Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Санкция санаасы, Евробиримдиктин каяшасы


Хасан Роухани жана Дональд Трамп.
Хасан Роухани жана Дональд Трамп.

Кошмо Штаттар Иранга каршы санкцияларын кайра жандантты. Буга Иран эле эмес, негизги өнөктөштөрү да тынчсызданууда. Ал тургай Евробиримдик ортодогу саясаттан жабыркачу ишкерлерин коргой турган мыйзам да кабыл алганга жетишти.

Өзөктүк келишим, Вашингтондун кинеси

7-августтан тартып Иранга каршы америкалык санкциялар кайра калыбына келтирилет. Бул кабарды Ак үйдүн сайтына чыккан президент Дональд Трамптын билдирүүсү ырастады.

Мындай болору Трамп бийликке келгенден баштап эле күтүлүп, АКШ үч ай мурда өзөктүк келишимден чыккандан кийин анык болуп калган.

Өзөктүк келишим Иран жана АКШ баштаган бакубат алты өлкөнүн узакка созулган сүйлөшүүсүнөн кийин 2015-жылы түзүлгөн. Тегеран өзөктүк курал жасоо ишмердигин кескин чектеп, Батыш ал үчүн экономикалык санкцияларды жойгон.

Бирок кийин шайланган Трамп ал келишимди “абдан жаман жана бир тараптуу” деп такай сындап келди.

“Ал башкы максаты болгондой, Ирандын өзөктүк бомба жасашына шарт түзгөн жолду бууй алган жок” деп дагы кайталаган Трамп 6-августтагы билдирүүсүндө.

“Биз Ирандын режими тандоо алдында турганын ага туюндурууга бардык өлкөлөрдү көптөн-көп чакырабыз. Же ал өзүнүн опузалуу, туруктуулукту бузган жүрүм-турумун өзгөртөт, же глобалдык экономика менен кайрадан жуурулушат, же экономикалык обочолонуу жолун улантат” деп айтылат андан ары.

"Перс булуңундагы Сауд Арабиясы баштаган өлкөлөргө басым-кысым көрсөтүп, “Хезболла” террор тобун, Сириядагы режимди колдойт" деп Вашингтон Тегеранды айыптап келет. Трамп муну өзөктүк келишимдин духун, маңызын бузуу деп эсептейт. Ошол эле учурда ал карапайым элге эмес, бийликтин режимине каршы экенин дайыма айтат.

Ирандын жообу

Санкцияга жооп иретинде 6-августтагы билдирүүсүндө Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф:

Жавад Зариф
Жавад Зариф

“Трамптын администрациясы ал Иран эли үчүн тынчсызданып жатканына дүйнөнү ишендиргиси келет. Ошентсе да, анын биринчи санкциялары болбогон шылтоо менен 200дөн ашуун жүргүнчү учагын сатуу лицензиясын жокко чыгарды. Муну менен ал катардагы ирандыктарга коркунуч жаралды. Америкалыктардын эки жүздүүлүгүнүн чеги жок” деп жазды “Твиттерге”.​

Ал эми президент Хасан Роухани Вашингтондун чараларын ирандыктарга каршы “психологиялык согуш” деп баалады.

Аз мурда Трамп Роухани менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Ирандын расмий өкүлдөрү ал билдирүүнү салкын кабыл алып, айрымдар андай мүмкүнчүлүктү четке кагышкан.

- Бир эле учурда санкция киргизилип жатканда сүйлөшүүнүн мааниси канчалык? Бул кимдир-бирөө өнөктөшүнө же душманына бычак такап туруп «биз сүйлөшүшүбүз керек» дегенге окшойт. Мындайда «бычакты колдон алып, жоготуңуз, анан...» деген жооп болушу керек. Ал киши сүйлөшүү үстөлүнө отурсун жана сүйлөшүүгө ылайык болсун, - дейт Ирандын лидери.

Санкция кайсы тармактарга тиет?

Экономикалык чаралар Ирандын автоунаа тармагына жана дүйнөгө белгилүү килем өндүрүшүнө, ошондой эле алтын баштаган баалуу металл соодасына багытталган. Америкалык расмий өкүлдөр Иран өкмөтүнө мындан ары АКШ доллары сатылбай турганын белгилешти.

Тегеран
Тегеран

Санкциянын экинчи толкуну 5-ноябрда киргизилери Ак үйдүн расмий сайтына жарыяланган президент Дональд Трамптын билдирүүсүндө камтылган. Ал энергетика секторун, анын ичинде мунай өндүрүшүн, андан тышкары Ирандын борбордук банкы менен кызматташкан эл аралык каржы институттарын бутага алат.

“Иран менен кызматташтыгын токтотпогон тараптар же уюмдар олуттуу кесепеттерге туш болот” деп билдирген Трамп эскертүүдө. Бирок дал кандай кесепет экенин ачык айткан эмес.

Евробиримдик АКШдан коргонот

Ал тапта Евробиримдик өз ишкерлерин Вашингтондун болочок санкцияларынан коргогон атайын мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, Иран менен кызматташууну уланта берген европалыктарга Кошмо Штаттардын жазалоочу чараларынын таасири болбошу керек. Бул мыйзам да 7-августта күчүнө кирет.

- “Бөгөт мыйзамы” таңкы 6да күчүнө кирери менен Евробиримдиктеги ишкана ээлерине Кошмо Штаттардын экстратерриториялык санкцияларына байланыштуу чыгымдарын ошол келтирген тараптардан кайтарып алууга жол ачат. Ошондой эле ага байланыштуу бардык чет өлкөлүк сот чечимдеринин таасирин Евробиримдиктин ичинде жокко чыгарат. Андан тышкары Евробиримдиктин жарандарына бул санкцияларды аткарууга тыюу салат, - деди Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Мина Андреева.

Европа Биримдиги - Кошмо Штаттардын жакын өнөктөшү жана тилектеши.

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини жана Франциянын, Британиянын, Германиянын тышкы иштер министрлери Трамптын кадамдарына байланыштуу биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда Иран өзөктүк келишимдеги милдеттемелерин толук сактап келгени белгиленип, мунаса “Европанын, аймактын жана бүтүндөй дүйнөнүн коопсуздугу үчүн чечүүчү мааниге ээ экени” жазылган.

Ирандагы толкундоолор

"АКШ келишимден чыгат экен" дегенден бери эл аралык соода солгундап, чочулоо күчөп, Ирандын экономикалык абалы начарлап кетти.

Доллар дүйнөлүк валюта болгондуктан, "эгер сатылбай калса таңкыстык жаралып, эл аралык соода токтойт" деген чочулоодон улам ага суроо-талап кескин күчөп кеткен.

Натыйжада улуттук акча риал кунун жоготуп, апрелден бери долларга карата эки эсеге арзандаган. Гиперинфляциядан улам жергиликтүү элдин тапканынын берекеси кетти.

Ушундан улам өлкөдө июлдун аягынан бери өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG