Казат Акматов менен коштошуу зыйнаты
Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу тажыясы Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында өттү. Ага премьер-министр Темир Сариев башатаган өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын жетекчиси Темир Жумакадыров жана жазуучу, артист, режиссерлор катышты. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлду. 74 жаштагы жазуучу Казат Акматов 13-сентябрда дүйнө салган. Быйыл жазуучулар союзу ага “Кыргызстан баатыры” наамын тапшырууга сунуштама даярдап жаткан эле.
Чыгарылыштар
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу