Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Коронавирустун эпкини шайлоого жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө жана коңшу өлкөлөрдө коронавирус тез жайылышынан улам Кыргызстанда жергиликтүү шайлоолорду башка мөөнөткө жылдыруу сунушу айтылды.

Дүйнөдө жайылып жаткан коронавирус коркунучунан улам 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоону башка мөөнөткө жылдырууну Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева сунуш кылды.

Ал жугуштуу оорунун алдын-алуу максатында мындай чукул чечим кабыл алуу зарыл деген пикирде:

Гүлнара Журабаева
Гүлнара Журабаева

«Бул менин жеке оюм, - деп түшүндүрдү ал. - Учурда көрүп жатасыңар, өкмөт массалык иш-чараларды чектеп жатат. Шайлоого даярданып жаткан саясий партиялардын үгүт иштери да массалык иш-чарага кирет. Чектөөдөн улам алар эл аз бата турган имараттарда жолугушуу өткөрүп, үгүт жүргүзө беришет. Бирок муну менен элдин ден соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан үгүт иштерин да, шайлоону да жылдыруу зарыл деп эсептейм».

Журабаева мындай сунуш менен Боршайкомдун жетекчилерине оозеки кайрылган. Азырынча бул маселе шайлоо комиссиясынын жыйынында карала элек.

Жугуштуу илдет коркунучунан чочулап турган коомчулукта бул маселенин айланасында дароо ар кыл пикирлер айтыла баштады. Бирок бийликтин шайлоону башка мөөнөткө жылдырууну караштыра элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова азырынча бул маселе талкуулана электигин айтты:

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

«Учурда андай пландар жок. Жергиликтүү шайлоого даярдык график боюнча жүрүп жатат. Бирок коронавируска байланыштуу бир нече чараларды көрүү маселеси каралып жатат. Мисалы, партиялар менен жолугушуп, бир меморандумга кол койсокпу деген план бар. Анда үгүт маалында массалык жолугушуу форматындагы иш-чараларды азайтып, адам менен контактсыз үгүт формаларына көбүрөөк көңүл бургула деген сунуштар камтылат».

Мындай сунуштарды караган БШКнын жыйыны 18-мартта өтөрү дайын болду. Ал эми коронавирусту алдын-алуу боюнча штабдын мүчөсү, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова акыркы эпидемиологиялык кырдаалдан улам шайлоодо коопсуздукту күчөтүү сунуштары болгонун жашырган жок. Анын айтымында, аталган штаб шайлоого байланыштуу чараларды сунуш кылат:

«Сунуш катары каралган. Анткени шайлоо учурунда эл топтолот, жолугушуулар өтөт. Бул боюнча биз өз сунушубузду беребиз. Ал эми БШКнын чечими кандай болот, аны комментарийлей албайбыз».

Той-аштарга тыюу салынып, коомдук жайлар жабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:57 0:00


Кыргызстанда беш шаардык жана 25 айылдык кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленген. Учурда шайлоо өтчү Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлы-Суу шаарларында үгүт өнөктүгү толук жүрүп жатат. Анын алкагында шаардык кеңешке талапкерлер жолугушууларды өткөрүп, өз программасы менен тааныштырууда.

Үч шаарда шайлоого катышып жаткан Кыргызстан Либерал-демократиялык партиясынын теңтөрагасы, депутат Жанар Акаев өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетпесе, шайлоону жылдырууга негиз жок деген пикирде. Бирок депутат БШК жана өкмөттүн сунуштарын аткарууда бардык партияларга бирдей шарт түзүлүшү керек экенин кошумчалады:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

«Албетте, элибиздин саламаттыгы, коопсуздугу кандай гана болбосун шайлоодон, саясаттан жогору турушу керек. Бирок эгер абал коркунучтуу болбосо белгиленген тартипте өтө бергени деле туура. Мисалы, биз азыр өкмөттүн сунуштарын эске алуу менен эл көп чогулткан жолугушууларды уюштурууну токтоттук. Бул жерде бир коркунуч бар. Эгер массалык жолугушууларды чектедик деп, бир-эки гана партияны чектеп, бийликке жакын партияларга шарт түзбөгөндөй болушу керек».

Шайлоого катышып жаткан «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, парламент депутаты Нурбек Алимбеков да шайлоону жылдырууга негиз жок деп эсептейт. Ошентсе да Кыргызстанда вирус жок деп саясий максаттан улам шалаакылык кылуу туура эмес экен айткандар аз эмес. Юрист Канат Мидин уулу пандемия жайылган шартта толук кандуу, адилет шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деп эсептейт:

«Бизде абал жакшы деп эле бейкапар жүрө берген болбойт. Ал кеңири жайылып кетпеш үчүн керектүү эрежелерди сакташыбыз керек. Мисалы, жолугушуулар өтүшү керек, шайлоого катышыш керек. Ал эми бул кырдаал шайлоо принцибине таптакыр туура келбей жатпайбы. Азыр толук кандуу шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес».

Азыркы маалда жер жүзүндө башкы маселеге айланган COVID-19 вирусу 170 миңден ашык адамга жукту. Бул дарттан жети миңдей адам каза болду. Учурда илдет бир катар мамлекеттерге тездик менен жайылууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда 30дан ашык, ал эми Өзбекстанда 11 адам жуктуруп алды. Жугуштуу вирус Кыргызстанда расмий түрдө аныктала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG