Ысык-Көл: милициянын рейди, кафедеги той
Коронавируска байланыштуу Ысык-Көлдө компьютердик клуб, кафе-ресторандарда рейд жүрдү. Текшерүүнүн жүрушүндө айрым жарандар карантинге карабастан кафеде эс алуусун улантып, кээ бири кыз узатуу тойлорун да берип жатканы аныкталды. Укук коргоо органдарынын кызмакерлери алар менен сүйлөшүп, той-аштарды убактылуу токтото турууга чакырып жатат.