Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

01:23 5.1.2022

Токаев: бийлик кулабайт, бирок бизге диалог керек

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча экинчи жолу видео кайрылуу жасап, жарандарды сабырдуулукка чакырды.

“Урматтуу мекендештер, баарыңыздарга кайрылып жатам. Ичтен жана сырттан болгон түрдүү кабарларга ишенип, митингдин эйфориясына алдырып, тартипсиздикке жол бербей, парасат жана акыл менен чечим кабыл алууга чакырам. Жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келет. Бул кылмыштык аракет. Бийлик кулабайт, бирок бизге өз ара диалог керек. Жаштарга айтарым, жаркын келечегиңиздерге балта чаппаңыздар, жакындарыңыздардын жагдайын ойлоңуздар, бардык талаптар мыйзамдын чегинде эске алынат”, - деди видео кайрылуусунда.

Токаев мунун алдында Твиттердеги баракчасы аркылуу кайрылып, чогулгандарды “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” чакырган. Ал “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” кабарлады.

Президент “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Маңгыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууга барарын” да кошумчалаган.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды. Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, кайра бошотулду. Нур-Султан шаарында полиция кызматкерлери "Азаттыктын" редактору Дархан Омирбек автоунаага салып алып кетишкен. Ал боюнча расмий маалымат бериле элек. (ErN)

01:24 5.1.2022

Карагандыда кырдаал курчуп жатканы кабарланууда

Караганды шаарында Жаңы-Өзөндөгү акцияларга колдоо көрсөткөн жүздөгөн адам суукка карабай топтолуп турат. Алар “Чал, кет!” деп кыйкырып жатышат. Чогулгандар таңга чейин кетпейтарабай турганын айтышууда.

“Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, шаарда абал курчуп баратат. Митингчилер топтолгон жерге атайын даярдыктагы аскерлер келди.

Жергиликтүү тургундардын бири “алар чогулгандарды курчаганы жатат. Алардын саны топтолгон элден көп”, - деп айтып берди.

Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер 2-январда башталган. Соңку эки күндөн бери бул митингдерди колдогон акциялар бир топ шаарларда өтүп жатат.

4-январда казак полициясы Нур-Султан, Алматы баштаган бир нече шаарда акцияга чыккан ондогон адамды кармады.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев газдын баасы 120 тендеген 50 теңгеге түшүрүлө турганын айтып, демонстранттарды “деструктивдүү күчтөрдүн чакырыгына алдырбоого” үндөдү.

01:30 5.1.2022

01:34 5.1.2022

Алматы шаарындагы Эгемендик аянтына жакын аймакка чогулган миңдеген демонстрантка полиция көздөн жаш чыгаруучу газга окшогон зат колдонду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын айткандарына шилтеме кылып, “Азаттыктын” казак кызматынын Алматыдагы бюросунун жетекчиси Касым Аманжол билдирди.

Анын айтымында, эки саат мурдараак Алматыдагы Ала-Тоо театрынын жанында митингчилер менен полиция кагылышкан. Андан соң демонстранттар шаардагы Эгемендик аянтына бет алышкан. Учурда Алматыда мобилдик интернет иштебей жатат. Социалдык тармактарга кирүүгө да бөгөт коюлган.

Телеграм каналдарында Алматыда тартылганы айтылган видеолор жарыяланууда. Алардан шаарда кулак тундуруучу граната сыяктуу аскердик каражаттардын добушу угулуп жатат.

Аманжол билдиргендей, полиция менен кагылышуу Актөбөдө да болду. Актау жана Жаңы-Өзөн шаарларында миңдеген адам топтолуп турат. Алар түндү чатырларда өткөрө турган болууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG