Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Өзбекстанда "президентти мазактап, касташуу тилин тараткан" блогер үч жыл, бир айга кесилди


Tashkent City Park, же Ташкент шаардык паркында сейилдеп жүргөн шаардыктар. Июнь, 2025-жыл.
Tashkent City Park, же Ташкент шаардык паркында сейилдеп жүргөн шаардыктар. Июнь, 2025-жыл.

Нурафшан шаардык соту 26 жаштагы эркек кишини өлкө президентине акаарат келтирип, улуттар аралык кастыкты козутканы үчүн үч жыл бир айга эркинен ажыратканын Жогорку соттун маалымат катчысы Азиз Абидов кабарлады. Расмий маалыматта айыпталуучунун ысымынын баш тамгалары гана берилгени менен, жергиликтүү журналисттер ал интернетте "Абдуллох" деген каймана ат алдында белгилүү Валерий Дюгай аттуу блогер экенин жазышты. Ал 25-мартта Абу-Дабиден Ташкентке учуп келгенде аэропортто кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Дюгай былтыр октябрь-ноябрь айларында Түштүк Кореяда жүргөн кезинде интернетте өзбекстандыктарды, өлкө президентин мазактаган видеолорду жарыялаган.

Күч органдары блогер кармалгандан кийин элден ыйлап кечирим сураган видеону таратышкан. Блогер соцтармактардагы аудиториясын кеңейтүү максатында гана элди, президентти мыскылдаган видеолорду чыгарганын айткан.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 158-беренесине ылайык, өлкө президентин мазактап, жалган маалымат тараткандар үч жылга чейин оңдоп-түзөтүү иштерине тартылып, же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG