Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Эт жебеген мусулман илимпоз


Резеда Сафиуллина.
Резеда Сафиуллина.

Ислам таануучу, филология илимдеринин кандидаты Резеда Сафиуллина-Ибрагимова 16 жыл мурун вегетариандыкк жолго түшкөн.

«Idel.Реалидеги» маегинде ал кандай өзгөрүүлөргө кабылганын, азыркы турмушта курмандык кылбай деле эмнелерди жасоого болорун айтып берди.

- Мусулмандар деле вегетариан болуп, эт жебей деле коё алышабы? Куранда же хадистерде бул тууралуу эмне деп айтылган?

- Кеп башында айтып коёюн, мен үлем (мусулман аалымы, кудай таануунун маселелерин иликтеген теориячы) же факих – диний аалым же мужахит эмесмин, шарияттын тийиштүү далилдерине таянып өкүм чыгаруу (шарият токтомдору) мүмкүнчүлүгүнө ээ эмесмин. Бирок мага белгилүү нерселерди айта алам, Куран менен хадистерде адамдар сөзсүз эле эт жеши керек деген парз деле жок (парз деп исламда сөзсүз аткарылчу жүрүм-турум нормалары айтылат). Этти азыраак жеш сунуш кылынган, анан сөзсүз жеш керек деп кыйшаюусуз аткарылчу парз катары белгиленген эмес. Белгилүү хадис бар, анда мындай деп айтылган: «Кимде-ким 40 күн тынбай эт жесе мыкаачы болуп калат». Имам Садык (ыйманы жолдош болсун) минтип айткан: «40 күн тынбай эт жеген адам маанайы менен мүнөзүн жагымсыз, начар кылып алат».

- Сиз эт жебей, жалаң жашылча-жемишке өткөнүңүздө туугандарыңыз же досторуңуз «кичине эле жеп кой, эт жебегендиктин өзү арам болот» дешпедиби? (арамдык - исламда тыюу салынган аракет. Арамдыкка адалдык гана каршы турат – ред.)

- Жок, мага антип «эт жебесе арам болот» деп эч ким айткан жок. Менин билишимче бул арам нерсеге кирбейт. Андай фетваны да окубадым (фетва – шарияттын тигил же бул проблемаларын түшүндүрүү – ред).

- Курман айтта курмандыкка союлган малдын этинен ооз тийбей коюп, сизди сыйлап чакырган үй ээлерин капа кылып албайсызбы?

- Мени конокко чакырган досторум, туугандарым - баары эт жебесимди билет. Эл менен кошо бир дасторконго отурам. Татарлар - аябай меймандос калк, дасторкон үстүндө эттен башка деле тамак-аш толтура болот. Сыза турган даам жетиштүү. Анын үстүнө менин мүнөзүм да жумшак, мен өзүм эч кимди кыстабайм, кыстаган кишилерди да жактыра бербейм. Дасторкондо эч нерседен тартынбай, ээн-жайкын эле отурам. Көңүлүмө жаккан тамакты тартынбай жейм, ал түгүл жанымда отургандардан жаккан тамагымды сурап алам. Мага эч ким тамакты кыстап жедире албайт. Дасторконго отурганда жакшы көргөн тамагымды калтырбайм.

- Курман айтта үйдө кандай тамак даярдайсыз?

-Биринчи иретте, куймак, токоч - чыжылдап торганды (майга куурулган – тат.) жакшы көрөм. Секелек кезимде айылдагы чоң апа, чоң атамдыкына барып калганда алар жасаган арыш оныннан мич коймагынын (майга куурулган куймактын) даамы азырга чейин эсимде. Кооздук, асылдык деген ушул. Ушу азыр деле ундун ар кыл түрлөрүнөн жумуртка, каймак кошуп куймак жасаганды жакшы көрөм. Азыр мөмө-жемиш көп, ашкабак, алма кошуп жасасаң аябай даамдуу го?

Биз азыр деле жер үйдө жашайбыз, мурда Курман айтка курмандыкка кой союшчу. Байкуш жандыктын жанын алып атканда жанында болмок тургай көргүм келчү эмес. Жаман болуп кетем. Азыр биздин үйдө кой союшпайт. Кичине кезимен ушундай «калаты» кыз болчумун. Көрүнгөн тешиктен чыккан кичинекей коңузду да өлтүрө алчу эмесмин. Бир жолу чарага коңуз түшүп калыптыр. Биз эски барак үйдө турчубуз, ушу беш-алты жашта болсом керек, байкуш макулукту суудан чыгарууга жардамдаштым, өлтүрө албадым. А сиз болсо койду айтып жатасыз...

Биздин үйдө көп эле тамак бышырабыз, бул иш мага да жагат. Эт кошулган тамак болсо мен жакындабайм, башкалар бышырат. Күйөөм келиштирип палоо басат. Палоо басуу ошол кишинин гана ээлигинде, адат болуп калды окшойт. Палоону кадимкидей эле жейм, этин күйөөмө же балдарыма берип коём. Жашылчалардан ар кыл салаттарды, карам шорпону, сүт, демделген тамактарды жакшы көрөм. Майрамдык дасторконубуз кенен эле болот.

- Күйөөңүз эт жейби?

- Мага окшоп вегетариан эмес, экөөбүз тең эт жебей, бир бололу деп ойлочумун. Бирок ар ким өзү каалаган тамагын жейт, тамак менен динде «муну жаса, муну гана же» деген өкүмчүлүк болбошу керек. Күйөөм этти азыраак жегенге аракет кылат, балдарым деле ошентет, бирок таптакыр эле эт жешпейт деп айта албайм. Кээде мен деле «эрежеден» чыгып кетем. Күйөөм эти менен жакшынакай палоо басса анысын жейм. Палоого эт кошулганын көрүп-билип туруп эле жакшы тамакты калтыргым келбейт. Же эт кошулган кесме, сорпо бышып калса этин жебей кесмесин, сорпосун ичем. «Байкуш бир макулукту союп, ошонун этине бышырышты ээ» деп ойлосом таптакыр жей албай калбаймбы. Мен аны ойлобогонго аракет кылам, ой-сезимди башка жакка буруп, алдыга келген ырыскыдан даам сызам. Вегетариандыкты катаалдаштырып «эттин аты-жыты жок болсун» деп баарына тыюу салып койгондо болбойт, антип ойлоштун өзү жаңылыштык.

- Ушу тапта жасалып аткан курмандыктар, башка убактагы мал союу тууралуу эмне айта алат элеңиз?

- Бул өзү өтө олуттуу суроо. Биринчи кезекте Курман айт - мен үчүн Алла-Тааланын каалоосунан чыккан салт. Ал каалоону биз кандай кабыл алабыз - бул өзүнчө бир суроо. Курмандык чалуу салты бардык элдерде, бардык салттарда кездешет. Бул өзү эң байыркы салттардын бири, алмустактан келаткан жөрөлгө. Пенде баласы көп кудайга сыйынган кезинде кудайлардын, арбактардын, табияттын опсуз күчүн жумшартып, ыкка көндүрүү аракети. Кийинки монотеисттик, бир кудайга ишенүү диндериндеги, мисалы, исламдагы жөрөлгө. Азыр курмандыктын мааниси (курман чалуу) терең философиялык, руханий маани-мазмун алып кетти. Мурдагыдай жөнөкөй ыкка көндүрүү болбой калган. Ислам өзу соңку, кыйла өнүгүп калган дин. Адамзаттын акыл-эси өсүп, жетилип калган чагында жаралган дин катары каралат. Ошон үчүн курмандык Алла-Тааланы ыкка көндүрүү аракети эмес, Алла-Таалага айныксыз ишенип, ага толук баш ийип, кечирим сурап, кечирилип, ыраазылык билдирүү аракети. Адамзаттын баштапкы өнүгүү этаптарында адам менен кудайдын ортосундагы мамиле-катнаш коркунучка негизделсе, азыр башка этап башталып отурат. Коомдогу ар бир адам кудай менен мамиле-катышынын жаңы этабына кирди.

Ошондуктан курман азыркы убакта, албетте, мурдагысынан таптакыр башка философиялык маани-мазмун алып кетти. Курмандык чалуу салтынын ислам дининдеги маанилүү салттарынын бири катары маани-маңызын мен толук ача элек экенигимди айта кетейин. Өзүм үчүн мына бул кубулушту - курмандык чалуу түшүнүгүн аныктай элекмин.

Секелек кезимде кандайдыр бир аракеттерди жасаганым эсимде, кандайдыр бир баалуу, ыйык нерселерди бир жерге таштап, тилек кылганым дагы эле жадымда. Өзүмдү тээ бийикте турган бийик күчтөр, Алла-Таала менен кандайдыр бир келишимдерге келгендей сезчүмүн. Мисалы, тыйын ыргытсам, аным алыска-алыска, көз көргүс жерлерге жетчүдөй туюлчу. Тилегим канчалык көп болсо, ыргыта турган тыйыным ошончолук чоң болор эле. Дегеле адамзаттын өңүгүшүн мен өзү балалык менен салыштырганды жакшы көрөм. Пенде баласы өзү үчүн маанилүү бир нерсесин кудайга берип, андан тилек кылган маанилүү нерсесин – бакубат турмушту, мыкты түшүмдү, балдарынын ден соолугун, аман-эсен көз жарып алышын каалайт. Адамга эмне маанилүү? Тынчтык, байлык, дүйнө, бийлик, каалаган нерсеси.

Мен аң-сезимим ишенимге берилген мусулман зайып катары жыл сайын Курман айт келгенде мына ушул маселелерди ойлоном. Менин түшүнүгүм менен мамиле-катнашым өзгөрүп турат.

Которгон Бекташ Шамшиев

(Макаланын түп нускасы бул жерде)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG