"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Орус армиясы Украинага бомбанын жаңы түрү менен сокку урганы кабарланды. Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кол салуудан кийин мигранттарга каршы билдирүүлөр көбөйдү. Экс-бажычы Райымбек Матраимовго “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен дагы бир айып тагылды.
Сот Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жаза чегерген жок. Ал өкүм күчүнө киргиче абакта калды. Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөргө байланышы бар деген негизде теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов эки айга камалды.
“Крокус Сити Холлдогу” терактка шектелген төрт киши эки айга камалды. Куралдуу кол салууда 137 киши каза болуп, жабыркагандардын саны 180ге жетти. Атайын кызмат издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимов Бакуда экенин,
Орусия Украинанын энергетика тармагына чабуул жасап, өлкө аймагында электр берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланды. Бул арада Орусиянын Белгород шаары да аткылоого кабылды. Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркаган кызматкер кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды.
Прокурор парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, аны жазадан бошотууну сураганы кабарланды. "Ихсандын" үлүшчүлөрү камакка алынган эсептерден акча чыгарылып кеткенин айтып чыкты. Газанын Рафах шаарына абадан сокку уланууда.
Ырчы Аскат Жетигенди сот эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту. Жети айдан бери абакта отурган жазуучу Олжобай Шакирди сот камакта калтырды. Владимир Путин Орусиянын президенти болуп шайланды. Казак президенти Токаев Улуттук курултайда аялдардын бети-башын чүмкөп жүрүүсүнө каршы экенин айтты.
Биринчи Май райондук соту жапырт камалган 11 журналисттин үчөөнү үй камагына чыгарса, калганы тергөө абагында калды. Орусия өз аймагынан 25 дрон атып түшүргөнүн билдирди. Орус армиясы Украинанын аймагына аба чабуулун улантты. Президент Садыр Жапаров ЕАЭБде тоскоолдуктар күчөгөнүн айтты.
Мусулмандардын ыйык Орозо айы бул жолу Газада согуш маалында башталды. Тилкеде жарым миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучуна кабылды. Европадагы журналисттер Бишкекте камалган кабарчыларды бошотууга чакырышты. Кыргызстанда жарыкты пландуу өчүрүү токтогону менен чектөөлөр толук алынган жок.
Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынан беш реаниматолог-анестезиолог бир учурда жумуштан кетти. Алардын төртөө 30 жашка чейинки жаш адистер. Дарыгерлер айлык акынын аздыгынан жана жумуштун көптүгүнөн ушул жолго барган. Бул кырдаал саламаттык сактоо тармагындагы чечилбей келген көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.
Орус президенти Путин Батыш Украинага аскер жөнөтсө кесепети "трагедиялуу" болорун айтып коркутту. Активист Афтандил Жоробековго "бийликти кулатууга чакырык таштаган" деген айып коюлду. Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун ден соолугу кескин начарлап кеткенин адвокаты билдирди.
Парламентте экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамы тууралуу маселе көтөрүлдү. Украин армиясы Авдеевкага жакын эки айылдан чыгып кеткенин ырастады. Беш жыл мурда Кызыл-Омпол кенине байланыштуу чуу чыгып, уран жана торий кендерин казууга мораторий жарыяланган эле.
Ысык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон чет элдик төрт туристтин тек-жайы такталды. Маркумдар тоого лыжа тебүү үчүн чыккан. Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатууну өткөрө турган жай издештирилип жатканы, бирок бийликтин чектө
Кыргызстан “Айкөл - 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын лагерлеринен 99 кишини, анын ичинен 71 баланы, 28 аялды алып келди. Алар кыргызстандык кыз - келиндер жана алардын ошол жакта төрөлгөн балдары.
Кыргызстан “Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы эки лагерден 99 жаранын алып келди. Алардын ичинен 28и аял жана 71и балдар. Акыркы бир жылда ушундай төрт миссиянын алкагында Сириядан Кыргызстанга 400дөн ашык жаран келген.
Бул күндөрү ошондой эле жол жана тротуарлар тайгак болуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайсыздык жаралды. Тийиштүү мекемелер кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө. Кыргызстанда 16-февралдан тарта катуу суук болуп, көп жерлерде калың кар жаады.
Бишкектеги жаңы курулган көп кабаттуу имараттын биринин тургундары дубалга "SOS" деген жазууну илип алып, шаар бийлигинин "мыйзамсыз жашап жатат" деген дооматына нааразылык билдирди. Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу имаратта 60тан ашык үй-бүлө батир сатып алып, жашап жатат.
Атайын кызмат экс-бажычы Райымбек Матраимовдун 3 млрд сомдон ашык кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөнүн билдирди. Украинанын Авдеевка шаары Орусиянын чабуулдарынын негизги бутасына айланды. Орусияда өзбек, тажик жана кыргыз мигранттарынан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы кабарланды.
Караколдогу аскер бөлүгүнүн кызматкери жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо фактыларын, аларга өлгөн малдын эти берилерин айтып чыкты. Украинанын бир катар аймактары Орусиянын жапырт ракета чабуулуна кабылды. Депутаттык комиссия соттолгондорду абактан бошотуудагы коррупциялык схеманы аныктады.
Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровдун соту уланып, ушул тапта отуздан ашык күбө суралды. Түркия бир жыл мурун болгон зилзаланын крмандыктарын эскерүүдө. Жаза аткаруу кызматы абакта каза тапкан коомдук ишмер Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты.
Бишкек жылуулук борборундагы жарылуу 14-отказандын жанындагы көмүрдү майдалаган тегирменде болгону кабарланды. Ошто дарыгерлерди сабаган деп шектелген 33 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы иранчыл топторго каршы операцияларын улантаарын билдирди.
Дагы жүктөңүз