Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

Индия: "Новартис" соттон колдоо тапкан жок


Индияда Жогорку Сот рак оорусун дарылоочу дарынын патентин сураган "Новартис" фирмасынын өтүнүчүн четке какты. Сот Гливек деп аталган дары эски дарынын эле жаңыланган түрү деген бүтүмгө келди. Бул чечим жарды өлкөлөрдү арзан дары менен камсыздоого оң таасирин тийгизээри айтылууда. "Новартис" - Кыргызстанда фармацевтика жаатында күжүрмөн иш алып барган фирма катары таанымал.

Калкынын саны бир миллиарддан ашкан Индия дүйнөдөгү дүркүрөп өсүп жаткан фармацевтикалык базарлардын катарына кирет.

"Новартис" «соттун чечими Индияда инновацияларга тоскоолдук келтирет» деген билдирүү таркатты.

"Бул чечим оорулар үчүн жоготуу болуп саналат, анткени таасирлүү дарылоо усулдары жок болгон тапта медициналык прогрессти кыйындатат", - деп ырастады "Новартистин" Индиядагы бөлүмүнүн улук өкүлү Ранжит Шахани.

Ал эми Гливектин арзан түрүн чыгарган индиялык "Сипла" фирмасы тескерисинче соттун чечимин колдоп чыкты.

Индиялык соттун чечими эми бул дарынын бир топ арзан түрүн өндүрүүгө болот дегенди билдирет.

Гливек кан клеткаларын өндүрүүчү жүлүндөгү сөңгөк клеткасынын рагы болгон өтүшкөн миелоид лейкомиясын дарылоодо колдонулат. Бир айлык дарылоо курсу АКШда 2 600 доллар турат. Ал эми Индияда мунун арзан түрүн 100 доллардан аз акчага сатып алса болот.

Индиялык соттун чечими башка өлкөлөр үчүн да чоң мааниге ээ. Индияда жыл сайын 26 миллиард долларга арзан «женерик» дары чыгарылса, анын басымдуу бөлүгү өнүгүп келаткан мамлекеттерге экспорттолот.

"Чек арасыз дарыгерлер" өңдөнгөн уюмдар "Новартис" сотто жеңип алса, дүйнө жүзүндө миллиондогон жакыр оорулардын кендири кесилээрин эскертишкен. Сотто жеңилген швецариялык "Новартис" Кыргызстанга да дары экспорттойт.

Соттун чечими чыккандан кийин "Чек арасыз дарыгерлердин" өкүлү Леена Менга Ханей "Индияда патент берүү уланат, бирок бир эле дарыга бир канча патент алынган караөзгөй практика токтойт" деди.

Соттун чечиминен кийин Бомбей биржасында "Новартистин" Индиядагы бөлүмүнүн акциялары 5 пайызга арзандап, тескерисинче, «женерик» дары чыгарган "Сипла", "Натко" фирмаларынын баалуу кагаздары кымбаттады.

XS
SM
MD
LG