Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Германия-Түркия: Гүлен талашы


Ангела Меркел жана Режеп Тайып Эрдоган сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында. Берлин, 28-сентябрь, 2018-жыл.
Ангела Меркел жана Режеп Тайып Эрдоган сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында. Берлин, 28-сентябрь, 2018-жыл.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Германияда ушул аптадагы мамлекеттик сапары учурунда диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы же расмий Анкара атагандай, ФЕТО маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Бирок расмий Берлин түрк бийлигинин бул кыймылды “террорчу уюм” катары таанып, анын жактоочуларын экстрадициялоо мүдөөсүнө көнгөн жок. Бул үчүн жетиштүү далилдер зарылдыгы айтылды.

Түркия президентинин Германияга бул жолку мамлекеттик сапары эки өлкөнүн алака-катышы акыркы жылдары сууй түшкөн маалга туш келди.

Берлин менен Анкаранын мамилеси негизинен Эрдогандын авторитардык башкаруусу күчөгөнүнө жана Түркиянын 2016-жылдагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки масштабдуу жазалоо чараларынан улам бузулган.

Германия Түркиядагы укук бузууларды, анын ичинде немис жарандарынын камакка алынуусун кескин сынга алып жүргөн. “Ассошейтед пресс” агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, Германия жалпысынан Түркияда анын 35 жараны саясий жүйөдөн улам абакка түштү деп санайт:

- Биздин мамиледеги акыркы жылдардагы терең пикир келишпестиктер бүгүн дагы бар. Бул негизинен мыйзам үстөмдүгүнө, басма сөз эркиндигине байланыштуу болду. Кээ бир конкреттүү маселелер чечилип, кээ бир адамдар эркиндикке чыкканына биз кубанычтабыз. Бирок Германиянын айрым жарандары али камакта отурат. Биз Түркия ФЕТО уюму боюнча берген маалыматтарга өтө олуттуу мамиле кылабыз. Бирок биз ага тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы - ПКК сыяктуу аныктама беришибиз үчүн көбүрөөк материал талап кылынат. Ал эми экстрадиция боюнча конкреттүү өтүнүчтөргө келсек, тиешелүү мекемелер иштөөдө. Кээ бир учурларда биз ал адамдарды Германияда ушул күнгө чейин издеп жатабыз, бирок башка учурлар боюнча биз атүгүл ал адамдар Германияда бар-жогун билбейбиз, - деди немис канцлери Ангела Меркел түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында.

Ангела Меркел жана Режеп Тайып Эрдоган. Берлин, 28-сентябрь, 2018-жыл.
Ангела Меркел жана Режеп Тайып Эрдоган. Берлин, 28-сентябрь, 2018-жыл.

Эрдоган болсо мамлекеттик сапарын утурлай немистердин "Frankfurter Allgemeine Zeitung" гезитине курган маегинде Берлинди Фетхулла Гүлендин кыймылын “террорчу уюм” катары таанууга чакырса, кийин анын жактоочуларын Түркияга экстрадициялоого үндөдү:

- Бул жерде Фетхулланын террордук уюмуна байланышкан жүздөгөн мүчөлөрү бар. Биздин чалгын кызмат, Германиянын чалгын кызматы, эки тарап биргелешип, бул адамдарды өзүнө бекем ишенип туруп эле камай алышат. Мындай жагдай биздин ишти кыйла жеңилдетмек. ПКК террористтик уюм деп табылгандай эле, андыктан бул уюмду да мына ушинтип таанып коюу жеңил эле болот. Бул нерсе ишке ашса биздин эки мамлекеттин тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн өтө маанилүү иш болмок, биздин эки өлкөнүн ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо жөнүндө келишим бар,-деди Эрдоган.

Ал Меркел менен басма сөз жыйыны учурунда журналист, секулярдык “Жумхриет” гезитинин мурдагы башкы редактору Жан Дундарды бөлүп көргөздү. 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетине чейин эле Германияга качууга аргасыз болгон Жан Дундар мекенинде Түркиянын Сириядагы аскерий операцияларына байланыштуу мамлекеттик сырды ачыкка чыгарды деген айып менен беш жыл он айга абакка кесилген.

Жан Дундар - Түркия Германиядан өткөрүп алгысы келген журналист. Берлин, 28-сентябрь, 2018-жыл.
Жан Дундар - Түркия Германиядан өткөрүп алгысы келген журналист. Берлин, 28-сентябрь, 2018-жыл.

Түрк тараптын талабы менен Берлиндеги басма сөз жыйынга катыштырылбаган Жан Дундар өзү жана анын жактоочулары кылмыш ишинин саясий жүйөсү бар деп эсептешет.

Түркиянын өкмөтчүл “Yeni Asir” басылмасынын 28-сентябрда жазганына караганда, Эрдогандын сапары учурунда Анкара Берлинге алар “террорчу” деп санаган жана Германиядан өткөрүп алууну көздөгөн 69 адамдын тизмесин берген.

Меркел менен Эрдогандын пресс-конференциясынын жүрүшүндө төшүнө Түркияда басма сөз эркиндигин талап кылган ураан жазып алган түрк журналистти коопсуздук кызматтары күч менен чыгарып салышты.

Түркия президентинин Германияга келишине каршылардын Берлиндеги демонстрациясы. 28-сентябрь, 2018-жыл.
Түркия президентинин Германияга келишине каршылардын Берлиндеги демонстрациясы. 28-сентябрь, 2018-жыл.

Эрдогандын сапары учурунда Берлинде ага каршы топтор менен уюмдардын нааразылык акциялары, ошондой эле түрк президентинин саясатын колдогон германиялык түрк жамааттын демонстрациялары да өтүп жатты.

Немис парламентинде авторитардык башкаруу ыкмасына өткөн Түркия президентинин мамлекеттик сапарынын, аны кызыл килем төшөп тосуп, мамлекеттик сый-тамак берүүнүн тууралыгы боюнча талкуулар да жүрдү:

- Эрдоган Германияга биздин өлкөгө жакшы көрүү сезими капыстан эле кайра ойгондон эмес, аргасы куруп, акчага, биздин экономиканын инвестициясына муктаж болгондон улам келди. Түркиядагы экономикалык кризистин, инфляциянын курмандыктарынын баары карапайым тургундар. Биз Эрдогандын саясаты кандай болбосун Германиядагы демократтар Түркиядагы пикирлештерине дайыма тилектеш экенин ачык көргөзүүбүз абзел. Биз аларды эркиндик, демократия, адам укуктары, Европа үчүн иштешсе, жалгыз калтырбайбыз, - деди “Альянс 90/Жашылдар” деп аталган партиянын тең төрагасы Жем Өздемир парламенттеги сөзүндө.

Түркия президентинин Германияга мамлекеттик сапары Анкаранын АКШ менен мамилеси бузулуп, өлкө валюта кризисине кабылгандан кийинки учурга туш келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG