Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Газа маселеси: Израил өкмөтүндөгү ажырым


Израилдин аскердик кабинетинин үч мүчөсү: премьер-министри Биньямин Нетаньяху, коргоо министри Йоав Галлант жана мурдагы коргоо министри Бенни Ганц.
Израилдин аскердик кабинетинин үч мүчөсү: премьер-министри Биньямин Нетаньяху, коргоо министри Йоав Галлант жана мурдагы коргоо министри Бенни Ганц.

Израил өкмөтүнүн аскердик кабинетиндеги үч кишинин бирөө - Бенни Гантц 9-июнда кызматтан кетерин жарыялады. Ал өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун согушту жүргүзүү аракеттерин сынга алды.

8-июнда израил армиясы АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун туткунунан төрт кишини бошоткон. Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы аларды куткаруу операциясында 274 палестиндин өмүрү кыйылганын билдирди.

Ганц 9-июндагы маалымат жыйында премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну согуш аракеттерин туура эмес жетектеп, өлкө кызыкчылыгынан өзүнүкүн жогору коюп жатканы үчүн сынга алды.

“Тилекке каршы, Нетаньяху чыныгы жеңишке жетүүгө тоскоолдук жаратууда. Мына ошол себептен биз чукул өкмөттөн кыйын болсо да кетип жатабыз”, - деген Ганц Нетаньяху “куру убадаларды” берип жатканын, согуш дагы көп жылдарга уланары күтүлгөндүктөн өлкө башка багытты тандашы зарылдыгын кошумчалады.

Бенни Ганцтын кызматтан кетишин израилдиктер ар кандай кабыл алды. Айрымдары колдошсо, башкалары согуш маалында биримдик биринчи орунда болушу керек деген ойдо.

“Менимче, Ганцтын азыр өкмөттөн кетип жатканы туура. Мен анын аракеттерине ишенем. Анткени Ганцтын эсебинде бул өлкө үчүн жакшы кадам. Анын ниеттери туура. Балким, мунун баары тез арада шайлоого алып келет”, - дейт баш калаа Тель-Авивдин тургуну Дана Альгамор.

Ал эми калаанын дагы бир тургуну Шон Аззулай ага кошулбайт:

“Чынын айтсам, Ганц согуш маалында, кризис убагында, өлкө үчүн кыйын кезеңде кетпей эле койсо болмок. Менимче, азыр өкмөттөгү бир адам согуш маалында кетпеши керек. Анткени биз биримдикте болуп, улут катары күчтүү бойдон калышыбыз зарыл”.

Министр Бенни Ганц кызматтан кеткенин жарыялап жатат. 9-июнь, 2024-жыл. Рамат Ган шаары.
Министр Бенни Ганц кызматтан кеткенин жарыялап жатат. 9-июнь, 2024-жыл. Рамат Ган шаары.

Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху өзү деле ушундай ойдо. Ал социалдык тармактар аркылуу Ганцка кайрылып, чукул өкмөттөн кетпөөгө чакырды.

“Азыр бөлүнүү эмес, биригүү маанилүү”, - деп жазды израил өкмөт башчысы.

Ганц буга чейин эле Нетаньяху согуштан кийинки Газанын келечеги боюнча план түзбөсө, 8-июнда өкмөттөн кетерин жарыялаган.

Ал ишембиде Газа тилкесиндеги "хамасчылардын" колундагы төрт израилдик туткун бошотулганына байланыштуу ошол күнү кечкиге белгиленген маалымат жыйынын бир күнгө жылдырууга аргасыз болду.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, төрт туткунду бошотуу боюнча израил армиясынын ири операциясында 274 палестин, анын ичинен балдар набыт болгон.

65 жаштагы Ганц Израилди күзүндө шайлоо өткөрүп, аскердик кабинеттин үчүнчү мүчөсү - коргоо министри Йоав Галлантты “туура чечим чыгарып” өкмөттөн кетүүгө чакырды.

Мурдараак Галлант эгер Израил Газа тилкесин кайрадан оккупациялап алууну чечсе, кызматтан кетерин билдирип, өкмөттү палестин администрациясын түзүү боюнча план иштеп чыгууга чакырган.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант Газа тилкесине жакын жерде аскерлер менен жолугуп жатат. 19-октябрь, 2023-жыл.
Израилдин коргоо министри Йоав Галлант Газа тилкесине жакын жерде аскерлер менен жолугуп жатат. 19-октябрь, 2023-жыл.

Байкоочулардын эсебинде Ганцтын кетиши парламенттеги 120 орундун 64үн көзөмөлдөгөн коалиция башында турган Нетаньяхуга олуттуу коркунуч жаратпайт.

Анткен менен Нетаньяху согуштун уланышын каалаган оңчул өнөктөштөрүнө көбүрөөк көз каранды болуп калышы мүмкүн.

Алар согушка чейин эле Газанын толук оккупацияланышын талап кылуу менен Вашингтондун кыжырына тийишкен. Оңчул лидерлердин бири, улуттук коопсуздук боюнча министр Бен Гвир Ганц “кооптуу” идеологиялык чечимдерден улам аскердик аракеттерди үзгүлтүккө учуратканын жекшемби кечинде билдирди.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керринин улук саясий кеңешчиси Лаура Блюменфельд "Рейтер" агенттигине курган маегинде Вашингтон азыр Нетаньяхуну арыдан бери болууга чакыра аларын айтты:

“Ал (Нетаньяху) тынчтыкты күч менен орнотом деп алсыздыгынын айынан согуш баштады. Азыр Кошмо Штаттарда Нетаньяхуга басым жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болду, "эгер бийликте калып, коалицияны сактоону көздөсөң, айрым нерселерге баш ийишиң шарт" деген. Нетаньяху учурда өзүн эң негизги жана башкы адам көрсөтүүгө аракет кылууда. Ал ушул бойдон калууну көздөсө, балким, ага жеке амбициялары менен эмес, АКШнын эрежелери менен ойноого туура келет”.

Кошмо Штаттардын жетекчилиги Нетаньяхуну ок атышууну токтотууга, Рафахтагы аскердик операцияны баштабоого чакырып келген. Ошол эле маалда расмий Вашингтон Израилдин радикал уюмдан коргонуу укугу бар экенин билдирип, барымтадагылардын бошотулушун талап кылат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газа маселесин талкуулоо үчүн 10-июнда Египетке жана Израилге сапарын баштады.

Газадагы азыркы аскердик операция башталгандан бери Блинкендин аталган аймакка ушуну менен сегизинчи жолу барышы. Ал Иордания менен Катарга да барат.

АКШ ок атышууну алты аптага токтотуу планына ХАМАС макул болсо, аны Израил да кабыл аларына үмүттөнүп жатканын өткөн аптада Ак үй билдирген.

Бул планды 31-майда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден сунуш кылган. Анда атышууну токтото туруудан тышкары Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү, ХАМАС барымтада кармап отурган израилдиктер менен чет элдиктерди Израилдин абактарында жаткан палестиндерге айырбаштоо сунуштары да бар экени маалымдалган. Бирок бул жолу да эки тарап тең өз шарттарын койгондуктан мунаса табыла элек.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кишиневдогу маалымат жыйында сүйлөп жатат. 29-май, 2024-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кишиневдогу маалымат жыйында сүйлөп жатат. 29-май, 2024-жыл.

Калк арасында кадыр-баркы бар, 2020-2022-жылдары Израилдин Коргоо министрлигин жетектеген Ганц Нетаньяхунун өкмөтүнө ХАМАС радикал уюму былтыр күздөгү чабуул жасагандан кийин биримдикти көрсөтүү үчүн кошулган. Анын бул кадамы Израилдин эл аралык өнөктөштөрүнүн арасындагы аброюн көтөргөн. Ганцтын АКШнын расмий адамдары менен алакасы абдан жакшы экени кабарланып келет.

ХАМАС 7-октябрдагы чабуулу маалында 250дөй кишини туткунга алып, 1200дөй адамды өлтүргөнү кабарланган. Туткундардын көбү ноябрдагы бир жумалык ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуудан кийин бошотулган. Азыр радикал топтун колунда 120дай киши бар. Алардын 43ү өлгөнү кабарланган. Анклавдын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, израил армиясынын операциясынын жүрүшүндө кеминде 36 700дөй кишинин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG