Кыргызстан Жеңиштин 77 жылдыгын быйыл өзгөчө шартта белгилеп жатат. Аянтта аскердик парад өткөн жок. Ал эми “Өлбөс полк” жүрүшүндө Z, V сыяктуу согушка байланышкан атрибуттар менен символдорду колдонбоого эскертүү берилди. Жүрүштүн катышуучуларынын көбү Георгий тасмасын тагынып жүрүштү.
Ага чейин жарандык активисттер Орусиянын империялык саясатынын эн белгиси катары мындан кийин Жеңиш күнү Георгий тасмасын тагууга тыюу салууну сунуштап чыгышкан.
Милициянын "жумшак эскертүүсү"
Ички иштер министрлиги Жеңиш күнүн утурлай, улут аралык кастыкты козутууга бөгөт коюу жана мамлекет кызыкчылыгына шек келтирүүнү алдын алуу үчүн Орусия менен Украинанын кагылышына байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды жана атрибуттарды жайылтпоого чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы учкай маалымат таратты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун жетекчиси Тилек Оторов чагымчылдыкка жол бербөө үчүн ушундай чара көрүлөрүн айтты:
“Ички иштер органдарынын өздүк курамы 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул мезгилде Коомдук тартипти, коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар иштелип чыккан. Улуу Жеңиш күнүндө чагымчылдык аракеттерди болтурбоо үчүн Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик кагылышууга байланышкан сүрөттөрдү, эмблемаларды, символикаларды колдонууга жана тагынып жүрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлери, сатуучулары, мындан сырткары 9-майда ɵткɵрүлүүчү «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”.
Жеңиш күнү “Өлбөс полк-Кыргызстан” жүрүшүндө Орусия Украинага кол салып, басып киргенде аскер техникасына тагылып, кийин бул согушка тилектештикти чагылдырган Z жана V белгилерин колдонгондор акчалай жазага тартылары эскертилди. Бул үчүн административдик жаза катары мыйзам боюнча 5500 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Эн белгилерин чечмелөө: согушту даңазалоо
Согуш башталганда кремлчил үгүтчүлөр табышмактуу Z менен V белгилерин “Жеӊиш үчүн” (“За победу”) жана “күч чындыкта” (“сила в правде”) деп чечмелешкен. Орусиядагы иш-чараларда бул белгилер Георгий тасмасы менен кошо орус армиясын даңазалоонун жана ага тилектештиктин символу болуп калды.
Буга байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү муну баскынчы согушту колдоо катары кабыл алып, аймактарында аларды колдонууга тыюу салды.
Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрү Жеңиштин урматына аскердик парад жана "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүдөн баш тартышты. Казакстан дагы аскердик парадды уюштурбай турган болуп, “Өлбөс полктун” маани-маңызын жана атылышы "Баатырларга таазим" деп өзгөрттү.
Өзбекстанда көп жылдан бери Жеңиш күнү "Эскерүү жана таазим" күнү катары белгиленет.
“Прогресс” коомдук корунун башчысы Адил Турдукулов Кыргызстанда да бул күнү согуштун апаатын эскерүү туура болмок деген ойдо:
"Мындан улам биз Z жана V белгилери менен катар эле Георгий лентасын колдонууга тыюу салууга үндөйбүз. 1939-1945-жылдардагы фашисттик Германиянын кадамын кайталаган Кремлдин Украинадагы азыркы аскердик аракеттеринин агрессивдүү дискурсун жана алардын байланышын өзгөртүү үчүн “9-май - Жеңиш күнү” деген негизде тынчтыкты эмес, согушту даңазалап отурбай, Өзбекстан сыяктуу “Эскерүү жана терең кайгыруу күнү” деп өзгөртүүгө чакырабыз".
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Жеңиш күнүндөгү иш-чараларда согушка байланыштуу атрибуттарды расмий колдонуудан баш тартты. Министрлик Жеңиш күнү тынчтыктын баасын жана согуштун кесепеттерин чагылдырган материалдарга басым жасаларын билдирди.
“Быйыл мурдагыдан айырмасы – бардык сейил бактардагы концерттик программаларды уюштурууну ар кайсы маданият мекемелеринин ортосунда бөлүштүргөнбүз. Алар ачык асман астында элге концерт коюп беришет. Георгий тасмасына уруксат берилбейт. Бизде көптөн бери Жеңиш күнүнүн урматына кара жана саргылт түс эмес, кызыл жана сары түстөгү тасманы колдонуп келебиз. Георгий тасмасы биздин идеологияга төп келбейт. Жеңиш күнү согуштун жана тылдын ардагерлери тууралуу маалыматтар берилип, тынчтыкты алып келүүдөгү биздин өлкөнүн салымы боюнча экспозициялар коюлат”, - дейт министрдин орун басары Салтанат Аманова.
Кыргызстанда Жеңиш күнүндө кызыл-сары тасманы гана тагынууну бекиткен жобого карабастан Бишкектеги "Русский дом" уюму “Георгий тасмасы” өнөктүгү башталганын жарыялап, кара-саргылт тасмалар акысыз таратыла баштаганын билдирди.
Өзбекстанда, Казакстанда, Түркмөнстанда жана Тажикстанда падышалык Орусиянын баскынчылык саясатынын белгиси катары Георгий тасмасын тагууга тыюу салынган. Кыргызстан 2015-жылы "Жеңиш тасмасы" деп кызыл-сары түстөгү лента сунуштап, бирок Георгий тасмасына да тыюу салынган эмес.
"Империянын белгилерин кайтаруу"
Тарыхчылар СССРдин тушунда Жеңиш күнүн майрамдоо Георгий тасмасы жана “Өлбөс полк” сыяктуу ритуалдар менен коштолбогонун, мунун бардыгы 7-8 жыл мурун пайда болгонун эстешти.
Кара-саргылт тасмага оролгон Ыйык Георгий ордени орус падышалыгынын тушунда негизделген. Ал орус армиясы менен флотунда кызмат өтөп, өзгөчө эрдик жасагандарга берилчү жогорку аскердик ордендердин бири болгон.
Тарыхчы Аскар Беделбаев буга карата окмуштуулар арасында эки түрдүү көз караш бар экенин белгиледи:
“Геогрий тасмасын тагууга каршы чыгып жүргөндөр бар. Аны Орусиянын империялык саясатынын белгиси катары атагандар бар. Ошол эле кезде бул тасма кийин СССРдин фашисттик Германияга каршы согушунда жеңиштин символу дегендер да арбын.
Тарыхый булактарга караганда, негизи бул тасма падышалык Орусиянын учурунда пайда болуп, бул аскердик белги катары кийин дагы аны колдонуу уланган. Ошондуктан ага карата көз караш бир кылка эмес”.
Айрым активисттер Георгий тасмасы баскынчылыктын, оторчулуктун символу экенин айтып, империялык белгилерден арылуу демилгесин көтөрүшкөн. Алар «Өлбөс полк» менен Георгий тасмасы геосаясий максатта пайдаланылып, постсоветтик аймактарда жайылтылышын сындап келишет.
Бул жылы Москвадагы Кремлдин алдындагы белгисиз жоокердин көрүстөнүндө турган “Өчпөс оттон” алынган “Эстутум жалыны” деген аталыштагы факел 7-майда Бишкекке алынып келингенин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. “Түбөлүк от” быйыл жалпысынан 12 өлкөгө жана 8 шаарга жеткирилгени белгиленди.
1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам катышкан. Анын ичинен жүз миңден ашууну согуштан кайтпай калган.