Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Дуванов: Назарбаев - көмүскө саясаттын чебери


Казакстандагы оппозициячыл журналист, укук коргоочу Сергей Дуванов.
Казакстандагы оппозициячыл журналист, укук коргоочу Сергей Дуванов.

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткени менен өлкөдө кескин өзгөрүүлөр болбойт. Мындай пикири менен Казакстандагы оппозициячыл публицист, Назарбаевдин бийлиги маалында үч жарым жылга кесилип, абакта отуруп чыккан Сергей Дуванов “Азаттыктагы” маегинде бөлүштү.

"Азаттык": Нурсултан Назарбаевдин өлкө башчылыгынан кетүү тууралуу чечим кабыл алышына эмнелер себеп болду?

Сергей Дуванов: Мен эки себепти айтар элем. Биринчиси - анын жашы өтүп калгандыктан президенттин ишин аткаруу кыйын болуп калды. Анткени бул оңой жумуш эмес, ары-бери көп катташ керек, көп адамдар менен жолугушуулар болот, ар кандай деңгээлдеги конокторду тосуп алуу, иш-чараларга катышуу деле улгайып калган адам үчүн кыйын. Ал болгону ушул жумуштун баарын башка адамга өткөрүп берүүнү каалады.

Экинчи себеп - өлкөдө бийликтин саясатына жана президенттин жеке өзүнө карата нааразылык күчөдү. Буга, албетте, соңку кездери өрчүгөн социалдык маселелер да түрткү болду. Нааразылык акциялары бийликке каршы маанайды курчутту. Эл министрлерден жана башка аткаминерлерден эмес, көп нерсе Назарбаевден көз каранды экенин түшүнүп калды.

Назарбаев Коопсуздук кеңешинин башчысынын кызматында калуу менен бардык жоопкерчиликти жана сынды азыркы президентке, тактап айтканда Касым-Жомарт Токаевге, өкмөткө жана парламентке калтырды. Мындан ары ал эми сырттан байкоочу катары көз салып, маанилүү иш-чараларда гана пайда болуп турат. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысынын кызматы ага өкмөттүн да, парламенттин да, президенттин да ишин көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет.

Назарбаевдин президенттиктен кетүү тууралуу кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:10 0:00

"Азаттык": Айрым эксперттер Назарбаевдин кетиши менен Казакстанда клан аралык тирештер күчөйт деп айтып жатышат. Буга сиз кошуласызбы?

Сергей Дуванов: Кландар ортосундагы тиреш ар дайым болуп келген. Ал эч качан жоголгон эмес. Бирок бул маселе ар дайым президенттин көзөмөлүндө болчу жана мындай маселе чыкса оңой эле чечип келген. Кландар өз кызыкчылыктарын коргоп, ар кандай тирештер күчөйт деген имиш сөздөргө карабастан, мен Назарбаев азыр да абдан күчтүү жана анын баарын басууга кудурети жетет деп ойлойм.

"Азаттык": Назарбаев президенттиктен кетти, мындан улам Казакстанда өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

Сергей Дуванов: Мен өзгөрүү болбой турганына бөркүмдөй ишенем. Назарбаевдин бул кадамынын максаты - болгону өзү курган системаны сактап калуу дегенди билдирет. Бийлик пирамидасы ошол бойдон калды, болгону анын төбөсү гана алмашты. Президент бир аз көлөкөгө кетти, ал элге көп чыкпашы мүмкүн. Бирок бийлик анын колунда кала берет. Ошондуктан мен өлкөдө кандайдыр бир кескин өзгөрүүлөр болуп кетет деп ойлобойм.

Кыргыз саясатчылары Назарбаевдин кетиши тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

"Азаттык": Сиз Нурсултан Назарбаевдин Казакстан тарыхындагы ордун кандай баалайсыз?

Сергей Дуванов: Тагдырдын буйругу менен ал керектүү учурда керектүү жерде болуп калган. Ал бул мамлекеттин башына элине сиңген эмгеги үчүн же күрөшүп жүрүп жеткен эмес. Ушундай болуп калды же жөн гана ийгилик жылмайды. Ага бардык жагынан оңдой берди болду. Эл да ага отуз жыл баш ийип, ушул убакытка чейин эч кандай нааразылык билдирбей, тынчын алган жок, ага ашыкча көйгөй жараткан жок.

Албетте ушул жылдары Казакстанда болгон окуялардын баары - жакшысы да, жаманы да Назарбаевдин аты менен байланыштуу. Ошентсе да мен жаман жагы көп болду деп ойлойм.

Бирок бул жерден анын күчтүү сапаттарын белгилей кетишибиз керек. Ал көшөгө артындагы оюндардын чебери, карама-каршы тараптар менен ойногонду жакшы билет. Маселен ошол эле ички кландар арасында, аймактагы таасирдүүлүк үчүн күрөшкөн тышкы саясаттагы тараптар ортосунда да ойногонду билет. Президенттигинин башында ал элдин ишенимине кире алды.

Андан кийин коңшулардагы революцияларды эске алуу менен мындай окуялар Казакстанда да болуп кетпеши үчүн баарын алдын алды. Бардык тобокелчиликтер азайтылды. Күч түзүмдөрү бекемделип, оппозиция таркатылды, көз карандысыз маалымат каражаттары жабылды, бейөкмөт уюмдар көзөмөлгө алынды. Айтор, бардык чаралар көрүлүп, акырында бийликке каршылык көрсөтө ала турган эч ким деле калбай калган.

"Азаттык": Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ант берип, өлкө башчысынын кызматына киришти. Токаев кийинки шайлоодо утуп, Казакстандын шайланган экинчи президенти болуп калышы мүмкүнбү?

Сергей Дуванов: Касым-Жомарт Токаев – өткөөл фигура. Ал Назарбаевдин өтө ишенимдүү кишиси. Ага өткөөл мезгилде, кийинки президенттик шайлоого чейин ишеним берилди. Ал аралыкта Назарбаев ким президент болорун чечет. Мен Дарига Назарбаева президент болот деп ойлойм.

"Азаттык": Рахмат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG