Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Канаты кайрылган илимпоздун кайгылуу тагдыры


Назир (Назым) Төрөкулов (1892 -1937) .
Назир (Назым) Төрөкулов (1892 -1937) .

Совет бийлигинин Борбор Азия жергесинде бекем орун-очок алышына көмөгүн көрсөтүп, кыйын мезгилде жан аябай кызмат кылган билимдүү улут интеллигенциясынын көбү саясый куугунтуктун курмандыгы болгон. Алардын бири - Кокондо төрөлүп, Ташкенде иштеп, кийин Москва, Петербургда кызмат өтөгөн Назир Төрөкулов болгон.

Минскиге барган кокондук студент

Назир, дагы бир булакта Назым Төрөкул уулу өз мезгилинин билимдүү инсаны болгон. 1892-жылы Кокондо төрөлгөн, атасы пахта, кездеме сатып байлыгын арттырган, чөлкөмгө аты чыккан шаардагы бай адам болгон. Башталгыч билимди төрөлгөн шаары Кокондогу Усули жадид мектебинен алган.

1904-жылы мектепти аяктап, эки жылдан кийин жергиликтүү улут өкүлдөрүнүн арасынан падышалык акимчилик кызматында иштөөгө жарамдууларды даярдаган орус окуу жайын бүтүргөн. Табиятынан зээндүү, жакшы билим алган себептүү жаш кезинен бир нече тил билип, ишкердик жаатында иштөөгө өткөн.

1914-жылы ошол эле Кокондогу коммерциялык окуу жайын аяктаган. Москвадагы коммерция институнун экономика факультетин үчүнчү курсун бүтүп-бүтпөй окууну таштоого мажбур болгон. 1916-жылы падышалык Орусиянын колониялык калктарды аскер-оорук иштерине тартуу боюнча жарлыгы чыгып, Н. Төрөкулов траншей казууга барып биринчи дүйнөлүк согуш талаасын көргөн.

“1916-жылы Түркстандагы окуялар оорук жумуштарына тартылган жумушчу-туземдерге жардам берүүгө түрттү. Аң казган жумушчулар жерине кайтарылганча мен Земсоюзда иштедим. Ал жерде студенттер арасында Минскиде мугалим болчулардын “Эркин талаа” коомчулугун түздүм. Бул коомдун алгачкы чакырыктарын гана чыгарууга жетиштим, үндөөлөр шапирографта басылган болчу, алгачкы уюштуруу жыйынын Орунбордо өткөрдүм”, - деп жазган Н. Төрөкулов 1922-жылы толтурган өмүр баянында.

Орунбордогу уюштуруу жыйыны 1917-жылы өткөн. “Земсоюз” - Минск менен Барановичедеги Батыш фронтунун комитетинин инструктору болуп иштеп жүргөндө жердештердин жашыруун “Эркин талаа” коомун уюштурган.

Н.Төрөкуловдун жаңы бийликке мамилеси бир кылка болгон эмес. 1917-жылы алгач солчул эсерлер катарына кошулуп, көп өтпөй Түрк Республикасынын жумушчу, аскер жана мусулман депутаттарынын катчысы кызматына өтүп, Кокон (мурдагы Скобелев) шаарынын облустук революциялык комитетинин президиум мүчөсүнө шайланган.

Кокон шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 1918-жылы октябрда РКП(б) мүчөлүгүнө өткөн. Кокондо иштеп жүргөндө бир топ басылмаларды уюштурууга катышкан.

Жаңы бийликти колуна курал алып коргоого катышкан, Кызыл аскерлер катарында кызмат өтөгөн. Түркстан атчан аскрелеринин саясий башкармалыгын жетектеген.

1918 – 1919-жылдары ал Кокон уездик аткаруу комитетинин катчысы, билим комиссары, билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 1920-жылдан тарта Ташкенде крайлык мусулман бюросунун “Иштрати Июн” гезитинин редакторлугуна дайындалган.

Н.Төрөкулов “Акыйкат”, “Билим очогу”, “Түркмөн эли”, “Казак муңу”, “Ак жол”, “Калк газетасы”, “Ыңкылап” журналы, “Коммунисттик маданият менен билим берүү кабарларынын” чыгышына, таратылышына көмөк көрсөткөн, макалалар жазып турган.

Жергиликтүү улут өкүлдөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп Түркстан автоном республикасынын жетекчилик кызматтарына шайланган. 1920 – 1921-жылдары Түркстан билим берүү эл комиссары, аз убакыт Түркстан КП(б) БКнын катчысы, 1921-жылдын ноябрынан кийинки жылдын мартына чейин Түркстан Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы кызматын аркалаган. Аткаруу бийлигинин башчысы кезинде Назир Төрөкулов жергиликтүү элдин кыйла кылымдык салтын эсепке алып, жуманы эс алуу күнү деп жарыялоо тууралуу декретке кол койгон. Ага улай төраганын Курман айтты үч күн катары менен майрамдоо тууралуу токтому жарыяланган.

1920-жылдар совет бийлигинин тагдыр жолун аныктаган карама-каршылыктуу, өкүмзор бийлик системасын жактыргандар менен улуттук өз алдынча башкаруу линиясын колдогондор ортосунда ачык-тымызын күрөш күчөп турган. Дал ушул кезде түрк калктарынын арасынан билимдүү, улуттук максат-мүдөөнү бийик койгон, жаңы бийликке үмүт артып, көп тилдүү, аркыл диний ишенимдерди карманган калктардын кызыкчылыгын баарынан жогору койгон ишмерлер чыккан. Жусуп Абдырахманов сындуу кылымда бир жаралчу ишмерлердин өзүнчө бир плеядасы саясий турмушка аралашкан. Алардын текши баары өз калкын сабатсыздыктын торунан алып чыгып, илим-билимди жайылтуу зарылдыгын жакшы билишкен, мектептерди ачып, билим алууга умтулган жаштарды кыска мөөнөттүү курстардан окутуп, сабатсыздыкты кыска убакыт ичинде жоюуга киришкен.

Назир Төрөкуловдун жылдызы жанган учур түрк калктарынын маданий ренессансына туш келген.

Ал Түркстан автоном республикасынын кең аймагын иш боюнча кыдырып, эл турмушун көрүп, жаңы бийликтин жайылышы кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга кабылып жатканын, жергиликтүү жана борбордон келген жетекчилердин кимиси кандай экенин, алардын дарамет-деңгээлин мыкты билген. Көп тилдерди билгендиги, көп окугандыгынын пайдасы тийип, айланасында болуп жаткан саясый-коомдук процесстердин багытын, жабыла алдыга сүрөп жаткан бийликтин мүчүлүштүгүн байкап туган. Ошол эле учурда жетиштүү дегидей тажрыйба топтоп, чоң тайпа журттун жоопкерчилиги менен милдетин өз мойнуна алууга жараган кадрларды Москва активдүү иштен четтете баштаган.

Андай тагдыр Н. Төрөкуловдун да башына келди. Ири жыйындарда, көпчүлүк катышкан чогулуштарда ал апачык жаатташууга барбай, ортолук мунаса чечим табууга ыктачу.

Сауд Арабиядагы биринчи элчи

1922-жылдан тарта Н. Төрөкуловдун кызмат жолу башкалаа Москвага өткөн, анын өмүр жолундагы дагы бир барак – элчилик кызмат, дипломатия тилкеси башталган.

1922-жылдан 1928-жылга чейин ал Чыгыш элдеринин борбордук басма башкармалыгынын төрагасы, Жалпысоюздук Чыгыш таануу илимий ассоциациясынын президиум мүчөсү, Чыгыш элдери институтунун ректор орунбасары болуп иштеген.

Басма негизинен Чыгыш элдеринин тилинде китеп басып чыгаруу иштерин жөндөөчү. Алты жыл аралыгында 50 тилде 60 миллион нускада окуу, илимий-популярдуу, саясый, публицистикалык, ошондой эле көрсөтмө куралдар басып чыгарылган. Булар менен кошо аталган басмадан 12 тилде 21 аталыштагы мезгилдүү басылмалар жарык көрүп турган.

Айтса, ушул учурда 1925-жылы Москвадан араб ариби менен Тыныбек жомокчунун Семетей эпосунан үзүндү, Касым Тыныстановдун “Касым ырларынын жыйнагы”, жазгыч акын Молдо Кылычтын “Тамсилдер” жана башка китептер жарык көргөн.

Назир Төрөкуловдун билим берүү ишине кошкон салымы да өзүнчө кеп кылууга арзыйт. 1925-жылы ал Бүткүл союздук мугалимдердин 1-курултайына катышкан. Жыйында жергиликтүү тилдеги мектептерди ачууну, кыз-келиндерди окууга тартууну, атайын кесиптик билим берүү, айыл чарба мектептерин көбөйтүүнү сунуштаган. Төрөкуловдун ошол кездеги көпчүлүк жетекчилерден өзгөчөлөнгөн бир айырмачылыгын изилдөөчүлөр белгилеп жүрүшөт.

Маркстик “дин – элдин башын айланткан апийим” экенине айныксыз ишенип алган көп аткаминерлерден айырмаланып, Н. Төрөкулов диндин адамзат тарыхындагы ордун жогору баалачу, ислам ренессансынын маани-жайын мыкты билчү. Башкасын айтпаганда да, анын Түркстан Борбордук аткаруу комитетин жетектеп турганда жума күнүн дем алышка кошконун большевиктик замандагы жарандык батылдык катары бааласа болот.

1926-жылы Бакуда өткөн Жалпы союздук түркологиялык курултайда ал түрк калктары араб арибинен латын тамгасына өтүшүн жактап чыккан. Жаңы түрк жазмаларын латын арибине өткөрүү долбоору 1923-жылдан 1928-жылга чейин созулган.

Жети тил билген мыкты адисти дипломатиялык кызматка дайындоо сунушу дал ушул жылдары көтөрүлүп, 1927-жылдын 24-ноябрында ВКП(б) БКнын саясий бюросу "Төрөкуловду Гежиге ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындоо тууралуу” чечим кабыл алган. Белгилүү болгондой, ал кезде Сауд Арабия Хижаз, Неж баш болгон бир нече аймактардан турчу. Ошентип Назир Төрөкулов Совет өкмөтүнүн ири араб өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Одессадан кеме менен чыкканына туура эки ай толгондо 1928-жылдын 3-октябрында өкүл Жиддада ишеним грамотасын Абдел Азиз аль-Сауддун уулу канзада Фейсалга тапшырган. Ал кыска убакыттын ичинде араб тилин үйрөнүп, королдуктун өкүлдөрү менен тилмечсиз сүйлөөгө жетишкен.

Түрк, орус тилдеринен тышкары ал француз, албан (немис) тилдеринде эркин сүйлөгөн. Сауд Арабия королу Н. Төрөкуловду “тууганым” деп атаган. Ал кезде Сауд Арабиясы табигый ташкан байлыктын эсебинен бай өлкөлөр катарына кире элек экономикалык жагынан чабал, феодалдык башкаруу системасынан кантип бошонуп, кубаттуу мамлекеттер менен кандай мамиле-катнаш түзүүнү так аныктай элек кези болчу.

Ал учурда канча жылдар казса да кору азайбаган карамайдан дайын жок, май чыракка күнү түшүп турган жакыр өлкөгө советтик белек катары берилген миң литр керосин, бензин өзгөчө баалуу жардам эсептелген.

Эңгезер СССР атынан барган элчинин сегиз жылдык ишинин негизгилеринин бири 1932-жылы канзада Фейсалдын совет өлкөсүнө он күндүк иш сапарын уюштуруусу болгон. Араб дүйнөсүндө таасирин арттыруу үчүн атеисттик совет өкмөтү Сауд Арабияга телефон станциясын орнотуп берген. Кийин королдуктун канаты жайылып 1932-жылдан тарта Сауд Арабия королдугу аталган. Советтик элчинин аракети менен совет өкмөтүнүн Ооганстан, Түркия, Иран, Ирак, Сирия, Иордания менен мамилеси жакшырып, ортолук экономикалык карым-катыш күчөгөн.

Сталиндик репрессиянын жаалы күчөй баштаган чакта 1935-жылы 31-августта ВКП БКнын бюросу элчи Төрөкуловду чакырып алуу чечимин кабыл алган. Араб дүйнөсүнүн кадырлуу өкүмдарынын сый-урматына арзыган элчинин көп өтпөй жок кылынышы Сауд Арабия бийлигин нааразы кылып, СССР менен дипломатиялык байланышын толук үзүүгө алып келген, ортолук катыштар кан буугандай токтотулган. Мындай абал социализм тарыхый аренадан кулап түшүп, эңгезер коммунисттик империя жоюлганга чейин созулган.

Дипломатиялык ишти жакшы жолго коюп, мусулман дүйнөсүндөгү таасирдүү өлкө менен совет өлкөсүнүн мамиле-катышын жакшыртууга олуттуу салым кошкон Н.Төрөкулов Москвага келгенден кийин Чыгыш элдеринин тилдери жана жазуусу институтуна ишке орношкон.

Буга чейин 1922-жылы анын “Орус-өзбек тилинин соцалдык-саясий сөздүгү” чыккан болчу. Түрк тилдерин араб тамгасынан латын арибине өткөрүү тууралуу “Улуттар турмушу”, “Жаңы Чыгыш” журналдарына макалаларын жарыялап турган. Көңүлүнө жакын жумушун улантып, илимий иштерине баш-оту менен кирип кеткен дипломат илимпозду жаңы жумушунда деле көпкө отургузушпады.

1937-жылы 17-июлда НКВД кызматкерлери Н.Төрөкуловду жумуш үстүндө отурган жеринен камакка алышкан. Ошол эле жылы 3-ноябрда антисоветтик пантүркчүл үгүт жүргүзгөндүгү, советтик түзүлүшкө каршы чыккандыгы үчүн СССР Жогорку соту тарабынан атууга өкүм кылынган. Өкүм чыккан күнү ишке ашырылган. Назир Төрөкулов 46 жашта болчу.

1958-жылы СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясы кылмыштын жоктугуна байланыштуу аны актаган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG