Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

16:23 10.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» деп атады. Мындай билдирүүнү ал 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз онлайн жыйынында жасады.

Токаев «мамлекеттик төңкөрүштүн аракетинин» артында кимдер турганын айткан жок. Ал башаламандыкка чет жерден келгендер катышканын белгилеп, аларды «террорчулар» деп баалады.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырды.

Токаев ошондой эле ЖККУнун күчтөрүнүн киргизилиши үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Ал эми Путин ЖККУ күчтөрү эч качан «түстүү революцияларга» жол бербестигин жана кайсы бир «тышкы кийлигишүү» болгону тууралуу билдирди. Эл аралык күчтөр Казакстанда убактылуу болуп, андан кийин чыгарыларын кошумчалады.

Азырынча башаламандыктарда канча адам көз жумганы так белгисиз. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун билдирген.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматыдагы башаламандыкта каза болгондордун арасында кыргыз жараны бар экенин "Азаттыкка" кабарлаган.

16:13 10.1.2022

Алматынын Казыбек көчөсүндө жайгашкан өлүккананын алдында 10-январда ондогон адам чогулду.

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти билдиргендей, топтолгондордун арасында башаламандыктар маалында дайынсыз жоголгон туугандарын издегендер жана жакындарынын тек-жайын билүү үчүн келгендер да бар.

Буга чейин атайын кызматтын өкүлдөрү агасын издеп жүргөн активист Дархан Уалиевди кармап кеткен бойдон кое бере элек.

Азырынча башаламандыктарда канча адам көз жумганы так белгисиз. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болгонун билдирген. 9-январда Саламаттык сактоо министрлиги 164 адам көз жумганын маалымдап, кийин бул санды «техникалык ката» деген шылтоо менен жокко чыгарган.

10-январь Казакстанда Аза күтүү күнүү деп жарыяланган.

15:20 10.1.2022

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга" буйрук бергенин сындады.

"Бул буйрук жокко чыгарылышы керек", - деди Блинкен ABC-TV каналына 9-январда курган маегинде.

Буга чейин мамлекеттик катчы казак бийлигинин ЖККУга кайрылуусу суроо жаратарын билдирген.

Мындан мурун "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атаган.

14:08 10.1.2022

Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды

10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар боюнча эки тараптуу тиешелүү иштер аткарылып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Нур-Султан, Актөбө, Актау, Кустанай, Көкчетау, Петропавл, Павлодар, Караганда шаарларындагы кыргызстандыктар менен байланышып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG