Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

16:11 11.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда парламентте сүйлөп жатып мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевди сынга алды.

«Биринчи президенттин, «Элбасынын» тушунда өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары пайда болгон»,-деди Токаев.

Ал ошондой эле «экономикалык өнүгүүдөн олигархтык топтор гана пайда көрүшкөнүн» кошумчалады. Токаев тоо-кен жана мунай-газ сектору мамлекет менен кирешесин бөлүшүүсү зарыл экенин билдирди. Бул тармактар Назарбаевдин жакындарынын жана айланасындагылардын колунда экени айтылып келет.

Токаев ошондой эле прокуратурадан жана башка мамлекеттик органдардан Кытайдын чек арасындагы бажы бекеттерин «тартипке келтирүүнү» талап кылды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрдү. Акордо анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат бергенин билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

13:17 11.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштады. Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин аны 89 депутаттын баары бир добуштан колдогонун билдирди. Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан.

Ага чейинки өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдого байланыштуу кызматтан алынган.

Казакстанда газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон.

12:49 11.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирди. Ал 11-январда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айтты.

Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрүп, анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат берди.

Казакстанга барган ЖККУ күчтөрү. 8-январда тартылган сүрөт.
Казакстанга барган ЖККУ күчтөрү. 8-январда тартылган сүрөт.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" атаган. Тополоңордорго го чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп айткан.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган.

Азырынча тополоңдордо канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун ырастады.

Орусия баштаган уюмга мүчө мамлекеттердин дээрлик баары Казакстанга аскер күчтөрүн жөнөткөн. Президент Токаев ЖККУнун эки миңден ашуун аскерлери жана 250дөй аскердик техникасы Казакстанга келгенин дүйшөмбүдөгү жыйында айтты. Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУ тез чара көрүүгө үлгүргөнүн, уюмдун аскерлери Казакстанга чектелүү убакытка гана жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Уюмдун баш катчысы Станислав Застын айтымында, ЖККУнун контингенти Нур-Султан, Алматы шаарларына жана Алматы облусуна жайгаштырылды. Алар Алматыдагы аскердик институттун базасынан башкарылып жатат.

ЖККУнун Казакстандагы контингентине орусиялык генерал-полковник Андрей Сердюков командачылык кылып жатат. Ал 9-январда уюмдун күчтөрү Алматыдагы жана анын айланасындагы “стратегиялык объектилерди” көзөмөлгө алганын айткан. Ал уюмдун күчтөрү “кырдаал толук турукташканга чейин” Казакстанда болорун кошумчалаган.

Кыргызстан 7-январда Казакстанга 150 жоокер жөнөткөн жана алар Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон.

22:07 10.1.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG