Сары-Арка райондук соту "таблигичилердин" бирин 2,5, калган төртөөнү эки жылга кести. Соттолуп жаткандар бул айыпка анчейин кайгырбагандай түр көрсөттү.
2,5 жылга эркинен ажыратылган Халымбахи Халил гана айыбын моюнуна алганын эске алуу менен өзүн эркиндикте калтырууну соттон суранды. Бирок ал аткарылган жок.
Ал эми айыпталгандардын дагы бири Болатбек Кожагелдинов ушундай сот, прокурорду бергени жана өлкөдө коопсуздук жаатында ушундай иштер аткарылып жатканы үчүн кудайга рахмат айтты. Сот катышуучуларына бакыт каалап, кечирим сурады:
- Өз күнөөмдү толук моюнга алам. Куранда Алла Таала силер адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып, ыйманга келтиргиле деп айткан экен. Ошон үчүн мен Астанада ушул жумушту үйрөндүм жана аткардым. Мен муну танбайм.
Дагы бир айыпкер Ерболат Омарбековдун акыркы сөзү мындай болду:
- "Таблиги жамааттын" ишин өз ыктыярыбыз менен жакшы иштедик. Мыйзам боюнча ал туура эместир, бирок, биз муну патриот болгонубуз үчүн иштедик. Бизде улут аралык мамилеге жакшы көңүл бөлүнгөн. Бирок динге маани берилген жок. Биз ошон үчүн адашып жүргөн казак боордошторубузду баңги болуп кетпесин, селсаяк болуп көчөдө жатпасын, башка секталарга өтүп кетпесин деген ниетте иштедик.
Айыпкерлердин дагы бири аны бир жылга камоону суранган. Ал жогорку инстанцияга арызданар-арызданбасын айткан жок.
Халилдин жактоочусу эң төмөнкү жаза берилгенин белгилеп, апелляциялык арыз жазар-жазбасын акылдашып анан чечерин билдирди.
Ал эми соттолгондордун биринин досу жана жердеши деп өзүн тааныштырган Кайрат Дүйсенбаев өкүмгө нааразы болду:
- Бүгүнкү чечим адилетсиз. Качандыр бир сот да, айыптоочу да түшүнүп, бармак тиштейт. Анткени маселени чечүү ыкмасы туура эмес. Мен мамлекетке, муфтиятка каршылыгым жок. Бирок мындай иштер башынан башкача жүргүзүлүшү керек эле. Маселени чечүүнү күч түзүмдөрүнө берсек, албетте алар ыкчам реакция кылып, ошол жол менен чечишет. Же соттойт же ага шайкеш чечим кабыл алышат.
Анын пикиринде, соттолгондор элдеги диний жагдайга күнөөлүү эмес жана эч кимге үстөмдүк кылышкан эмес.
“Таблиги жамааттын” ишмердигине 2013-жылдын февралында экстремисттик деген негизде Астана шаардык соту тыюу салган. Топтун ондогон мүчөлөрү учурда камакта. Казак бийлиги аталган уюмдун башкы максаты - Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн биринде халифат куруу деп эсептейт.
Ошол эле учурда АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Казакстанды дин тутуу эркиндигине чек коет деп айыптап келишерин да эске алуу зарыл.
Айтмакчы, “Таблиги жамаат” Кыргызстандан башка бардык борборазиялык өлкөлөрдө, Орусияда экстремисттик деп табылып, иш жүргүзүүсүнө тыюу салынган.
Кыргызстанда да аталган уюмду тыюу боюнча байма-бай демилгелер көтөрүлүп келет.
Айрым диний эксперттер “Таблиги жамаат” мүчөлөрү билип же билбей жихадчылардын идеологиясынан дээрлик айырмаланбаган исламды эл арасына жайылтат деп эсептешет.
Ал эми "таблигчилер" бийликке умтулбасын, халифат куруу ниети жоктугун, жөн гана элди динге тарбиялоо мүдөөсү болгонун билдирип келишет.