Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:56

"Балдарынын баары камалган". Жантай болуштун катаал тагдыры


СССРдин аймагында кулакка тартылгандар жол куруп, баалуу металды казган. Архив сүрөт.
СССРдин аймагында кулакка тартылгандар жол куруп, баалуу металды казган. Архив сүрөт.

Жантай Кененсариев (Кененсарин) орус оторчулугу тушунда Сокулук болушу, совет бийлиги тушунда саясый куугунтукка туш келип дайынсыз жок болгон тагдыры татаал инсандардын бири.

Белгилүү ага-инилер

“Азаттык” Жантай болуштун иниси Бөрүбай Кененсариев тууралуу эскерүүнү мындан үч жыл илгери жарыялаган.

Бөрүбай Кененсариев Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуп жүргөндө бир топ ырларын, кара сөз чыгармаларын жарыялап адабий чөйрөгө белгилүү болуп калган. Совет бийлигинин кысымына кабылып, түрмөсүнө да жатып, жазгандарынан кадалып саясый айып таба беришинен тажап абактан бошонуп келгенден кийин чыгармачылыктан кол үзүп койгон. Анын үстүнө совет бийлиги Кененсариевдердин жетөөнү сүргүнгө айдап, түрмөсүнө тыгып, калайманды катуу салган.

Абдысейит Кененсариев (1884-жылы туулган. Жантай болуштун уулу).
Абдысейит Кененсариев (1884-жылы туулган. Жантай болуштун уулу).

Бөрүбай Кененсариевдин бир тууган агасы Жантай убагында Сокулук болушу кызматына жетип, кыйла жыл эл башкарган. Кийин совет бийлиги келгенден кийин да эки тизгин бир чылбыр колунан түшкөн эмес. Бирок бул кыска мөөнөткө гана созулган, жаңы бийлик канатын кенен жайгыча мурдагы башкаруучулар кызматынан пайдаланган.

Кенесарынын беш баласы Жантай, Бөрүбай, Аписа, Дарийка, Нурасима совет кезинде оор кыйынчылыктарга туш келген. Баштагы күтүрөгөн малы, дүйнө-мүлкүн жаңы бийлик тартып алып, манаптын балдары нака кедей турмушуна өтүшкөн. Ачкадан өлүп калбаштын аргасын кылып бойго жетелек кыздарды күйөөгө беришке мажбур болушкан.

Айтса, иши жүрүшүп заманы келип турганда 1903-жылы Чүйдүн дагы бир белгилүү манабы Өзүбек Бошкоев Жантайдын эки жашар кызына куда түшүп 40 жылкы, 1000 сом акча, тору жоргонун көкүлүнө кебез байлап, эки ирикти куйкалатып, эки кап боорсокту төөгө артып өзгөчө шаан-шөкөт менен келгенин Бөрүбай Кененсариев “Шайлоо” деген жанытмасында жазган. Кудалыкка Өзүбектин уулу Султан баштап келип, Сокулуктун Сазында кудалардын урматына той түшкөн, өзгөчө шаан-шөкөт узакка созулган. Ат чаап, эр сайыштырып, салтанат соңуна чыгып, келген эл тарагандан кийин эки куда бериле турган калың мал канча болорун чечишкен. 50 жылкы, 200 кой, 4000 сом акча. Ал эми кызга берилчү сеп калың малдын баасынан кем болгон эмес.

Бөрүбай Кененсариевдин ырасташынча, Өзүбектин үч аялынан сегиз уулу болгон. 40 000дей кою, 3 миңдей жылкысы. Буга кошуп жылына бир миң гектар жер айдатып, 40 гектар жердеги багынын мөмөсүн жыйнатып, Пишпекте төрт короосунда толтура кызматчылары, малчылары, жигиттери турган. Тагдырдын тамашасы, ошол Өзүбек келин кылып алмай болгон Жантайдын кызы кийин совет бийлигинин куугунтугуна кабылып, оюна эмес түшүнө кирбеген кедей жашоого аргасыз көнгөн. 1916-жылкы апааттан аман калган калктын бай-кедейинин айырмасы деле жоголуп, жашоо-турмушу совет бийлигисиз эле теңделип калган эле.

Бөрүбай Кененсариев “ата-теги манап” экенин жашырган эмес. Нарындагы партиялык уюм катчысына ата-теги тууралуу маалымат берип жатып манаптын тукуму экенин, атасынын эки теше жери, бир музоолуу ую бардыгын атайын белгилеген. Орус княздарынын эсепсиз байлыгын эстеген партиялык уюм катчысы Зайцев кыргыз манабынын ушунчалык жупуну, кедей жашаганына ишенип-ишенбей Бөрүбай Кененсариевдин социалдык тегине “манаптан” деп жазып койгон.

Сары Өзөн Чүйдөгү белгилүү манаптардын бири Кененсарынын укум-тукуму совет бийлиги кезинде кандай азаптарга туш келгенин, бабаларынын биралдын кызык, экинчи жагынан кайгылуу тагдыр жолу тууралуу үзүл-кесил маалыматтарды Индира Абдысейитова бала чагында атасынан уккан.

Каргадай кезинен катаал жашоону башынан кечирип, сүргүн-абактардан биротоло жүрөкзаада болуп калган Абдысейит Кененсариев атасы тууралуу уккан-билгендерин Максүт баласына айтып берчү. Баарын айтканга болбойт, бирок да 1928-жылдан тарта куугунтукка кабылган кайрандар тууралуу кийинки муун биле жүрүшү керек го. Атасынын эмнеликтен эч кимге айтпас жан сырын каргадай кызына айтып келишинин себеп-жөнүн Индира Абдысейитова кийин гана билди.

Азапка түшкөн жетөө

Учурунда Сары Өзөн Чүйдүн бир танабын бийлеген бабасынын балдары совет бийлиги кезинде Украинага сүргүнгө айдалып, абакка кесилип, кош аяктуу пенде гана чыдай алар опсуз азаптарды көрүшкөнүн ушу азыр урпагы эстеп олтурат. Атасы өкүт менен кулагына куя берчү бабасы Жантай Кененсариев кайсы жерде көмүлгөнүн билип, арбагын эскерип коюу аракети намыскөй кызды башта-кийин аралашпаган ишке түрттү, Кыргызстандагы саясый куугунтук курмандыктары тууралуу болушунча маалыматтарды топтоого, архивдерди издөөгө киришти.

Маанилүү маалыматты коопсуздук кызматкери, илимпоз Болотбек Абдырахмановдун 1920-1953 жылдардагы саясый репрессиянын курмандыктары тууралуу 10 томдук китебинен тапты. Анда ага-ини Жантай, Бөрүбай Кененсариевдер тууралуу кыскача маалымат берилген.

“Тирелген китептердин арасынан колума тийген китептердин бирин алып ача койсом чоң аталарымдын аты-жөнү жазылып турат, бул мени аябай таң калтырды. Чоң аталарым, жакын туугандарым жөнүндө маалыматтар аябай эле кыска экен (фамилиясы, аты, жылы, туулган жери, улуту, беренеси анан өкүм). Мен эми издөөмдү токтотпойм, бабамдын кайсы жерде көмүлгөнүн билгим келет”,- деп эскерет Индира бабасынын тагдырына кызыгып калышынын жөн-жайына токтолуп.

Абдысейит Кененсариев уулу Максүт менен.
Абдысейит Кененсариев уулу Максүт менен.

Индира Абдысейитова Москвадан билим алган, арадан кыйла жылдар өткөн соң ата-бабасынын тарыхына кызыгып, репрессиянын жөн-жайын иликтөөгө өттү.

“Бабамы эле эмес, анын иниси Бөрүбай Кенесаринди да репрессиялашканын ошондо билдим. Жантайдын балдарын да репрессиялашкан. Балдарын камап атышпайбы, чоң уулу Садыбакас, Үсөн, Абдысейит, анан Маликайдар. Абдысейит менин чоң атам, атамын атасы, атамын аты Максут. Караңыз эми, баары бир жылда камалышкан. Бир айда десе да болот, күндөрүндө гана кичине айырма бар. Бири эртерээк, экинчиси андан кечирээк, бирок баары репрессияланган. Алты киши бир убакта репрессияланган. Жантай, иниси Бөрүбай, анан төрт баласы”.

Жантай Кененсариев 1928-жылы репрессия аз-аздан жайыла баштаган чакта камакка алынып Украинага сүргүнгө айдалган. Алгач Москвага, андан Лениградга, Киевге, соңунда Украинанын Одесса шаарына айдалган. Ага улай эле аны Казакстанга жер котортушкан. Индира Абдысейитова атасы Максуттун эскерүүсүнө таянып, Жантай Кененсариев сүргүндөн туулган жерине аман-эсен кайтканын эскерди.

“Кыязы, аны бошотушкан шекилдүү, жерине кайтып келген. А бирок бул жерде деле көпкө турбаптыр, атамын айтканына караганда, аны экинчи ирет НКВД камакка алган. Ошондон кийин дайынсыз жок болгон. Ушул эле маалыматты Болот Абдырахмановдун китебинен да көрдүм. Көрсө, 1934-жылы ал кайра репрессияга туш келип камакка алыныптыр, анан оор өкүм. Менин билишимде ушундан кийин ал белгисиз бойдон калган. Эч нерсеси белгисиз. Өкүм ишке ашырылганы айтылбаптыр, атууга өкүм дегени бар. Ушул жагдайы суроо бойдон калып кетти. Мен азыр бир нерселерин табайын деп аракет кылып жатам. Өкүмдү аткарышты бекен же аны өмүр бою түрмөгө кесишти бекен? Так маалымат жок, ошондон жок дегенде кайсы жерге көмүлгөнүн билсемби, мүрзөсү бар бекен, ушуну билсемби дейм”.

"Эркек балдарынын баары камалган"

Бул 1937-жылкы окуя. Суук кечтердин биринде Жантай Кененсариевди Фрунзеде чүмкөмө машинеге салып алып кетишкен. Ошондон кийин аны жакындары көрүшпөдү. Күч алган репрессия араанына Жантайдын Алеш жана Калича деген эки аялынан тараган эркек балдары кабылып, баарысы камакка алынып, бирине узак жылдык түрмө, экинчисине сүргүн, дагы бирөөн атууга кесишкен. Жантай Кененсариевдин биринчи аялынан Садыбакас, Үсөн, Абдысейит, Маликайдар, экинчи аялынан Темир деген уулу - беш баласы атасы тарткан азапка туш келишкен.

Максүт Кененсариев жаш кезинде.
Максүт Кененсариев жаш кезинде.

“Башкача айтканда, эркек балдарынын баары камалган, айдалган, а мүмкүн атылган”, - дейт Индира.

Индира Абдысейитова орусиялык “Мемориал” сайтынан Жантай Кененсариевдин 1928-жылы сүргүнгө айдалып Москва, Ленинград, Киев шаарларында абакта болгонун, архивдик маалыматтын жылдары, айлары туура келгенин айтты.

Индира Абдысейитова бабасы Жантайдын дарек-дайнын издеп отуруп аталган сайттан 9 миңге жакын репрессияланган кыргызстандыктар тууралуу маалыматка туш келгенин кошумчалады.

Жантай Кененсариев өлүү-тирүүсү белгисиз, балдары камалып, үй-бүлө оор кыйынчылыктарга туш келгенин кийин Абдысейит кызына айтып берген. Жашай турган үйү жок, чиедей балдары ачка калышканына чыдабаган эне жан айласы кылып Пишпекке жөө-жалаңдап келишкен экен. Абдысейит байдын кызы делген апасы курулушка кара жумушка орношконун, нан таап жеш ошол кезде ушунчалык оор болгонун жашырбай айта жүргөн.

Ошол кара жанын карч урган эненин иштеген жери ушу азырга чейин Бишкекте турат.

“Москва менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишиндеги эки кабат үй. Ал азыр деле сакталуу”, - дейт Индира Абдысейитова.

Жашоо оорлошуп, тамак табыш кыйын кезеңде байкуш эне опсуз оор турмушка туш келгени, кичинекей Максүттун энеси берген нанды үйдөгүлөргө койнуна бекем катып алып келгени – катаал замандагы бир үй-бүлө башынан кечирген азап-тозоктордун бир чети гана.

Сокулук болуштугун башкарган Жантай Кененсариевдин аты Сокулук айылындагы чиркөөдөн бурула берген жердеги каналда сакталып калды. Максут Кененсариев каналды чоң атасы Жантай курдурганын балдарына айтчу. Актоодон келген дарыяны буруп Сокулуктун төмөн жагындагы талааларга суу жеткирүү максатында курулган чоң суу болуштун аракети, демилгеси менен ишке ашырылган.

"Канал коңшулаш казак туугандарга барганда Жантай суусу",- деп аталат, дейт Индира Абдысейитова.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG