Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Израил Ирандын Сириядагы күчтөрүнө сокку урганын ырастады


Израил Сирия аймагына абадан сокку урган учуру. 21-январь, 2019-жыл.
Израил Сирия аймагына абадан сокку урган учуру. 21-январь, 2019-жыл.

Израил армиясынын бүгүнкү билдирүүсүндө “Ирандын Сирия аймагындагы "Кудс" күчтөрүн бутага алдык. Сириянын куралдуу күчтөрүн Израилдин күчтөрүнө же анын аймагына зыян келтирбеш керек экенин эскертебиз” деп айтылат. Билдирүүдө Израил Сирия аймагында абадан урган соккулардын башка чоо-жайы айтылган эмес.

Бирок "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" аттуу уюмдун маалыматына караганда, аба соккулары Дамаск аэропортунун жанына жана борбордун айланасына багытталган. Анда Ирандын жана Ливандагы жайгашкан “Хезболла” тобунун курал-жарак, ок-дары кампалары бутага алынган.

Израил Сирия аймагындагы аскердик операцияларын ачык ырастоодон көбүнчө баш тартат.

Сирия армиясы өз кезегинде Израил 21-январдын таңында башкарылма ракеталар менен Сириянын аймагында абадан ургаалдуу сокку урганын билдирген.

Сириянын мамлекеттик телеканалы Израил Дамасктын эл аралык аэропорту жайгашкан районго алты ракета атып, бирок бешөө бутага жеткирилбей атып түшүрүлгөнүн, бирөө бош талага кулаганын кабарлаган.

Ал эми орус армиясынын эсебинде, Израил соңку операциясынын алкагында Сириянын аймагына канаттуу ракеталар менен башкарылма бомбалардан 30дан ашуунун жөнөткөн. Бул сокку учурунда Сириянын төрт аскери өлүп, алтоо жарадар болгон.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өткөн аптада, өкмөт жыйынында сүйлөгөн учурунда Израил Сирияда Иран менен “Хезболла” тобунун буталарына “жүздөгөн” сокку уруу менен Тегерандын бул жердеги аскердик кубатын “ооздуктай алганын” да белгилеген.

Сирияда 2011-жылдын март айында башталган жарандык согушта президент Башар Асаддын өкмөтүнө Иран менен катар Орусия жана шийиттердин Ливандагы “Хезболла” согушчан тобу да аскердик колдоо көргөзүп келет. Сириядагы согушта 400 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG