Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

01:16 5.1.2022

Шаар акимчилигинин алдындагы Ынтымак аянтына чогулган митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышты.

Суюлтулган газдын баасын төмөндөтүү үчүн чыккандар эми саясий талаптарды дагы коюп жатат. Асауовдун айтымында, митингчилер резолюция кабыл алышты. Анда коррупцияны жоюу, фабрикаларды жана заводдорду курууну, жумушсуздукту кыскартуу талаптары камтылган.

01:17 5.1.2022

Актауда митингге чыккандардын лидерлеринин бири Есберди Асауов “Азаттыктын” казак кызматына аянтка 10 миңге жакын киши чогулганын айтты.

Алар элге жумуш берип, калктын жашоо деңгээлин көтөрүүнү талап кылып жатышат. Андан сырткары Нур-Султанда отурган бийликти толук алмаштыруу талаптары дагы айтылды. Айрымдары абакта отурган саясий туткундарды дагы бошотууну талап кылышууда.

Полиция 4-январдын кечинде Нур-Султандагы каршылык акцияларын чагылдырып жүргөн “Азаттыктын” казак кызматынын дагы бир журналисти Дархан Омирбекти кармады.

Аны каякка алып кеткени азырынча белгисиз. “Азаттык” полициянын шаардык департаментинен комментарий ала алган жок. Буга чейин “Азаттыктын” Алматыдагы бюросунун башчысынын милдетин аткаруучу Касым Аманжол да окуяларды чагылдырып жүргөн учурда кармалып, эки сааттай убакыттан кийин кайра коё берилген.

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында демонстранттар 4-январга оогон түнү дагы аянттан тараган эмес. Актауда митингчилер чатырларды жана боз үй тигип, аянтта жүздөгөн адамдар жүрдү. Акцияга коңшулаш облустардын, анын ичинде Актөбө, Орал, Чымкент шаарларынын тургундары да келгени кабарланды.

Жергиликтүү активисттердин айтымында, Жаңы-Өзөн шаарында шейшемби күнү эртең менен аянтка эки миңдей демонстрант чогулду. Митингчилер суюлтулган газдын баасын литрин 50 теңгеге чейин арзандатуу, келечекте газ тартыштыгын болтурбоо үчүн кепилдик берүүнү, ошондой эле шаар жана облус акимдерин - Максат Ибагаров менен Нурлан Ногаевди кызматтан алууну талап кылууда.

Актаунун тургуну Есберды Асауовдун айтымында, 3-январда Жаңы-Өзөн шаарында чогулгандарга облус жетекчиси Нурлан Ногаев келген. Аянтка чогулган алты миңдей кишинин арасында аялдар жана балдарын ээрчите келгендер болгон.

01:17 5.1.2022
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Өкмөт Маңгыстау облусунун тургундары үчүн суюлтулган газды 50 теңгеге чейин арзандатууга макул болду.

Вице-премьер Ералы Тугжанов башында турган өкмөттүк комиссия 4-январда Актау шаарынын Ынтымак аянтында чогулган эл менен жолукту. Ал чогулгандарга суюлтулган газдын бир литри жергиликтүү жашоочулар үчүн 50 теңге болгонун айтты. Тугжанов “аянтка чогулгандардын бири дагы жоопкерчиликке тартылбайт” деп өкмөттүн атынан сөз берди.

Анткен менен каршылык акциясына чыккандар митингдерди токтотпой турганын, ал эми газдын баасын арзандатуу коюлган талаптардын бири экенин айтышууда.

01:18 5.1.2022

Казакстанда каршылык акциялары уланып жаткан чакта Orda.kz жана КазТАГ маалымат агенттиктеринин сайты ачылбай калды.
Orda.kz сайтынын башкы редактору Гүлнара Бажкенованын айтымында, сайт эки саат мурда ачылбай калган.

“Биз болгону жаңылыктарды гана жазып жаттык. Ооба, ыкчам, толук бердик. Бирок бардыгы адискөй журналистиканын гана алкагында болду, эч кандай чакырык жасаган жокпуз. Андай кылуунун кандай кажети бар? Силер ушундай ыкма менен каршылык акцияларын токтото алабыз деп жатасыңарбы?!” - деп ал "Телеграм" каналына жазды.

Бажкенова алардын сайты “каршылык акциясына чыккандар Токаевдин жана Назарбаевдин отставкасын талап кылганы жазылгандан кийин” жабылып калды деп эсептейт.

Кечке жуук эл аралык КазТАГ маалымат агенттигинин да сайты өлкө аймагында ачылбай калган. Агенттиктин өзүнүн "Телеграм" каналында алар “маалымат министрлиги акциялар тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылганда андан баш тартышканын” билдирди. Ошондон кийин сайты ачылбай калган. Учурда эки сайт тең өлкөдөгү каршылык акцияларын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу чагылдырууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG