Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Ракканын түштүк бөлүгү бошотулду


Сирия Демократиялык күчтөрүнүн жоочулары.
Сирия Демократиялык күчтөрүнүн жоочулары.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Сириядагы акыркы жана негизги туруму деп саналган Раккага АКШнын колдоосу менен арабдар жана күрттөрдүн күчтөрү кирди. Бул шаарды террорчулардан бошотуу операциясы бир нече айдан бери жүрүп келген эле.

“Ислам мамлекети” террорчул тобунун акыркы таянычы саналган Сириянын Ракка шаарына АКШ колдогон араб жана күрттөрдүн альянсы кирип барды. Террорчулар “Ислам халифатынын борбору” атаган калааны бошотуу боюнча аёосуз салгылаш жүрүп жатат.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 2-июлда кабарлагандай, Сириянын демократиялык күчтөрү Ефрат дарыясынан өтүп, Ал-Хал базарын өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу баш кеңсеси Британияда жайгашкан обсерваториянын башчысы Абдел Рахман маалымдады.

Рахман Сирия демократиялык күчтөрүнүн айрым жоочулары Раккага эки багыт боюнча чабуул жасаганын билдирди. Биринчи чабуул Ефрат дарыясы жактан болсо, экинчиси калаанын чыгышындагы Ал-Хал району туштан жасалган. Мындай жол менен "Ислам мамлекети" радикал уюмунун ички өзөгү талкаланганын Күрт кошуундарынын командири Симка билдирди:

- Биздин күчтөр абдан бекем, алдыга гана жылуудабыз. "Ислам мамлекетинин" ички өзөгү сынды, алар азыр минометтор менен атышып, ракеталар менен сокку уруп жатышат, бирок аларда күч калган жок. Биздин бардык күчтөр күрөшкө даяр.

Сирия демократиялык күчтөрү Раккадагы "Ислам мамлекети" радикал тобун курчоого алууга бир нече айдан бери аракет кылып келишкен.
Сирия демократиялык күчтөрү Раккадагы "Ислам мамлекети" радикал тобун курчоого алууга бир нече айдан бери аракет кылып келишкен.

Сирия демократиялык күчтөрү Раккадагы "Ислам мамлекети" радикал тобун курчоого алууга бир нече айдан бери аракет кылып келишкен. Июнда альянстын аскерлери биринчи жолу калаанын чыгыш жана батыш конуштарына чейин жетишкен. Аларга жардамга дагы миңдей жоокер жөнөтүлгөнү кабарланууда.

Күрт аскери Диловане жакынкы арада алар Ал-Синай районун бошотууга үмүттөнүп турушканын белгиледи:

- Ал-Синай учурда толугу менен согушкерлердин карамагында. Бул имараттын ичинде туннель бар. Эртеңкиге чейин аны толугу менен жабабыз деп ойлойм, кудай кааласа.

Обсерватория билдиргендей, Ракканын чыгышындагы Ал-Дараия районуна АКШ башында турган коалиция чабуулунан ондон ашык жайкын тургун мерт болду. Алардын ичинде аялдар жана балдар да бар. Ошондой эле уюм дагы 200дөй жайкын тургун коалициянын аба чабуулдарынан өткөн айда курман болгон деп болжолдоодо.

Ракканын террорчулардан толук бошотулушу 2014-жылы аймакты басып алып, халифат жарыялап алган "Ислам мамлекети" радикал тобу үчүн чоң сокку болот.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери Раккада бир нече жолу адамзатка каршы кылмыштарды, анан ичинде массалык баш алууну уюштурганы айтылып келген.

Сириядагы жарандык согушка быйыл алты жыл болду. Кошмо Штаттар Сириянын президенти Башар Асадга каршы согушуп жаткан козголоңчуларды колдоп келет. Ал эми Орусия менен Иран тескерисинче Асадга көмөк көрсөтүп келишет.

Ал тапта АКШнын колдоосу менен Ирактын өкмөттүк армиясы "Ислам мамлекети" радикал уюмунан шаарды дээрлик тазалашты.

Өкмөт маалымдагандай Мосул толук тазаланганда бир жумага созулган майрамдар башталат.
Өкмөт маалымдагандай Мосул толук тазаланганда бир жумага созулган майрамдар башталат.

Учурда ирактыктар жеңишти майрамдоого камынып жатышат. Ошол эле маалда Мосулдун айрым бөлүктөрүнө согушкерлер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда айыгышкан салгылашуулар уланууда.

Кошмо Штаттардын аскерий көмөгүнө ээ Ирак күчтөрү 2-июлда Мосулдун эски бөлүгүндө, анын ичинде Ал-Нури мечитинин урандыларына ак жана ирак тууларын көтөрүштү.

Өкмөт маалымдагандай Мосул толук тазаланганда бир аптага созулган улуттук салтанаттар башталат.

Жеңишти жарыялоо үчүн премьер-министр Хайдар ал-Абади өзү Мосулга барары күтүлүүдө. Улуттар Уюмунун соңку маалыматына ылайык, он миңдеген жайкын тургундар калаанын эски бөлүгүндө согушкерлердин туткунунда кала беришүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG