Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Мосул согушкерлерден бошотулганы жарыяланды


Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади. 09.7.2017. AFP.
Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади. 09.7.2017. AFP.

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади 8 айга созулган куткаруу операциясынын негизинде Мосул шаары "Ислам мамлекети" уюмунун террорчуларынан бошотулганын айтып, өкмөттүк армияны ири жеңиши менен куттуктады.

9-июлда Мосул шаарынын борбордук бөлүгүндө Ирактын туулары көтөрүлдү. Шаарга келген өлкөнүн премьер-министри Хайдер ал-Абади ирактык армияны баш калаа Багдаддан кийинки эле экинчи чоң шаар болгон Мосулдун "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жоочуларынан толук бошотушу менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөт башчынын аппаратты тараткан билдирүүдө да жазылган.

"Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Хайдер ал-Абади Мосул шаарына барып, армияны жана Ирак элин улуу жеңиш менен куттуктады", - деп айтылат билдирүүдө.

Армия жеңишти майрамдоону бир күн мурда эле баштаган. Ишембиде аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун калаадагы жоочуларынын акыркы бекинген жайын ээлеп, жоочуларды жок кылышканын жарыялашты.

Подполковник Фалах ал-Вардани жакынкы күндөрү бул жактан көчүрүлгөн жана качууга мажбур болгон жай тургундар өз үйлөрүнө кайтышат деген ниетте.

- Биздин бөлүктүн баатырлары бүгүн эски шаардагы жоочулардын акыркы уюктарын басып алышты. Бардык экстремисттер жок кылынды. Аскерлер миссияны ийгиликтүү жүзөгө ашырганын майрамдай башташты. Кудай буюрса, жакынкы арада аялдар, балдар, деги эле жалпы шаардын тургундары өз үйлөрүнө кайтышат.

“Ислам мамлекети” аталган террорчулар тобунун экстремисттери Мосул шаарын 2014-жылдын июнунда басып алган эле. Ошол жылдын 29-июнунда топтун жолбашчысы Абу Бакр ал-Багдади Мосулдун эң башкы жамы мечити - ан-Нури мечитинде калайык алдында сүйлөп, алар Ирак менен Сирияда ээлеген аймактарында “халифат түзүшкөнүн" жарыялаган.

Ирак аскерлери Мосулда жеңишти майрамдап жатышат.
Ирак аскерлери Мосулда жеңишти майрамдап жатышат.

Ирактын аскерлери АКШ башында турган коалициянын колдоосу менен Мосулду бошотуу максатындагы аскердик чарасын 2016-жылдын октябрь айында башташкан. Бул аскердик операциянын башталышын жарыялап жатып, премьер-министр Хайдер ал-Абади жеңишти майрамдоо үчүн Мосулда жолугушабыз деп айткан:

- Жеңиштин сааты келип, Мосулду куткаруу операциясын баштадык. Силерди террордун туткунунан жана "Ислам мамлекети" тобунун кордугунан куткаруу үчүн мен бүгүн аскердик чаранын башталышы тууралуу жарыялайм. Кудай кааласа, биз силердин куткарылышыңарды жана жалпы жеңишти майрамдоо үчүн жакында Мосул жеринде жолугушабыз.

Ирак өкмөт башчысы жарыялаган аскерий чабуулга күрттөрдүн "Пешмерга" куралдуу кошууну, шийи жоочулары жана арабдардын сунний кошуундары да катышты. Операция АКШ башында турган эл аралык коалициянын аба соккулары менен коштолду.

Экстремисттер акыркы мүнөттөргө чейин такаат кылып, багынбай, Ирак күчтөрүнө айыгыша каршылык көрсөтүп турушту. Мосулду жихадчылардан бошотуу үчүн созулган сегиз айдын ичинде Ирак армиясы олуттуу жоготууларга учурады.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2014-жылы өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террорчулардын карамагына өтүп кеткен Мосул шаары үчүн салгылашуу миңдеген жай тургундардын өмүрүн алып, миллиондой адамды үй-жайын таштап качууга аргасыз кылды.

Согуштан улам миллиондой адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту.
Согуштан улам миллиондой адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Ирактын Багдаддан кийинки эле экинчи шаары болгон Мосул үчүн негизги согуш аяктаганы менен, шаардын айланасындагы айылдарда "Ислам мамлекети" радикалдык террорчу уюмунун жоочулары мындан кийин да кол салууларды уюштура бериши ыктымалдыгын өлкө бийлиги эскертти.

Ошондой эле Мосул менен түштүктөгү баш калаа Багдаддын дал ортосунда жайгашкан Хавижа шаары "Ислам мамлекети" тобунун колунда кала берүүдө.

Сирияда болсо "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун бул өлкөдөгү негизги таянычы деп саналган Раккага өткөн аптада АКШнын колдоосу астында арабдар менен күрттөрдүн күчтөрү кирди. Бул шаарды террорчулардан бошотуу операциясы бир нече айдан бери жүрүп келет. Учурда аталган калааны "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун жоочуларынан толук тазалоо үчүн аёосуз салгылашуу жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG