Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

14:05 10.1.2022

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулду

Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев "Азаттыкка" билдирди. Учурда Рузахунов Бишкекке келе жатат.

Мунун алдында Кыргызстандын Юстиция министрилиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда кыргызстандык пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги керектиги жазылган.

Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырган.

Кыргыз милициясы музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

12:58 10.1.2022

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда башаламандык маалында Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу маалымат жок экенин "Азаттыкка" билдирди.

"Ал жакта антитеррордук операциянын алкагында миңдеген адамдар кармалып, иликтөөлөр жүрүп жатканы айтылды. Кармалгандар арасында кыргызстандыктардын бар экени тууралуу расмий маалымат ала элекпиз. Элчилик, консулдукта каттоодо турган жарандарыбыз бар, алардын санын тактап жатабыз. Андан сырткары Нур-Султанда, Бишкекте, Алматыда ыкчам жардам берүүчү топтор иштеп жатат. 2-январдан бүгүнкү күнгө чейин (10-январь) бизге миңге жакын Кыргызстандын жараны кайрылды. Алардын суроо-талаптарына жооп берип жатабыз", - деди Казакбаев.

12:56 10.1.2022

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен дипломаттар жолугуп жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Анын айтымында, консулдуктун өкүлдөрү кыргыз жараны менен жолугуп, ага бардык юридикалык жардамды көрсөтүп жатышат.

"Рузахуновдун кайсы жерге кармалып турганы бүгүн эртең менен гана белгилүү болду. Түнү бою Тышкы иштер министрлиги, элчиликтин кызматкерлери иштерди жүргүздүк. Жыйынтыгында, анын Карасай районундагы милиция бөлүмчөсүндө кармалып турганы аныкталды. Эртең менен консулдуктун өкүлдөрү ал жерге барып, биздин жаранга жардам көрсөтүп жатышат", - деди элчи.

Дастан Дүйшекеев учурда Казакстанда канча кыргыз жараны кармалганы боюнча расмий органдар так маалымат бербей жатканын, учурда аны тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

12:48 10.1.2022

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматыдагы башаламандыктан бир кыргызстандык каза болгонун "Азаттыкка" кабарлады.

"Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген бир кыргызстандык жаран каза тапты. Анын тек-жайын аныктоо, сөөгүн алып келүү боюнча элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат", - деди ал.

Элчи Дүйшекеевдин айтымында, Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG