Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

21:53 10.1.2022

Казакстанда каза болгон кыргыз жарандарынын саны экиге жетти

Казакстандагы башаламандык учурунда дагы бир кыргызстандык жаран каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыргыз жаранынын туугандары менен байланышып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Буга чейин Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген кыргыз жараны Азиз Мусаев каза болгону белгилүү болгон.

Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталып жатат.

Азырынча башаламандыктарда канча адам көз жумганы так белгисиз. Казак бийлиги буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болгонун билдирген. 9-январда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги жалпысынан 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке какты.

21:46 10.1.2022

Чымкентте 52 кишиге кылмыш иши козголду

Чымкенттеги башаламандык маалында кармалган эки миңден көп адамдын 177си административдик жоопкерчиликке тартылды. 175и он беш күнгө камалды. Ал эми 52 кишиге кылмыш иши козголду.

Азырынча камалгандарга кандай айыптар тагылганы белгисиз. Буга чейин Чымкентте 38 кыргызстандык кармалып, бошотулганы маалым болгон. Мунун алдында Кыргызстандын Акыйкатчы институту Чымкент полициясына сурак берип чыккан кыргыз жараны Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор экенин кабарлаган.

Чымкент, 4-январь, 2022-жыл.
Чымкент, 4-январь, 2022-жыл.

Чымкентте бир нече жарандык активист да кармалган. Укук коргоочулар «террорчулук» жана «экстремизм» деген шылтоолор менен бир катар активисттер куугунтукталышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Жалпысынан Казакстанда сегиз миңден көп адам кармалганы расмий маалымалды. Алардын арасында беш кыргызстандык бар экенин Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги билдирди.

21:41 10.1.2022

Алматыдагы башаламандыкка шектелип кармалып, кайра бошотулган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Бишкекке келди.

Рузахунов кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети аркылуу консулдун автоунаасы менен өткөнүн аны тосуп алууга барган жарандардын бири билдирди.

16:47 10.1.2022

Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын алкагында барган кыргызстандык жоокерлер Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG