Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Казак депутаты КТКга соккуларды колдогондордун постторун текшерүүнү сунуш кылды


Айдос Сарым
Айдос Сарым

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын – мажлистин депутаты Айдос Сарым башкы прокурорго кайрылып, Каспий куур консорциумунун (КТК) инфраструктурасына соккуларды колдогон жарандардын аракеттерине укуктук баа берүүгө чакырды.

«Социалдык тармактарда мамлекет үчүн абдан маанилүү инфраструктурага жасалган чабуулдарды ачык эле жактырган жана колдогон жарандардын посттору жарыяланып жатат. Мындай аракеттер Конституцияда каралган сөз эркиндигинин алкагынан чыгат жана Казакстандын улуттук кызыкчылыгына залакасын тийгизет», - деп билдирди депутат 17-декабрда.

Депутат ошол постторду текшерип, зарыл болсо Кылмыш-жаза кодексинин «терроризмди пропагандалоо» жана «мамлекеттик чыккынчылык» беренелерине ылайык жоопко тартууну сунуш кылды.

Сарым 29-ноябрда КТКнын инфраструктурасына сокку урулганын эске салды. Анын натыйжасында деңиз терминалындагы жабдуу иштен чыгып, мунайды танкерлерге жүктөө дээрлик токтоп калган.

Казак Тышкы иштер министрлиги ал үчүн жоопкерчиликти Киевге жүктөп, мындай аракет эки тараптуу мамилелерге көлөкө түшүрөрүн белгилеген.

Мунун артынан украин тышкы саясий мекемеси жооп кайтарып, Астананын "тынчсыздануусун эске алганын", чабуулдар Казакстанга каршы эмес, "Орусиянын толук агрессиясына каршы туруштук берүүгө багытталганын" билдирди. Бирок КТКга сокку урганын мойнуна алган жок.

Киев ошондой эле Казакстан Украинанын бейкүнөө тургундарына, турак жайларга, жарандык инфраструктурасына жана энергетикалык системасына урулган соккуларды айыптаган билдирүү жасабаганын эске салды.

Казакстан жана Орусиядан тышкары КТКнын акционерлери арасында Батыштагы ири мунай компаниялардын филиалдары бар. Куурга дүйнөлүк мунай ташуунун 1% туура келет.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG