Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:33

Жакупова: УКМКнын «далили» - карандай жалаа


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси менен «Азаттыктын» тегерегиндеги кырдаал туурасында маек.

Ыраматылык ишкер Айеркен Саймаити айтып берген маалыматтарды изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, «Саймаити кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырдан карызын өндүрүп алыш үчүн «Азаттыктын» журналистине акча берген, ал иликтөө жүргүзүп, карызын өндүрүп алууга көмөктөшкөн» деп билдирди.

Эки күбөнүн көрсөтмөлөрүнөн башка тергөөчүлөрдүн колунда эч кандай факт жок экенин УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу өзү ырастады.

Колунда сот чечими жок туруп комиссиянын ачык жыйынында күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жарыя кылуунун мыйзамдык негизи барбы? Андайда тергөөнүн купуялуулугу кайда калат? Так ырастоочу негизи жок күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү кандай укуктук күчкө ээ? Ушул жана башка суроолорду «Азаттык» «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага узатты.

- Бул өзү тергөөнүн купуялуулугунун көз карашынан алганда деле туура эмес экени көрүнүп турат, - деп сөз баштады ал. - Анда эмне үчүн күнөө сот тарабынан далилдениши талап кылынат? Себеби адам өзүнө-өзү каршы чыгышы мүмкүн. Кылмыш кылганы тууралуу жеке өзүнүн моюнга алышы жетишсиз, бул жерде толгон-токой фактылар болушу керек. Анын баарын далил базасы деп коюшат. Баарын чогултушат. Бул жерде мындай болуп жатат, мен келдим да «кайсы бир журналистке жарым миллион сом бердим» деп айттым. Бирок бул болгон иштин аныктыгын билдирбейт. Бул эми оозго келгенди оттоп коюу. Антип бардык кишини айыптуу кылса болот. Мындайга жол берилбеши керек. Болгондо да тергөөчүлөр тарабынан ушундай болушуна жол берилбеши зарыл.

Анан алар «бул факт боюнча кылмыш иши козголду» деп айтыштыбы? Мунусу таптакыр түшүнүксүз.

- Бул факт боюнча кылмыш иши жок.

- Андан беш бетер. Бул эми айласыз нерсе. Албетте, укуктук жагынан алганда мунун баары туура эмес. Алар мындай кылбашы керек эле. Айрыкча тергөөчүлөр. УКМКнын тергөөчүсүнүн баары тергөөнүн купуялыгына негизделген. Мисалы, Калича Умуралиеваны алалы. Алар андан суралгандарды жарыя кылбоо боюнча тилкат алышкан. Күбө катары суралгандардын баарынан ошондой тилкат алышат. А бул жерде жада калса кылмыш иши жок. Бул эми таптаза жалаа го! Тергөөчү ошондой экенин билип эле турат. Бирок проблема бул жерде кимдерди андай жерге алышат дегенге байланган.

- Ишин билбестик эмеспи?

- Анысын мен билбейм. Бул буюртма болушу ыктымал, дагы башка нерсе болушу ыктымал. Сиз болсо менден укуктук жагын сурап жатпайсызбы. Укуктук көз караштан алганда бул дегеле жарамсыз жорук. Тергөөчү мындай кылбашы керек эле. Антишке анын акысы да жок болчу.

- Анын залакасы тергөөчүгө тийиши мүмкүнбү?

- Биздин өлкөдө кимдир-бирөөлөр кийинки кезде жоопкерчиликке тартылганын көрдүңөрбү? Адамдар каалаганын кылып жатышпайбы. Бул эми караламан калктын буга канчалык кызыкчылыгы бар экенине жараша чечиле турган нерсе.

Сиз кызыкчылыгыңыз болсо прокуратурага кайрыласыз, колдон келишинче күрөшөсүз, жан аябай салгылашасыз. Биздин мүшкүлүбүздүн баары мындай иштен четтеп чыга берүүгө байланып жатпайбы. Анын баары укуктук жагдайыбыздын адам ыйларлык абалга жетишине, элдин мыйзам сакчыларына ишенбестигине келип такалат. Чуркап-чуркап айласы куруганда: «Бу калыстыкка жете алар бекенбиз?!» деп алакан жайып отуруп калышат. Прокуратурада, сотто, андан жогорку инстанцияларда деле ошондой. Эптеп эле бир жүйө таап четтеп чыга беришет, башкага жүктөп.

Андайда адамдар оюна келгенин кылат, эч ким эч кимден чочулабайт, коркпойт. Аңгектен качсаң дөңгөккө, баары бир айлампада. Ал эми укуктук жагынан келгенде мунун баары одоно мыйзам бузуу. Бизде жетекчилер (мамлекеттик) иш жалпыга дайын болуп, жашырууга мүмкүн болбой калганда гана көңүл бурушат.

Айрым учурларда көңүл деле бурбай коюшат, дегеле эч нерсе болбогонсуп, коюндан төгүлсө кончко деп тымпыйып унчукпай калышат. Балээнин баары жогорку бийликтегилер тарабынан, соттор жагынан, көзөмөлдөөчү органдардын өз ишине салкын мамиле кылып, системаны таза кармап тура албаганында болуп жатпайбы. Система башынан аягына чейин чирип калган, ошондон ага элдин кылдай да ишеничи жок... Мындай жерде кызматынан кыянат пайдаланууга кенен жол ачылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG