Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:31
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

11:01 5.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев газдын кымбатташына каршы нааразылыктан улам түзүлгөн кырдаал үчүн өкмөт, Энергетика министрлигин жана “Казмунайгаз”, “Казакгаз” компанияларын айыптады. Бул тууралуу ал 5-январда өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында айтканын Акордо билдирди.

Казак президентинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, Токаев Алматыда жана Маңгыстау облусунда өзгөчө абал жарыялангандан кийин “кырдаал бара-бара оңолуп баратканын”, күч органдары өз милдетин “ийгиликтүү аткарып” жатышканын айтып, аткаруу бийлигинин эң негизги иши катары көрсөтүлгөн инфляцияны ооздуктоо аткарылбаган бойдон калганын белгиледи.

Алматы. 5-январь, 2022-жыл.
Алматы. 5-январь, 2022-жыл.

Өлкө башчысы өкмөткө газ өндүрүү боюнча койгон тапшырмалары да тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын айтып, көгүлтүр отундун, азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу, турак жай жана коммуналдык төлөмдөр боюнча маселелерди карап чыгуу тапшырамсын берди.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

11:15 5.1.2022

Казакстанда жогорку кызмат адамдары иштен кетти

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев президент админстрациясынын жетекчисинин орун басары Мурат Нуртлеуну коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындады.

Мамлекеттик катчы Крымбек Кушербаев кызматтан кетти. Анын ордуна Токаевдин жардамчысы Ерлан Карин келди. Анын алдында Токаев өкмөттү отставкага кетирген.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт. Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Өкмөт отставкага кеткенине карабай айрым оппозиция өкүлдөрү Казакстанда нааразычылык акциясын улантууга чакырып жатышат.

11:26 5.1.2022
Алматыдагы түнкү окуялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.

12:05 5.1.2022

Карагандада интернет өчүп, митинг өткөн аянт бош турат

Караганда. 4-январь, 2022-жыл.
Караганда. 4-январь, 2022-жыл.

5-январда түндөсү митинг өткөн Караганда шаарындагы борбордук аянт бош турат. Акциянын катышуучулары кармалганы тууралуу азырынча маалыматтар жок. Айрым активисттердин телефондору иштебей калды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Түн ичинде күч түзүмдөрү атайын автоунааларын алып келип, шаардагы айрым көчөлөрдү бууган. Мобилдик байланыш өчүрүлүп, интернет иштеген жок. Азыр дагы байланыш калыбына келе элек.

Түнкү саат үч жарымда Карагандыда Мангистау облусундагы демонстранттарды колдогон жүздөгөн тургундар чогулду. Акцияга чыккандарды укук коргоо кызматкерлери курчоого алып турду. Алар талаптарын айтып, аянттан тарабай турушканын билдирген. Акцияга коңшулаш Жезаказган жана Сатпаев шаарларынын тургундары да кошулганы айтылган эле.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG