Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Гүлнаранын күйөрмандары көлөкөдөн чыкты


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Өзбекстанда шоу дүйнөнүн айрым өкүлдөрү экс-президент Ислам Каримовдун камактагы кызы Гүлнараны күтүүсүздөн эле мактап, анын бошотулушун талап кыла башташты.

Ал мындан алты жыл мурун ошол кезде бийликте турган атасынын каарына калганда, кийинчерээк кылмыш иштери козголуп, эркиндиги чектелип, запкы көргөнү тууралуу даттанганда да эч ким ачык актап-жактап чыккан эмес. Ошондуктан өзбек коомчулугунда Гүлнара Каримовага Шавкат Мирзиёев "ырайым" кылышы ыктымалдыгы батыл айтыла баштады.

"Сагынган, күткөн" ырчылар

Өзбекстанда шоу бизнестин бир катар өкүлдөрү социалдык тармактардагы баракчаларына мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун камактагы кызы Гүлнараны "жакшы көрүшөрүн, анын абактан чыгышын Кудайдан тилешерин" жаза башташты.

Атын ачык атабоону өтүнгөн ташкенттик блогерлердин бири "Азаттыктын" өзбек кызматына президенттик администрациядагы таасирлүү аткаминерлерден социалдык тармактарда катталуучусу көп блогерлерге жана шоу дүйнөнүн өкүлдөрүнө оозеки атайын тапшырма түшкөнүн бышыктады.

Блогер бул атайын өнөктүк экенин, анын максаты "өзбек коомчулугун Гүлнара Каримованын бошогону тууралуу кабарга кулагын эмитен бышыруу, мындай окуянын оң, жакшы кабыл алынышына шарт түзүү" болгонун билдирди.

"Божалар" тобунун ырчысы Жахонгир Позилжанов "Инстаграмдагы" баракчасына Гүлнара Каримованын үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, аны сагынганын билдирди:

"Биз сизди сагындык. Үй-бүлөңүзгө тезирээк кайтып келишиңизди каалайбыз, ден соолугуңуздун чың болушун тилейбиз".

Позилжонов бул билдирүүсүнө Гүлнара Каримова менен кызы Имандын "Инстаграмдагы" баракчасын да тиркеп койду.

Куудул жана актриса Халима Ибрагимова Каримованы күтүүсүздөн эле мактап-жактап, көкөлөткөн, аны айга-күнгө теңегендердин катарында болду.

"Сизди Кудай колдосун. Балдарыңызга кайтып келишиңизди тилейм, ден соолук, күч-кубат каалайм. Сиздин өмүрүңүздү тилегендер көп. Сиз менин кумиримсиз", деп жазды Ибрагимова. Ал да Гүлнаранын сүрөтүн жарыялады.

Халиманын бул билдирүүсүнө анын 1,5 миллиондон ашык катталуучусунун 10 миңи "жакты" деген белги басты. Бирок актриса жазгандарын бир саамдан кийин эле эч түшүндүрмө бербестен өчүрүп салды.

Гүлнара Каримова эркиндикке чыгышы керек деген кайрылууга Шахзода Матчонова, Зиёда, Далер Субхонов, Дильфуза Кадырова өңдүү өзбек шоу-бизнесинин белгилүү өкүлдөрү да үн кошту. Ошондой эле карапайым адамдар да колдоп ой-пикирин айтып жатты.

"Тилеген тилегибиз Кудайга жеткенине миң мертебе шүгүр", "Ура, ал жакында кайтып келет!" деген мазмундагы билдирүүлөр болду.

Журналист жана блогер Каримберди Турамурод "Фейсбуктагы" баракчасына "Гүлнарага боштондук!" деген темада билдирүү калтырды:

"Гүлнаранын акчасын, уюштуруучулук жөндөмүн, билимин жана күчүн өзбек элинин бакубаттыгы үчүн пайдалануу керек. Аны азат кылып, жок дегенде Форумда иштегенге уруксат берүү зарыл. Биз мындан бир айдай мурун эле кечирим берүүгө мүмкүн болбогон адамдарды кечирип, ал тургай батир берип жатканда, кантип эле Гүлнараны кечире албайбыз? Эгер Гүлнарага мүмкүнчүлүк берилсе, өзбек элине бизге караганда пайдасы көбүрөк тиерине ишенем. Ал да аял! Ал да эне! Президенттин кечээги сөзү ага да таандык экенин унутпайлы. Гүлнараны бошотуу зарыл, ал элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кыла аларын далилдегенге мүмкүнчүлүк берилиши керек. Бардык эле эркектерде Гүлнараныкындай кайрат, күч, билим, жөндөм жок. Гүлнарага боштондук", деп жазды самарканддык блогер.

Бирок "Азаттыктын" өзбек кызматы Каримберди Турамурод менен байланышканда "жогору жактан келген буйрук" тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды.

Өзбек ырчы-чоорчуларына, өнөр адамдарына лицензия берген "Өзбек концерт" мамлекеттик мекемесинин айрым өкүлдөрү 25-июнда "Азаттыктын" өзбек кызматынын Гүлнара Каримованын айланасындагы соңку жагдай тууралуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Кээ бири маалыматы жоктугун айтты.

"Биз андай буйрук берген эмеспиз. Буга биздин эч кандай тиешебиз жок. Эгер алар Гүлнара Каримова тууралуу жазса, анда алардын өз эрки, өз пикири да", деди атын атагысы келбеген "Өзбек концерт" мекемесинин кызматкери.

Гүлнара Каримовага байланыштуу Жогорку соттун өкүлү Икром Муслимов учкай комментарий берди. Ал Каримованын ишин кайра кароо тууралуу сунуш-талап келбегенин айтты.

"Гүлнара Каримованын иши боюнча акыркы убакта эч кандай кайрылуу болгон эмес. Анын жана үй-бүлөсүнүн ар кандай каналдар аркылуу таратып жаткан билдирүүлөрү бул - Каримованын жеке демилгеси. Ушул тушта эч кандай расмий кайрылуу каралган жок".

Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа Каримова менен өзбек бийлигинин тымызын сүйлөшүүлөрү тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматынын суроолоруна азырынча жооп бере элек. Жашыруун сүйлөшүүлөр болгонун өткөн аптада Каримованын кызы Иман жазып чыккан эле.

Гүлнара Каримовага өз өлкөсүндө, АКШда жана Европада "коррупция", "арам акчаны адалдоого" байланыштуу айып тагылган. Аны Ташкенттеги сот алгач он жылга эркинен ажыраткан, кийин сот өкүмү жумшарып, жаза мөөнөтү беш жылга азайган. Ушул айдын март айында ал үй камагынан Ташкент облусундагы аялдар абагына которулган.

Ушул жуманын башында Каримованын азыркы президент Шавкат Мирзиёевге кайрылуусун кызы Иман «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялады. Анда Каримова Мирзиёевден «гумандуулук кылуусун» өтүнгөн жана чет өлкөлөрдөгү банктарда сакталып турган 686 миллион доллар акчасынан баш тарта турганын, мурдагыга караганда кыйла өзгөргөнүн билдирген.

«Азыр мени ден соолугум тынчсыздандырат, мага тезинен эки операция жасалышы керек, ошондуктан мен президентке кайрылууга аргасызмын», деп жазылат кайрылууда.

Ал арада Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде алынган 133 миллион долларды Өзбекстанга кайтарып бергени жатат.

«Алты жылдан бери аягына чыкпай келаткан татаал кылмыш ишин тергөөдө Башкы прокуратура Өзбекстанда иш кылууну каалаган чет өлкөлүк компаниялардан ири суммада мыйзамсыз акча алган схема болгонун аныктады. Ал каражаттар чет өлкөдө, тактап айтканда Швейцарияда адалданган. Ошондуктан камакка алынган каражаттар Өзбекстанга кайтарылат», деп жазылат башкы көзөмөлдөөчү органдын расмий сайтында.

Швейцарияда Гүлнара Каримовага байланыштуу кылмыш иши 2012-жылы козголгон. Анын банктагы эсебиндеги 784 миллион доллар камакка алынган. Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда өзбек өкмөтү бул акчаны кайтарып алууга бир канча жолу аракет кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG