясатына да сын аз айтылган жок. КТРКнын ишине ичи чыкпагандар негизинен телеканал «бир тараптуу кабар берет, бийликчил маалымат таратат, оппозицияны жамандайт» деген сыяктуу доомат коюшат. Акыркы төрт жылда мындай сын көбөйбөсө, азайган жок.
Жарандык активист Бурул Усманалиева да өлкөнүн башкы каналы Илим Карыпбековдун тушунда да «коомдук» деген статусуна жооп бербей иштеп келгенин белгиледи:
- Статусун «коомдук» деп атап алганыбыз менен аны түшүнбөй жатабыз, ишке да киргизген жокпуз. Саясий маданият өзгөрмөйүнчө «коомдук канал» түшүнүгү идея жүзүндө эле калып кетет окшойт. КТРК мурдагыдай эле мамлекеттик медиа катары бийликтин, парламенттин, көбүнчө өкмөт менен президенттин эле жарчысы болуп кала берди. Башкача айтканда, КТРКнын иши, редакциялык саясаты бийликтин айтканы менен эле болуп калат экен да. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов эле башкарганын көрүп калбадыкпы. Мисалы мына Өмүрбек Текебаевдин ишин чагылдырууда көрүп жатпадыкпы, Маевскийди эле берип, саясатчыны каралоо, жамандоо чеги жок жүрбөдүбү. Азыр деле жаңы бийлик, оппозиция жинине тийбей турганда каналды жакшы эле иштетет, бирок саясий күрөш күчөп, оппозиция жанданганда аларга каршы колдоно баштайт. Коомдук биринчи каналдын маданий, көңүл ачуу, балдарга арналган бөлүктөрү жакшы эле, бирок саясий жагынан бийликке баш ийип калат экен. Ошондуктан «маалымат каражаты» деген менен КТРКнын жетекчилик орду саясий кызмат катары да каралып калат экен.
Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилигине 2015-жылдын 19-мартында келген. Быйылкы жылдын 19-мартында иш мөөнөтү бүтөт. Өзүн журналист эмес, көбүнчө менежер катары мүнөздөгөн Карыпбеков төрт жылдык ишинде мекемеде негизинен чарбалык жаңылык киргизе алганын билдирет. Анын ичинде КТРКнын кеңсесин оңдогонун, көчмө телестанция сатып алганын, жаңы каналдарды ачканын, аларды 24 саат бою ишке салганын, тиешелүү Интернет сайт, тиркемелерди ишке киргизгенин, техникалык-базаны чыңдаганын мисал келтирет.
Ал эми телеканалдын мазмунуна карата дооматтарга Илим Карыпбеков мындайча жооп берген:
- Саясий багыттагы маалыматтык берүүбүзгө дайыма сын айтылып келет. Мен аларды жокко чыгарбайм, кабыл алам. Себеби, биринчиден саясий өңүттөгү берүүлөрүбүз жалпы берүүлөрдүн 12% гана түзөт. Ошол 12% Коомдук телерадио корпорациясынын укуктук жана мамлекеттик органдар менен болгон карым-катнаштарына тыгыз байланыштуу. Бүгүнкү күндөгү мыйзамдар, КТРКнын учурдагы статусу таптакыр көз каранды эмес болууга эч кандай мүмкүнчүлүк бербейт. Бүгүн мыйзамдар Коомдук биринчи каналды президенттик аппараттын, өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын позицияларын эч өзгөртүүсүз, алар кандай кааласа ошондой чагылдырууга милдеттендирген. Ошондуктан сын дайыма боло бермекчи. Биз «коомдук телеканал» деп айтылганыбыз менен иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүгү теориядагы коомдук телеканалдын 30% да жооп бербейт. Башкы директордун башкаруу механизмдерин эле киргизгенибиз болбосо, башка мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылып берген эмеспиз. Ошондуктан бул нерсе табигый эле көрүнүш.
Карыпбеков төрт жылдык ишинде КТРКнын кабарчысы Чынара Капарованы иштен бошотуп, аны менен соттошкону, ырчы Бек Борбиев менен айтышканы боюнча да эсте калды. Анын тушунда, шайлоо учурунда аны чагылдыруу боюнча президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев менен КТРКнын ортосунда келишпестиктер болду. Эсеп палатасы ошол эле телеканалдын ичинде 2016-2017-жылдары 57 миллион сомдук каржылык эреже бузуу аныкталганын билдирип, факт боюнча текшерүү жүрүп жатканы кабарланды.
Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт» жана «Ала-Тоо 24» обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын «Кыргыз радио бирикмесинде» беш радио: «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял», «Достук», «Балдар FM» радиолору бар. Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт.