Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

12:50 5.1.2022

200дөн ашуун адам кармалды

Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалганын билдирди. Министрлик түндө болгон акцияларды айыптап, “чагымчылдыкка чакыргандарды ээрчигендер” деп атады.

"Жарандар туруктуулукка жана калктын коопсуздугуна коркунуч келтирген мыйзамсыз аракеттерге барууда. Мындан тышкары, жарандардын айрым топтору жолдорду бөгөп, коомдук тартипти жана элдин тынчтыгын бузуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Укук коргоо жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кол салууга дуушар болду”,-деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 милиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды.

"Бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонулуп, мамлекеттик мекемелерге чабуул жасалган 13 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды", - деди ИИМ.

Казакстандагы каршылык акциялары
Казакстандагы каршылык акциялары

13:17 5.1.2022

Кыргызстан кыргыз-казак чек ара тилкесинде абал курчуса тийиштүү чара көрөт. Бул тууралуу 5-январда “Азаттык” радиосуна өлкөнүн Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Абдиевдин айтымында, бардык түзүмдөр, анын ичинде кыргыз-казак чек арасында жайгашкан түзүмдөр 30-декабрдан бери Жаңы жылдык майрам күндөрүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кырдаалды жана чектеш аймактарды көзөмөлдөп турат. Кырдаал курчуган учурда ИИМ, ӨКМ жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт”.

14:54 5.1.2022
Актөбөдөгү нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Казакстандын Актөбө шаарында акимчиликти басып алууга аракеттенгендерге полция көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, 5-январда күндүз облустук акимчиликтин алдына чогулган митингчилер имараттын терезелерин сындырып, ичкери кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга көздөн жаш агызчу газ колдонуп, артка сүрдү.

Аймакка кошумча күчтөр тартылып жатканы айтылды. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жаракат алган бир нече адамды көргөнүн билдирди. Полиция желим ок колдонгон болушу мүмкүн деп айтылууда. Нааразылык акциясына чыккандар облус акиминин келишин талап кылууда. Бирок ал митинг өтүп жаткан жерге келген жок. Шаарда коомдук каттамдар токтоп, интернет иштебей жатат. Облус акимчилигине жакын жердеги дүкөндөр жана супермаркеттер жабык турат.

Аймакка кошумча күчтөр тартылып жатканы айтылды. “Азаттык” кабарчысы жаракат алган бир нече адамды көргөнүн билдирди. Полиция желим ок колдонгон болушу мүмкүн деп айтылууда. Нааразылык акциясына чыккандар облус акиминин келишин талап кылууда. Бирок ал митинг өтүп жаткан жерге келген жок. Шаарда коомдук каттамдар токтоп, интернет иштебей жатат. Облус акимчилигине жакны жердеги дүкөндөр жана супермаркеттер жабык турат.

15:21 5.1.2022

Демонстранттар Алматыдагы акимчиликке кирип барды

Алматыдагы “Нур-Отан” партиясынын кеңсеси. 5-январь, 2022-жыл.
Алматыдагы “Нур-Отан” партиясынын кеңсеси. 5-январь, 2022-жыл.

Бүгүн, 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Бул тууралуу бир катар казакстандык "Телеграм" каналдар жазып чыкты.

Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды.

5-январда күндүз демонстранттар Алматынын борбордук бөлүгүнө топтоло баштаган. Алар 4-январда “полициянын автоунаасы тебелеп, бир киши каза болгонун” айтып, анын сөөгүн берүүнү талап кылышкан.

“Биз тынчтык митингине чыкканбыз. Биз эч кандай күч колдонгон жокпуз. Тескерисинче, алар бизге карата зомбулук көрсөттү. Ошондуктан ушундай нерселер болуп жатат”,-деп айтып берди митинчилердин бири “Азаттыктын” казак кызматына.

Алар бийлик өкүлдөрү диалогго эмес, күч колдонууга ыктап жатат деп айыпташууда. Шаарда мобилдик интернет мурдагыдай эле иштебей турат. Жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок.

Алматы, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.
Алматы, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG