Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:21
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

15:49 5.1.2022

Казакстанда айрым темир жол бекеттери жабылды

“Казакстан темир жолу” (КТЖ) компаниясы 5-январда билдирүү таратып, Атырау жана Актөбө облустарындагы эки бекеттен кетчү поезддерди жөнөтүү убактылуу токтотулганын кабарлады.

“Алматы шаарында, Маңгыстау жана Алматы облустарында киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу Макат жана Жем бекеттери жабылды. Мындан сырткары ушул эле бекеттер аркылуу кетчү Алматы-1, Алматы-2, Маңгыстау, Атырау, Актөбө, Нур-Султан каттамдары аркылуу жүргүнчүлөрдү жөнөтүү токтотулду”,-деп айтылат кабарда.

КТЖнын маалыматына ылайык, шаршембиге караган түнү 14 поезд барчу жерине жетпей калган.

Күн мурун Атырау облусундагы Макат айылынын жашоочулары ушул кыштактагы темир жол бекетин жапканын маалымдашкан. Алар Маңгыстау облусундагы нааразылыкка чыккандардын талабы аткарылмайынча бул аракеттерин уланта беришерин айтышкан.

16:22 5.1.2022

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы маалымдагандай, Алматы шаардык мэриясынын алдындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери артка чегинди. Социалдык тармактарга тараган тасмаларда айрым митингчилер аскерлердин куралдарын жана атайын каражаттарын тартып алганын көрүүгө болот.

16:38 5.1.2022

Алматынын борбордук бөлүгүндө ок атылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары билдирди. Жаракат алгандар болушу мүмкүн. Мунун алдында эле бир нече миң демонстрант президенттин Алматыдагы резиденциясынын аймагына кирүүгө аракет кылганын “Vласти” басылмасы маалымдаган.

16:41 5.1.2022

Алматыда прокуратуранын имаратында өрт чыкты

Алматы шаарында нааразылыкка чыккандар менен полициянын ортосунда кагылыш уланууда. Шаардык прокуратуранын имараты да өрттөнүп жатат. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, күч түзүмдөрү артка чегинди, бир аскер оор жаракат алды.

AFP маалымат агенттиги Алматыда миңдеген адамдар чогулуп жатканын билдирдүүдө. Айрым маалымат каражаттары көчөдөгү видеобайкоо аппараттарын талкалап жатканын жазышууда. Vlast.kz сайты нааразы топ Алматы шаарындагы президенттин резиденциясына жүрүш жасаганын маалымдады.

Бүгүн, 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды. Бийлик башындагы “Нур Отан” партиясынын имараты өрттөлдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG