Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:47

Басма сөз: ЖККУнун Борбор Азиядагы иши аяктай элек


ЖККУ аскерлери Казакстанда. Январь, 2022-жыл
ЖККУ аскерлери Казакстанда. Январь, 2022-жыл

ЖККУ жана Борбор Азия. Казакстан майнинг фермаларга электр берүүнү чектеди. Аймактын лидерлери Бээжин Олимпиадасынын ачылыш аземине баруу менен Кытайга колдоосун билдиргендей болот. Эл аралык басма сөзгө баяндама (24-30-январь, 2022-жыл).

The Diplomat басылмасы 25-январдагы санында Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Казакстандан кийин Борбор Азиядан оңою менен кетпейт деген мазмундагы макаланы басып чыгарды. Габриэл Гавен материалын ЖККУнун аскерлери Казакстанга келген маалда АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин “Акыркы жылдардагы тарых көргөзгөндөй, Орусия үйүңөргө кирип келсе, кээде аларды чыгаруу оңой эмес” деген сөздөрү менен баштайт.

Казакстанда январдын башында болгон окуяларга, аскердик блоктун бейпилдик күчтөрүнүн ал өлкөгө жайгаштыруунун чоо-жайына токтолгондон кийин автор орус, тажик, кыргыз, армян жана беларус аскерлери бир нече күндүн ичинде кайра чыгып кеткенин баяндаган.

“Бирок жоокерлерди тез алып чыгышканы менен, ЖККУ аймактагы эң кубаттуу күч деген аброю калыптанып, бекемдөөгө үлгүрдү”,- деп улантат журналист.

Басылма андан ары 2020-жылдын күзүндө Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабак үчүн согушканда блок аскерлерин жөнөтүүгө шашылбаганын эске салат. Анын себеби катары салгылашуулар де-юре Азербайжандын аймагында жүргөнү, андыктан уюмдун уставына туура келбеси айтылган. Контингент жиберүү өтүнүчү менен ЖККУнун мүчөсү болгон Ереван кайрылган болчу.

Гавен Борбор Азияда ар кандай чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн деген жерлер көп экенин, өзгөчө чек ара жаңжалдары утур-утур болуп турарын, аскердик бирикме аркылуу өз аракеттерин күчөтүп жаткан Орусия ири кагылышуулардын, башаламандыктардын тобокелдигин алдын алууда чоң роль ойнорун белгилейт.

Автор ошол эле маалда аймактагы дагы бир держава – Кытайдын ролун да унутпоо зарылдыгына токтолгон. Бирок Казакстандагы окуялар учурунда Бээжин дээрлик үн катпаганын, ЖККУ миссиясына тынчсыздануусун билдирбегенин, ал өлкөдөгү тополоңдун артында чет өлкөлүк террорчулар турат деген версияны коодогонун баяндайт.

“Орусия, сыягы Кытайдын мүдөөсүн эске албай аракет көргөн, андыктан бул эки мамлекет атаандаш кызыкчылыктары жок анча деле жакын өнөктөш эмес деген ойго түртөт”, - деген пикири менен бөлүшкөн автор.

Макаласын жыйынтыктап жатып, журналист Казакстандагы кандуу окуяларга байланышкан көптөгөн суроолор кала бергенин, бирок ЖККУ Борбор Азияда ишин аяктай электиги анык экенин жазат.

Eurasianet Казакстандын энергетика тармагынын абалына, тагыраагы криптовалюта өндүрүү же майнинг темасына кайрылат. 27-январда жарык көргөн макаласында Алмаз Куменов мамлекеттик эң ири энергетикалык ишкана крипто-майнерлерге же майнинг фермаларга электр берүү убактылуу токтотконун жазган. Расмий маалыматка караганда мындай чара тармактагы бейстабилдүү абалга байланыштуу кабыл алынды. Макалада 25-январда Борбор Азиянын үч өлкөсү – Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы миллиондогон киши электр жарыгысыз калганы, техникалык мандемдин себеби аныктала электиги айтылат.

Журналист белгилегендей, компьютерлерди интенсивдүү пайдаланып, электрэнергиясын абдан көп керектеген крипто-майнерлер аймактык деңгээлдеги аварияга тиешеси жоктугун, энергетикалык системада маселе чыкса эле аларды күнөөлөшкөнүн айтып келишет.

Крипто-майнерлер алардын электр энергиядан кесип салышканда чоң чыгымдарга туш болуп жатканын да айтышат. Расмий маалыматка караганда, Казакстанда былтыркы жыл башынан ноябрга чейин электр энергиясын керектөө 8% көбөйгөн. Адатта жылдык көрсөткүч 2% айланасында болуп келет.

"Эмне дегенде, Кытай майнинг тармагын катуу тескей баштагандан бери алар Казакстанга агылган. Натыйжада өлкө майнинг фермалардын саны жагынан дүйнөдө экинчи орунга чыккан. Адистердин айтымында, мамлекеттин энергия тармагындагы чектөөлөрүнөн улам майнерлер Орусия, Канада, Латын Америкасына кете баштады", - деп жазган журналист.

Bloomberg агенттиги Борбор Азиянын лидерлери Кышкы Олимпиаданын ачылышына катышарын, бул Батыштын дипломатиялык бойкоту жана COVID-19 илдетинин эпидемиясы оюндарга көлөкө түшүрүп жаткан маалда колдоо ишараты катары караларын жазды.

Агенттик маалымдагандай, Кытайдын CCTV каналы Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Бээжинге барууну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын, мындай чечим Си Цзинпин өткөргөн виртуалдык саммитте кабыл алынганын кабарлады.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин гана оюндардын ачылышына катышарын бышыктаган. Макалада Кытай бийлиги өзүнүн эң кубаттуу держава экенин көргөзүү үчүн бул иш-чарага миллиарддаган доллар каражат короткону да айтылат.

Андан ары баяндалгандай, Си Цзинпин беш жумуриятка 50 миллион доза вакцина жана келерки үч жылда 500 миллион доллар жардам берүүнү убада кылды, аба каттамдарын тезирээк жандандырууга үндөдү.

Жыйын учурунда кытай лидери Бээжин сөз болгон өлкөлөр менен терроризм, экстремизм менен биргелешип күрөшү багытында кызматташарын айткан.

Макалада Си Цзинпин региондогу мунай куурларынын туруктуу ишин камсыздоонун маанисин белгилегени, Кытай-Борбор Азия газ түтүгүн жаткырууну баштоо керектигине токтоолгону айтылат.

XS
SM
MD
LG