Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү


Казакстандын мурдагы жана азыркы президенттери Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын мурдагы жана азыркы президенттери Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жомарт Токаев.

«Нур Отан» партиясынын лидери, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Сенаттын экс-спикери, 20-марттан бери мамлекетти башкарууга киришкен Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттикке сунуш кыла турганын билдирди. Бул тууралуу Назарбаев бүгүн, 23-апрелде «Нур-Отан» партиясынын XIX жыйынында билдирди.

- Бул кызматка эң татыктуу талапкер деп эсептейм, - деди ал тууралуу Назарбаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган. «Нур-Отан» партиясына мүчө болгон Токаев 20-мартта ант берип, президенттиктен кеткен Назарбаевдин ордун баскан.

Дээрлик 30 жылдан кийин мамлекеттик башчылыктан кетсе да, партиянын төрагасы бойдон калган экс-президент Нурсултан Назарбаев 10-апрелде билдирүү таратып, «Нур-Отан» партиясы 23-апрелде кезексиз курултайын өткөрөрүн маалымдаган.

22-апрелде Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи талапкер, журналист Садыбек Тугел документин тапшырды. Анын талапкерлигин «Ұлы Дала Қырандары» партиясы көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG