Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Гүлнара Каримова 13 жылын абакта өткөрөт


АКШ.10-сенттябрь. 2010-жыл.
АКШ.10-сенттябрь. 2010-жыл.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын соту бүттү.

Ташкент шаардык соту аны 13 жыл, төрт айга кести. Каримова менен кошо дагы бир нече киши соттолду. Мындай маалыматты Өзбекстандын жогорку соту таратты.

Бюджеттик каражаттарды уурдоого, тоноочулукка, кылмыштуу кирешени адалдоого айыпталган Гүлнара Каримованын жабык соту 18-мартта бүттү.

"Мыйзам талаптарына ылайык, бир нече кылмышка айыпталган Гүлнара Каримованын жаза мөөнөтү 2015-жылдын 21-августунан баштап саналат", - деп айтылат Ташкенттин расмий билдирүүсүндө.

Тергөө учурунда Гүлнара өз эркиндиги үчүн өзбек бийлигине 686 миллион доллар сунуштаган. Бирок Гүлнарага каршы козголгон кылмыш ишиндеги акчанын көлөмү мындан көп.

"Гүлнара Өзбекстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алып берем деген убада менен МТС, "Вымпелком", ING жана башка чет өлкөлүк компаниялардан 1 миллиард доллар пара алган. Өзүнүн кылмыштуу тобунун жардамы менен акчаны чет өлкөгө чыгарып кеткен. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн кымбат баалуу хансарайларды сатып алган. Өзбекстандан чыгарылган 555 млн. доллар Швейцариядагы банк эсебинен, дагы 200 млн. доллар башка өлкөлөрдөгү банктардан табылды. Өзбекстан ошол акчаны өлкөгө кайтарууну көздөп турат", - деп негиздеди тергөө өз дооматын.

Ташкент шаардык соту Каримовадан башка дагы беш кишиге кылмышынын оордугуна жараша 20 жылга чейин жаза мөөнөтүн чегерди. Алар Гүлнара күчүндө турган учурда жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп отурган мурдагы жетекчилер. Айыпталуучулардын ичинен жазага тартуу мөөнөтүнүн эскиргенине байланыштуу эки киши кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын июлунда Каримова беш жылга эркинен ажыратылганын билдирген. Ошол эле 2017-жылы «салык төлөөдөн качкан», «бюджеттик каражаттарды уурдаган», «тоногон», «офшордук компаниялардын документтерин жок кылган» деген айыптар менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ошондо Гүлнаранын биринчи беш, кийинки 10, азыркы 13 жыл, төрт айы кошулуп саналбайт. Анын жалпы жаза мөөнөтү 13 жыл төрт ай болуп чектелди. Гүлнаранын 13.4 ай жаза мөөнөтү 2015-жылдан баштап саналат. Ошондо Гүлнара дагы сегиз жылдан ашуун түрмөдө отурат.

Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара мурдараак атасынын тушунда Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Өзбекстандын Испаниядагы элчиси, Өзбекстандын Москвадагы элчисинин кеңешчиси, Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болгон. Дизайнер жана ырчы катары да белгилүү боло баштаган. Guli деген бренд менен кийимдердин коллекциясын, аялдар үчүн атыр жана англис тилинде ырлар жыйнагын чыгарган.

Бирок 2013-жылы Европа өлкөлөрү чет өлкөлүк телекоммуникациялык компаниялар менен түзгөн ири келишимдеринен шек санап, Гүлнаранын иштерин иликтей баштаган.

2013-жылы Гүлнаранын бизнес империясы толугу менен кулаган. Анын кайрымдуулук фонддору, телеканалдары жана дүкөндөрү биринин артынан бири жабылган.

2016-жылдын сентябрында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 79 жашында көз жумган. Гүлнара атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан жок. Ошол кезде Гүлнара Ташкентте үй камагында жатканы айтылган.

2019-жылдын март айында Гүлнара Ташкенттеги №21 жалпы колонияга которулганы маалым болду. Ошол жылдын август айында Башкы прокуратура Гүлнарага жаңы кылмыш иши козголгонун, ал «мамлекеттик мүлккө кол салган» жана «рейдерлик кылган» деп айыпталып жатканын кабарлаган.

2019-жылдын декабрь айында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кылмыш иши ачылган.

Гүлнаранын кызы Иман Каримова апасы жалдаган беш юристти прокуратура иштин жагдайларын ачыкка чыгарбоо тууралуу кол койдуруп алганын социалдык тармактарга жазып чыккан.

2019-жылдын декабрь айынан тарта, Гүлнаранын Швейцариядагы адвокаты Грегуар Манжанын Өзбекстанга киришине тыюу салынган.

АКШнын Каржы министрлиги 2017-жылдын декабрында эле Гүлнараны "кара тизмеге" киргизген. АКШ бийлиги Гүлнараны эл аралык кылмыштуу синдикат уюштурган деп айыптаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG