Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Израил Ирандын Сириядагы күчтөрүнө сокку урду


Сириянын абадан коргонуу күчтөрүнүн Израилдин ракеталарына каршы жооп иретиндеги чаралары. 21-январь, 2018-жыл.
Сириянын абадан коргонуу күчтөрүнүн Израилдин ракеталарына каршы жооп иретиндеги чаралары. 21-январь, 2018-жыл.

Израил Ирандын Сириядагы аскер объектилерине сокку урганын жарыялады.

Израилдин аба чабуулдары тууралуу маалыматты Москва да ырастап, андан сириялык төрт аскер өлүп, алтоо жарадар болгонун кабарлады. Ал эми Дамаск Израилдин ракеталарынын көбүн атып түшүргөнүн билдирүүдө.

Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын тандалма аскер бөлүгү – "Ал-Кудстун" Сириядагы позицияларына сокку урганын 21-январда ырастады. Бирок бул операциянын жүрүшү тууралуу кенен маалымат тараткан жок. Кабарларга караганда, Тел-Авив операцияны Сирия тараптан Голан дөңсөөлөрүнө багытталып ракета атылганын, аны өлкөнүн ракетага каршы системасы жок кылганын жарыялагандан кийин баштаган.

Израилдин президенти Реувен Ривлиндин айтымында, акыркы аба соккулары Ирандын аймакта күч топтоп жатканынын далил боло алат.

- Бул чабуулдар - Иран күчтөрүнүн Сирияда жана жалпы аймакта күч алып жатканынын күбөсү, - деди ал. - Биз буга жол бербейбиз. Эл аралык коомчулук Жакынкы Чыгышта Ирандын күчтөрүнүн жайылышы аймакка туруксуздук алып келе тургандыгын түшүнүшү керек.

Британияда жайгашкан, Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзгөн борбордун маалыматы боюнча, Израилдин ракеталары Дамасктын чет-жакасына багытталган жана андан 11 киши өлгөн. Укук коргоочулар ракеталар Ирандын күчтөрүнө, анын ичинде Тегеран колдогон “Хезболла” кыймылына таандык болгон аскер объектилерин жана курал-жарак сактаган кампаларды жок кылган.

Израилдин аба чабуулдары. 21-январь, 2019-жыл
Израилдин аба чабуулдары. 21-январь, 2019-жыл

Сириянын маалымат каражаттары Израилдин аба соккуларына өлкөнүн рекеталык коргонуу системасы жооп кайтарганын билдирди. САНА мамлекеттик агенттигинин аскер адамдарына шилтеме кылып кабарлаганы боюнча, өлкөнүн абадан коргонуу системасы "душмандын ракеталарынын көбүн бутасына жете электе атып түшүргөн".

Израилдин аба соккулары тууралуу маалыматты Орусиянын коргоо министрлиги да ырастады.

“2019-жылдын 21-январында түнкү саат 02:11ден 02:56га чейин Израилдин аскер-аба күчтөрү батыш, түштүк-батыш, жана түштүк тараптан Сириянын аймагына абадан сокку урган” деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында. Сирия жооп кайтарып, Израил тараптан атылган 30дай канаттуу ракетаны жана башкарылуучу авиабомбаларды жок кылган.

Москва кошумчалагандай, чабуулдан төрт сириялык аскер мерт болуп, алтоо жаракат алган, ошондой эле Дамасктын эл аралык аба бекетине зыян келтирилген.

Сирия.
Сирия.

Израил адатта Сириянын аймагындагы объектилерге койгон чабуулдарын чанда гана мойнуна алат.

2018-жылдын май айында Израилдин аскер-аба күчтөрү Сириянын аймагындагы Ирандын бардык базаларына сокку урганын жарыялаган. Бул 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан берки Израилдин эң чоң аба чабуулдары деп бааланган.

Иран менен Орусия жүз миңдеген адам көз жумган Сириядагы согушта президент Башар Асадды колдоп жүрөт. Ал эми Израил Ирандын Сирияда аскерлеринин туруктуу калып, күчтөнүшүнө жол бербей турганын эскертип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG