Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Иракта кош жардыруудан кырктай киши өлдү


Жардыруу болгон жер. 15-январь, 2018-жыл.
Жардыруу болгон жер. 15-январь, 2018-жыл.

Ирактагы кош жардыруу кыркка жакын адамдын өмүрүн кыйды. Анын алдында дагы бир кандуу жардыруу болгон эле. Бул бир ай мурда эле Ирак өкмөтү террорчуларды өлкөдөн сүрүп чыгарганын жарыялагандан кийин болууда.

Борбор Багдаддын Сахет ал-Таяран аянты дүйшөмбүнүн таңында дүрбөлөңгө түштү. Ички иштер министрлиги 15-январда эки жанкечти өздөрүн жардырып жиберишкенин билдирүүдө. Андан өлгөндөр кеминде 38 адам болду. 105 киши жарадар, арасында абалы оорлору да бар болгондуктан курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн.

- Жардыруу болгондо ошол жерге жакын болчумун. Эки жарылуунун үнүн уктум. Көптөгөн адамдар өлүштү. Негизинен жумушчулар болчу, - деди күбөлөрдүн бири Аббас Мухаммед.

Адатта бул аянтка соода кылгандар жана таң эрте жумуш издеп чыккан адамдар көп чогулат. Күбөлөр жардыруулар курулушта иштеген жумушчулар топтолуп турган жерде болгонун да айтышууда.

Жоочулар басып алып, кайра бошотулган Мосул шаарындагы көрүнүш.
Жоочулар басып алып, кайра бошотулган Мосул шаарындагы көрүнүш.

Буга чейин ишембиде да Багдаддын түндүк ыптасындагы полиция бекетинде жанкечти өзүн жардырган. Анда сегиз киши өлүп, он чактысы жарадар болушкан болчу. Жарадарлардын кыйласы полиция кызматкерлери экенин "Ассошэйтед пресс" кабарлады.

Кош кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ Иракта ушундай чабуулдарды уюштурганын билдирип жүрөт.

Майрамдык салтанат учурунда Багдаддагы Тахрир аянтында Ирактын желегин кармап турган адам. 10-декабрь, 2017-жыл.
Майрамдык салтанат учурунда Багдаддагы Тахрир аянтында Ирактын желегин кармап турган адам. 10-декабрь, 2017-жыл.

"ИМ" Ирактын түндүгүндөгү бир топ бөлүгүн 2014-жылы басып алган болчу. 2017-жылы 10-декабрда Ирак өкмөтү “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңгенин жарыялап, Багдадда аны парад менен майрамдаган эле.

- Ирактын желеги бүгүн өлкөнүн бардык жеринде, алыскы чек ара аймактарында да желбиреп турат. Бул жеңиш үчүн ирактыктар өз жанын курмандыкка чалышканы менен, ал ирактыктар үчүн эле эмес, арабдар, мусулмандар, жалпы дүйнө үчүн да жеңиш, – деген болчу бир ай мурдагы ошол параддын алдында өлкөнүн премьер-министри Хайдар ал-Абади.

Багдаддын бул жарыясын Кошмо Штаттар кубаттап, бирок “Ислам мамлекети” террордук тобу али да коркунуч туудура аларын белгилеген.

Айрым маалыматтарга караганда, борбор Багдаддан түндүктөгү аймактарда жоочулардын калдыктары дагы эле жашынып жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG