Казакстандын батышындагы Атырау шаарында жайгашкан УГ-157/9 абагында жаткандарга мусулмандар үчүн ыйык ай деп эсептелген Рамазан айында орозо кармоого тыюу салынганын "Азаттык" радиосунун казак кызматына укук коргоочу Асел Нургазиева билдирди.
- Бүгүн орозо кармаган төрт кишини ички эрежени бузгандыгы үчүн карцерге киргизип салышыптыр. Бирок ал болбой эле орозо кармоону улантып жатышат. Катаал режимдеги абак шартында орозо кармоо оңой эмес.
Нургазиева кошумчалагандай, камактагылар өз суранычтарын туугандары аркылуу айттырышкан. Укук коргоочу мындай тыюу салуу жарандардын дин тутуу эркиндигин чектерин айтууда.
Атырау облусундагы түрмөлөрдө, анын ичинде УГ-157/9 абак жайында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга орозо кармоого тыюу салынганы тууралуу маалыматты облустук Жаза аткаруу департаментинин башчысы Жасталап Басаров да "Азаттыкка" ырастады. Ал орозо тутуу мекеменин ички эрежелерине жана жазасын өтөп жаткан адамдын милдеттенмелерине каршы келерин айтты:
- Бул абакта камактагыларды карцерге отургузгандыгы тууралуу маалымат түшкөн эмес, биз текшерүү жүргүзөбүз. Ал жакта отургандардын баары мусулмандар эмес. Ал эми сегиз сааттык уйку маалында ойгоо жүрүү ал жакта жаткан башка адамдардын конституциялык укугун бузушу мүмкүн.
Жергиликтүүлөр "66-зона" деп атап коюшкан бул түрмөдө учурда 412 киши жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Буга чейин жабык жайларда мындай тыюу салуулар тууралуу маалыматтар чыккан эмес. Мындан бир нече ай мурда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев айрым казак жарандарынын сакал коюп, кыска шым кийип жүргөнү казак салтына жана элине жат экенин белгилеп, буга мыйзам чегинде тыюу салууну сунуштаган.
29-майда укук коргоочулар Казакстандагы жабык жайларда камалып жаткандарды кыйноого алгандарды жазага тартууну талап кылышты. Казакстандагы адам укуктары боюнча бюросунун Костанай облустук бөлүмү Рудный шаарынын тургуну Расим Байсаровду түрмө ичинде кыйнагандарды жазага тартуу талабы менен прокуратура өкүлдөрүнө кайрылышты. 2014-жылы сот процессинде Байсаров көп күнөөлөрдү кыйноо алдында өз мойнуна алганын Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы комитети аныктаган.
Байрамов 2008-жылы уурулукка айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган. Үч жыл жаза мөөнөтүн өтөгөн соң шарттуу түрдө бошотулган. Укук коргоочулардын айтымында, түрмө ичинде ал бир катар кыйноолорго кабылган. Өткөн жылдын башында 33 жаштагы Байрамов көз жумган.
- Азыр биздин колубузда Улуттар Уюмунун жана улуттук соттордун чечими бар, алардын бардыгы түз же кыйыр түрдө Байрамов кармоо учурунда бир канча укуктардан ажыратылганын көрсөтүп турат. Маселен, ага адвокат дароо берилген эмес жана көрсөтмөлөрдү кыйноо менен алышкан, - дейт "Азаттыктын" казак кызматына адам укуктары боюнча бюронун өкүлү Анастасия Миллер.
Укук коргоочулар прокуратурадан учурда кыйноо жана катаал мамилеге кабылды делген 60 иш боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты. Ал иштердин арасында Костанай СИЗОсунда 2015-жылы көз жумган Евгений Тугулевдун да иши бар.
Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун Костанай облустук бөлүмү билдиргендей, жыл башынан бери аймакта кыйноолор боюнча 10 жаңы кайрылуу түшкөн. Ал эми Улуттар Уюмунун комитети Казакстан боюнча кыйноолорду тааныган 11 чечим чыгарган. Алардын экөө боюнча чечим аткарылганын укук коргоочулар белгилешти.