Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

«Нур-Отан» Токаевди шайлоого аттандырды


Қасым-Жоомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаев. 23-апрель, 2019-жыл.
Қасым-Жоомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаев. 23-апрель, 2019-жыл.

«Нур-Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан президенттик шайлоого Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Аны партиянын делегаттары бир добуштан колдоп берди. Мамлекетти 30 жыл башкарган экс-президент Нурсултан Назарбаев өткөн айда ыйгарым укуктарын токтотуп, бийлигин Токаевге өткөрүп берген. Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.

23-апрелде Нур-Султан шаарында бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын XIX курултайы ачылганда алгачкы болуп сөз алган партиянын лидери, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоого алар көптөн берки өнөктөшү Касым-Жомарт Токаевди сунуш кыла турганын жарыялады:

«Мен партиянын төрагасы катары Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин Казакстан президентинин кызматына көрсөтүү тууралуу маселени съезддин кароосуна сунуш кылам. Көп жыл чогуу иштеп билген адам катары аны өлкөбүздөгү эң жогорку ушул кызматка татыктуу адам деп эсептейм. Касым-Жомарт Токаев эгемендиктин алгачкы күндөрүнөн бери мени менен абдан жоопкерчиликтүү жерлерде иштеди. Ал Тышкы иштер министрлигин жетектеп, мени менен Казакстандын тышкы саясатын түзүп чыккандардын бири».

Касым-Жомарт Токаевдин өмүр таржымалына, жасаган иштерине токтолгон Назарбаев аны «эң тажрыйбалуу саясатчы» деп атады.

Ушундан кийин сөз алган «Нур-Отандын» мүчөлөрү да Токаевдин талапкерлигин бир ооздон колдоп, жыйынтыгында аны шайлоого аттандырды. Казакстандын басма сөз каражаттары Нурсултан Назарбаев курултайдын соңунда көзүнө жаш алганын жазышты.

Буга чейин казакстандык саясатчылар жана эл аралык талдоочулар бийликтеги «Нур-Отан» партиясы шайлоого өткөөл президент Касым-Жомарт Токаевди алып чыгабы же Назарбаевдин тун кызы Дариганын талапкерлигин сунуш кылабы деп күтүп жатышкан.

Казакстандык саясатчы Уалихан Кайсаров «Нур-Отан» партиясы Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин саясий кырдаалды эске алуу менен сунуш кылды деп эсептейт. «Токаев, биринчиден, туңгуч президенттин режимин улантуучу эң ылайыктуу адам болсо, экинчиден, Дарига Назарбаеванын талапкерлиги элдин нааразылыгын туудурмак» дейт саясатчы:

«Кантсе да алар коомчулуктан маанайын эске алышты. Анткени мен билген да, билбеген да адамдар эгер Дарига Назарбаеванын талапкерлиги көрсөтүлө турган болсо эл көчөгө чыгып, нааразылыгын абдан катуу жана ачык билдире тургандыгын айтып жатышкан. Ошондуктан Назарбаев тобокелге салгысы келген жок. Анткени кырдаал туруксуз. Ашыкча коркунуч ага азыр өзүнүн режимин сактап калуу учурунда кереги жок. Дарига Назарбаева ушул сыяктуу пикирлерден улам азыр эң ылайыксыз адам болгондуктан талапкерлердин тизмесине кирбей калды».

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Бул тууралуу убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев 9-апрелде жарыялаган. Эркин талдоочулар бийлик чукулунан шайлоо жарыялап, башка саясий күчтөргө ага даярданууга мүмкүнчүлүк беришкен жок деп эсептешет.

22-апрелде Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи талапкер, журналист Садыбек Тугел документин тапшырды. Анын талапкерлигин «Улы Дала Кырандары» партиясы көрсөткөн.

Ушул эле күнү Жалпы улуттук социал-демократиялык партиянын саясий саясий кеңеши шайлоого «Дат» гезитинин жетекчиси, журналист Ермурат Бапинин талапкерлигин саясий уюмдун атынан көрсөтүү маселесин ушул аптада партиянын жыйынында карала турганын кабарлаган. Ага чейин саясатчы Жакшыбай Базилбаев да шайлоого катышарын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG