Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

01:13 5.1.2022

Акцияда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатуу (Жаңы жылдан 110 теңгеге көтөрүлдү), баалардын өсүшүн токтотуу жана жогорку бийликти “элдин көйгөйүн чече албаса, кызматтан кетирүү” талаптары коюлуп жатат. Митинг өтүп жаткан жерге Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Бакытжан Нарымбетов келди.

Уралдагы митинг, Батыш-Казакстан облусу. 4-январь, 2022-жыл.
Уралдагы митинг, Батыш-Казакстан облусу. 4-январь, 2022-жыл.

Митингчилер эл аралык трассаны бөгөп салууга аракет кылышты. Бирок, күч түзүмдөрү алардын алдын тосуп, жолго өткөргөн жок. Ошондон кийин алар жөө шаарды көздөй бет алды. Алар шаардын борбордук бөлүгүнө чейин алты чакырымдай жолду басып өтөт.

“Алар жолду бойлоп тизилип баратышат. Бирок, ары-бери өткөн автоунааларга тоскоолдуктар жаралды. Анткени жакында жааган кардан кийин тротуарлар жана жолдун жээги тазаланбай калган”, - деп билдирди “Азаттыктын”кабарчысы.

01:14 5.1.2022

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, митинчилердин лидерлери деле жок, талаптары дагы башаламан. Алар Жаңы-Өзөндөгү акцияларга колдоо иретинде топтолушканын айтышты. Ошондой эле баалардын өсүшү Казакстандын бардык аймагына мүнөздүү көрүнүш экенин белгилешкен.

01:14 5.1.2022

Митингчилер Самара - Чымкент жолун тосууга аракет кылды

Батыш-Казакстан облусунун Орол шаарында жүздөгөн кишилер экинчи күн катарынан нааразылык акциясына чогулду. Түшкө жуук шаардагы “Дина” дүкөнүнүн алдына кишилер чогула баштаган. Бул гипермаркет шаардын чет жакасында, Самара - Чымкент эл аралык автожолуна жакын жайгашкан. Митинг өтүп жаткан жерге көп сандагы полиция кызматкерлери тартылды. Мобилдик интернет иштебей калганы айтылууда.

01:14 5.1.2022

Маңгыстаулуктар көгүлтүр отундун баасын арзандатуу талабы менен биринчи жолу чогулуп жаткан жок. 2020-жылы январда Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын баасы 55 теңгеден 65 теңгеге көтөрүлүп, шаардык акимчиликтин алдына чогулган тургундар газдын баасын 55 теңгеге арзандатууну талап кылышкан.

Жаңы-Өзөндө суюлтулган газды чыгарган жападан-жалгыз газ иштетүүчү завод бар. Мындан он жыл мурун да облуста эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган мунайчылардын жети айга созулган иш таштоосун полиция 16-декабрда тараткан. Анда расмий маалыматтар боюнча 17 адам каза болгон. Жаңы-Өзөндө андан бери газдын баасы бир нече эсе кымбаттаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG