Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

03:02 5.1.2022

Нур-Султанда полиция ондогон кишини кармап кетти

5-январга караган түнү казак полициясы Нур-Султандагы Артем базарынын жанында чогулган ондогон кишини кармап кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон “Азаттыктын” казак кызматынын Нур-Султандагы кабарчысы Нургүл Тапаева билдирди. Ал кармалгандардын саны 200дөй экенин, бирок полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин канча киши кайра бошотулганы белгисиз болгонун айтты.

Тапаева ОМОН менен митингчилер тирешип, полиция чогулгандарды күчтөп, аёосуздук менен салып кеткенин белгиледи. Ошондой эле кармалгандар тууралуу полициядан маалымат сурашканын, бирок ички иштер органдары эч кандай комментарий бербей жатканын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, 4-январда Нур-Султандын кеминде төрт жеринде нааразылыкка чыккандар топтолду. Полиция күндүз да ондогон адамды кармаган. Кечке жуук эң көп киши Артем базарынынын айланасына чогулган. Учурда бул райондо дагы деле нааразылыкка чыккандар жүрөт.

Казак баш калаасындагы шейшембидеги акцияларда Жаңы-Өзөндөгү митингдин талаптары гана эмес, кымбатчылыкка каршы жана саясий мүнөздөгү чакырыктар да айтылды. Арасында "Чал, кет!" деп ураан чакыргандар болду.

Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер 2-январда башталган. Соңку эки күндөн бери бул митингдерди колдогон акциялар бир топ шаарларда өтүп, бийликтин отставкасын, жашоо-шартты жакшыртуу жана башка талаптар айтылууда.

4-январдын кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча экинчи жолу видео кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка чакырды. Ал жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин эскертти.

03:15 5.1.2022

Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизилди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акордонун сайтында кабарланды.

Өзгөчө абал 5-январда 1:30дан баштап, 19-январда түнкү саат 00:00гө чейин уланат. Атайын режим коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту, тартипти калыбына келтирүү максатында киргизилип жатканы маалымдалды.

Мурдараак Токаев видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен. Анын алдында “Твиттерде” жазган постунда, “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү адамдарды ээрчип кетпөөгө” үндөгөн.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү Казакстандын айрым шаарларында акцияга чыккандар тарабай турушат. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонгону белгилүү болду. Бир нече жерлерде полициянын машинеси өрттөлүп, талкаланганы тууралуу видеолор тарап жатат.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалып, кайра бошотулду.

03:47 5.1.2022

Казакстандагы акцияларда полициянын автоунаалары өрттөндү

Казакстандагы нааразылык акцияларынын жүрүшүндө полициянын бир нече машинеси талкаланып, өрттөлдү. Алардын өрттөнүп жаткан видеосун Nexta Live телеграм-каналы жарыялады. Мурда Беларустагы нааразылыктарды чагылдырган бул канал Казакстандагы окуялардын да видеолорун үзгүлтүксүз жарыялоодо.

Тасмалардын астына жазылган тексттерде автоунаалар өрттөнүп жаткан жерлер Алматы шаары экени баяндалат. Кичи автобус үлгүсүндөгү транспорт жана жеңил үлгүдөгү полициянын эн белгилери коюлган машинелер өрттөнүп жатканы көрсөтүлөт.

Күч кызматтарына тиешелүү автоунааларынын талкаланышы жана өрттөлүшү тууралуу укук коргоо органдары жана бийлик өкүлдөрү маалымат тарата элек.

Президент Токаев Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Режим 5-январь 1:30дан баштап 19-январь түнкү саат 00:00гө чейин уланары айтылды.

Мурдараак Токаев видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен. Анын алдында “Твиттерде” жазган постунда, “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” үндөгөн.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү акцияга чыккандар тарабай турушат, айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашууда. Көчөдө аскердик техникалар жүрөт. Жүздөгөн адам кармалды.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды.

04:16 5.1.2022

Алматы шаарында коменданттык саат киргизилди

Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында Алматыда коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгонун казак бийлигинин akorda.kz сайты маалымдады.

Мунун алдында Токаев өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Атайын режимдин мөөнөтү 5-январда 1:30дан баштап, 19-январь түнкү саат 00:00гө чейин уланат.

Ал эми Алматыдагы коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG