Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ала-Бука: элди араздаштырган токтомдор


Ала-Бука району.
Ала-Бука району.

Ала-Бука районунда жергиликтүү бийликтин эки башка чыгарган токтомдору тургундар ортосунда пикир келишпестиктерди жаратууда.

Анткени мурунку айыл өкмөт башчысы берген жерлерди азыркы жетекчи дагы башка адамдарга бөлүп жиберип, тирешүү орун алууда. Атүгүл кээ бир тургундар үлүш жерлерге турак жай салып алышкан.

Райондун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Тенги айылынын тургуну Манасовдордун үй-бүлөсүнө 2002-жылы айылдык кеңештин токтомунун негизинде 25 сотык жер убактылуу пайдаланып, өздөштүрүү үчүн берилген.

Аламүдүн: айдоо жерге түшкөн айылдар

Аламүдүн: айдоо жерге түшкөн айылдар

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда конуштардын саны 60тан ашты. Бишкек шаарынын бир капталын курчап турган бул райондогу жаңы конуштардын дээрлик көбү мыйзамсыз пайда болгон.

Бирок кийинчерээк жергиликтүү бийликтин башка токтому менен ушул эле жер дагы бир жашоочуга бөлүнгөн. Жер ээси Сагынбек Манасов айыл өкмөттүн жасалма токтомдору элди чабыштырып жатат дейт:

- Ушул эле жерге мурунку жана азыркы айыл өкмөт башчылары үч башка токтом чыгарган. 2002-жылы биринчи бул жер бизге өздөштүрүү үчүн берилген. Кийин 2009-жылы Калыбек Нураков аттуу тургунга 10 сотык жер там салууга бөлүнүптүр. Анын так дареги жазылган эмес болчу. Азыркы айыл өкмөт болсо биздин убактылуу жер пайдаланууга укугубуз бар туруп Нураковго ушул жерден 10 сотык жер бөлүп берип коюптур. Булар бизге жерге жайгаштыруу адистери берген убактылуу пайдалануу китебин да сыйлабай, каалаганын жасап жатышат.

Ортодогу жер талаш акыры чыр-чатакка чейин жеткен. Өткөн жумада өздөштүрүү үчүн берилген жердеги бак-дарактарды Нураковдор жулуп таштап, соттошууга чейин барышкан. Калыбек Нураковдун айтымында, алардын колунда айыл өкмөттүн токтому бар:

- Мага да айыл өкмөт бөлүп берген. Жети жылдан бери бизде ушул акыбал. Анда жерге кандай укук болсо, менде да ошондой укук бар. Болбосо экөөбүз жакын кошунабыз. Жердин айынан ушундай абалга туш болуп жатабыз. Аргасыздан ал тиккен көчөттөрдү жулуп, өзүбүз башкасын тигип койдук. Маселе болсо алар мени менен эмес, айыл өкмөт менен барып такташыш керек.

Ала-Бука.
Ала-Бука.

Нураковдор талаш маселе жараткан жер боюнча буга чейин прокуратурага жана президентке чейин кайрылуу жолдогон. Көзөмөл органы жер башка адамга тиешелүү экендигин билдирип, арызды кароодон баш тарткан. Ал эми президентик аппарат район бийлигине тапшырма берип, алар жердин мыйзамдуу ээси Манасовдор экендигин тастыктап берген.

Бирок ага карабай жергиликтүү бийлик эки башка токтом кабыл алган. Мурунку айыл өкмөт башчысы Нурушалы Мараимов өз чечимдеринин мыйзамдуулугун сот гана далилдеши керектигин билдирет:

- Ал жер өзү талаша турган деле жер эмес болчу. Анткени кызыл чопо, адыр, пайдаланууга деле болбойт. Мурунку жер ээси салыктарын өз убагында төлөбөй жүргөндүктөн, башка бирөөгө алып берип койгонбуз. Эгерде мен мыйзамсыз иш жасаган болсом сот аныкташы керек. Башка эч нерсе айта албайм.

Бул айылдагы жер талаштын бир гана жагдайы. Жашы 70ке таяган Сайракан Чыныбекова эгин эгип жүргөн 30 сотык жер үлүшүнүн тең жарымын эки жылдан бери таба албай жүрөт. Анткени ага таандык эгин талаасы кыскарып, атүгүл үлүш жерге кимдир бирөө турак жай салып алган. Кайрылбаган жери калбаган эне өз көйгөйүн мындайча билдирди:

- Бул жерде менин 30 сотык жер үлүшүм бар болчу. Учурда болгону 15 гана сотык жер калыптыр. Бул боюнча айыл өкмөткө, районго чейин кайрылдым, эч ким чечип бере алган жок. Балким бул жакта кимдир бирөөлөр кошуп алганбы же бул там салып алгандар алганбы, билбейм. Кимге кайрыларымды да билбей калдым. Силер келериңерди угуп анан арызымды айтайын деп жетип келдим. Ушуга бир жардам берип койсоңор.

Бул жагдай боюнча айыл өкмөт башчысы жана жер адиси жооп бере алган жок. Ал эми үлүш жерге турак жай салган адамдарга карата чара көрө албасын билдирди. Ал эми жер талаш маселесин айылдык кеңештин депутаттары менен бирге чечмей болду. Бул тууралуу Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Исраилов буларга токтолду:

- Чындыгында Манасовдор сыяктуу бардык эле жарандар жер алууга укуктуу. Биз Калыбек Нураковдун майып экендигин эске алып ушул жерден ага да жер ажыратып бергенбиз. Алар өз ара келише албай жатышат. Эгерде ушундай жагдай улана берсе айылдык кеңештин депутаттарына салып, экөөнөн тең жерди алып, кайрадан башка адамдарга бөлүп берүүгө мажбур болобуз.

Ала-Бука.
Ала-Бука.

1200 калк жашаган Көк-Серек айыл өкмөтүнүн карамагында 60 гектар суулуу жана 260 гектар кайракы жер катталган. Ал эми убактылуу пайдаланууга берилген бул жерлер адыр астындагы дың жерлердин катарын толуктайт. Айыл өкмөтү Жалал-Абад облусунун борборунан 260 чакырым алыстыкта, тоолуу аймакта жайгашкан. Жергиликтүү тургундар үлүш жер аздыгынан мал чарбачылыгы менен алектенет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG